Дүйнөнү дүңгүрөткөн "Түбөлүктүү сүйүү" ("Kara sevda") тасмасында башкы каармандын ролун аткарган актриса Неслихан Атагүл келбетине өзгөчө көңүл буруп, тамакты мүнөздөп жеп, йога менен машыгат. Неслихан атагы артып турса да кымбат баалуу кийим, гаджеттерге кызыкпайт.
Туулган жылы, күнү – 1992-жыл, 20-август
Туулган жери – Түркия, Стамбул шаары
Бою – 169 сантиметр
Салмагы – 56 килограмм
Кесиби – Актриса жана модель
Тартылган тасмалары – "Биринчи сүйүү", "Күзгү жалбырактар", "Жашоо улана берет", "Стамбулдун эки жүзү", "Түбөлүктүү сүйүү" жана башка
Үй-бүлөлүү
КИНОГО ӨСПҮРҮМ КЕЗИНДЕ КЕЛГЕН
Неслихандын ата-энеси мегаполистин жөнөкөй жашоочулары, атасы айдоочу, апасы көпчүлүк түрк айымдардай эле үй кожойкеси (атасы быйыл дүйнө салды).
Болочоктогу актриса сериалдарды кууп көрүп, актрисаларды туурап киного тартылгысы келчү. Атагүлдүн карьерасы модель болуудан башталган. 13 жашында "Биринчи сүйүү" аттуу тасмага тартылып, жергиликтүү кинофестивалда "Келечектен көптү үмүттөндүргөн актриса" наамына арзыган. Актрисалык дареметин көргөн киносынчылар Неслиханды бир ооздон келечекте башкы ролго татыктуу актриса болот деп жоромолдошкон. Алар чынында жаңылышкан эмес.
АКТРИСАНЫ ДҮЙНӨГӨ ТААНЫТКАН "ТҮБӨЛҮКТҮҮ СҮЙҮҮ" СЕРИАЛЫ
Неслихандын аталган сериалдагы каарманы бир учурда периште жана азезил. Анын каарманынын милдети – телекөрүүчүлөргө ийгиликтүү, бай адамдардын да көйгөйү бар экенин, көпкө күттүргөн бакытка тоскоолдуктар аркылуу жетерин көрсөтүү эле. Көрүүчүлөр анын сүйүүсүнө күбө болуп, ал ыйласа ыйлап, күлсө кошо күлүп келишет. Өнөктөшү Бурак Өзчивит менен сүйүү түбөлүктүү болорун далилдеп, сериалдын планында жок 2-сезонун тартууга түрткү болушкан. Эң башкысы, бул сериал сулуулугу менен таланты жуурулушкан Неслиханды дүйнөгө таанытты.
Белгилей кетсек, актрисанын жигити Кадир Догулу аны Бурактан кызганып тартуу аянтчасында кошо жүргөн. Бул тууралуу Бурак: "Кадир менин досум, экөөбүздүн ортобузда эч кандай түшүнбөстүктөр жок",- деп жооп берген. Ал эми өз кезегинде Кадир Твиттердеги баракчасына: "Ал ушундай өзүн сүйгөн адам экен, бул абдан коркунучтуу",- деген жообун узаткан. Буга Бурак таарынып, түгөйлөрдүн үлпөт тоюна барбай койгон.
СҮЙҮҮСҮН ЭКРАНДАН ТАПТЫ
Көк көзү менен популярдуу болгон түрк актрисасы Нургүл Йешилчайды басып өтүп, Неслихан учурдагы түрк киносунун бермети атыгып жаткан кези. Жаш актрисанын жеке жашоосу да ийгиликтүү болду. "Стамбулдун эки жүзү" сериалы Неслиханды болочоктогу жолдошу Кадир Догулу менен жолуктурат. Тасмада сүйүктүүлөрдү ойногондор сезимдерин сериалдан тышкары да улантып, 2 жыл кыз-жигит болуп жүрүп быйыл 9-июлда баш кошушкан. Кадир ар бир маегинде "Неслихан жашоомдун маңызы жана эң керектүү адамым" деп айтуудан тажабайт. Ал эми Неслихан "эгер ишенич болбосо, анда сүйүү да өчөт. Эч качан күмөн санаган адам менен болбо" деп айтып келет.
"КАСАПЧЫЛЫККА КЫЗЫГАМ"
"Мен эркектердин акылына көңүл бурам, калганы анча маанилүү эмес. Эгер мен бир гана аны көргүм келип, жанында болууну кааласам, анда башымды жоготуп сүйүп калганыман кабар берет".
"Мен дайыма туура кадам таштаганга аракет кылчумун. Себеби кылган ишиме кийин өкүнгүм келчү эмес. Дайыма жакшы жыйынтыкка жетип, артка кылчайып өзүм менен сыймыктангым келет".
"Эч качан атак-даңкты сүйгөн эмесмин. Мен бир гана апам мени менен сыймыктанышын каалайм".
"Актриса болбой калсам, касапчы болмокмун. Мага бул жумуш кызыктуу сезилет".
Динара Абдыкадырова
star@super.kg