ЗАМАНБАП СӨЗДҮК

КООМДО
Коворкинг
(англисче "Co-working" сөзүнөн бизче которгондо "чогуу иштешүү", "кызматташуу" дегенди билдирет) кененирээк мааниде – коомчулукта ар кандай кесиптеги адамдардын биргеликте иштешүүсү. Бул нерсенин жакшы жагы жаңы бизнес же жеке жумуш баштаган адамдар үчүн пайдалуу болуп, кеңсеге көп ижара акы төлөгөнгө караганда коворкинг ыкмасын пайдаланып, иштегенге керектүү интернет, диван, компьютер сыяктуу керектүү буюмдары бар офистен өзүңүзгө ылайык иш столун ижарага алсаңыз арзан түшөт. Тарыхына кайрылсак, алгач 2005-жылы америкалык программист Брэд Ньюберг өзүнүн иш ордун офисти ижарага алуу менен баштап, коворкингге негиз салып берген.

МОДАДА
СмартВотч
(англисче "Smartwatch" бизче "акылдуу саат" деп которулат) бул саат азыркы учурдагы эң популярдуу саат болуп саналат. Себеби ал аркылуу сүрөт көрүп, радио угуп, аны телефон катары да пайдаланса болот. Смарт сааттары алгачкы компьютерлештирилген кол саат болуп саналат жана ага кеңейтилген функциялар жүктөлгөн. Ага блютуз кызматы киргизилген. Алгач ушул сыяктуу кол сааттарга калькулятор менен оюн функциялары киргизилген болчу. Мындай кол сааттар жөн гана убакыт билүү үчүн эле эмес, кошумча кызматтары үчүн модага айланып, көп колдонулуп жаткан учуру.

СПОРТТО
Скайдайвинг
– парашют спортунун бир түрү. Бул кадимки парашют спортунан спортчунун жерге жакын калганда парашютту ачуусу менен айырмаланат. Экстремалды жактырган айрым спортчулар үчүн парашютту жерге жетейин дегенде ачуусу аларга ырахат тартуулайт. Бирок скайдайверлердин арасында парашюту жок секиргендер да чыгууда. Үстүбүздөгү жылдын 31-июлунда АКШнын Калифорния штатынын 42 жаштагы тургуну Люк Айкинс 7,6 чакырым бийиктиктен парашюту жок секирип, жерге ийгиликтүү түшкөн. Экстремал жашоону каалагандар үчүн скайдайвинг спорт түрү көпчүлүктүн хоббисине айланып бара жаткан учуру.

Бектур Токтоноев
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 721, 26-август-01-сентябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан