ИНТЕРНЕТ МУУНДАРЫ ЖЕ "G" КЫЗМАТЫ ДЕГЕН ЭМНЕ?

Телефондун негизги кызматы адамдарды байланыштыруу болсо да акыркы убакытта интернет аркылуу бири-бири менен байланышкан колдонуучулар көбөйүүдө. Ошондон улам Кыргызстандагы уюлдук операторлор да биринин артынан бири жарнамалап жаткан "G" интернет кызматы көп оозго алына баштады. Биз сиздерге ошол "G" белгиси жана алардын өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат бермекчибиз.

"G" ДЕГЕН ЭМНЕ?

Биринчи мааниси "G" же "GPRS" – бул жалпы пакеттик радиобайланыш кызматы (англис тилинде General Packet Radio Service). Ал эми экинчи мааниси "муун", англисче "generation" деп аталып, ар бир муунга "G" белгиси коюлган.

1G
Алгач бул кызмат 1970-жылдары 1G аталышында иштелип баштап, 1984-жылы ишке киргизилген да, эң жөнөкөй интернет кызматтарын аткарган. Бул кызмат аналогдук, стандарттык кызмат аткарып, үн кабарларын жеткирген. Анын ылдамдыгы секундасына 1,9 Кбит болгон. Бул интернет ылдамдыгынын биринчи мууну эле.

2G
1980-1991-жыл­дар аралыгында 2G интернет ылдамдыгы пайда болгон. Анын өзгөчөлүгү 1G’га караганда ылдам болуп, жаңы санариптик стандарт, кыска билдирүүлөр үчүн колдоо киргизилген. Анын ылдамдыгы секундасына 9,6-14,4 Кбит болгон. Уюлдук телефондун экранына Е белгиси чыкканы бул кызмат иштеп жатканын билдирет.

2,5G
Ал эми 1985-1999-жылдары жаңы ылдам­дыктагы 2,5G кызматы ишке киргизилген. Анын өзгөчөлүгү – маалымат топтому жакшырып, экинчи муун тармагы кыйла өнүккөн. Интернет ылдамдыгы секундасына 115 Кбиттен (1 фаза) – 384 Кбитке (2 фаза) жеткен.

3G
Бул баскыч өзүнө 1990-2002-жыл-­дарды камтып, бул убакыт ичинде интернет ылдамдыгы дагы жогорулаган. Секундасына 3,6 Мбитке жетип, пайдалануу бир топ жакшырган. Бул кызмат иштегенде телефон үлгүсүнө карап дисплейде 3G, 3,5G, Н, Н+ белгилери чыгып турат.

3,5G
Кийинки кызмат 3,5G интернети 3G’ны толуктоо максатында ишке киргизилген. Ылдамдыктын тездеши үчүнчү муундун пайдасын арттырган. Секундасына ылдамдык 42 Мбитке жетип, ал 2000-2007-жылдары кызмат кылган.

4G
Интернеттин бул мууну азыркы мезгилге туш келип, 4G учурда эң популярдуу болуп жаткан кези. Ал кызматты Кыргызстандагы бир топ уюлдук операторлор пайдаланып, өз кызматтарын кардарларга сунуштап жатышат. Мындай ылдамдыкта интернетти пайдалануу бир топ ыңгайлуу жана пайдалуу. 4G’нын түптөлүп, пайдаланууга берилүүсү 2000-2010-жылдарга туура келет. Анын ылдамдыгы секундасына 100 Мбиттен 1 Гбитке чейин жетет деп айтылганы менен, иш жүзүндө анын жарым ылдамдыгына да жетпейт. Кошумча кызматтары катары жогорку жөндөмдүүлүк, IP – багытталган тармак жана заманбап колдоолорду айтсак болот. 4G кызматын пайдаланганда телефон үлгүсүнө карап биз телефонубуздан көп көргөн LTE, L, 4G жана 4G LTE белгилери экранга чыгып калат.
Бирок адистер муну менен гана чектелбестен, жакынкы арада, тагыраагы 2020-жылга чейин 5G интернетин сунуштоо үстүндө иш алып бара жатышат. Кытайдын "HuaWei" компаниясы интернетти секундасына 10 Гбитке ылдамдатуу үчүн 600 миллион доллар жумшамакчы.

Бектур Токтоноев
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
TEHTEK_Bala
2016-08-29 09:04:42
Жакшы маалымат экен
+1
fanatkg
2016-08-29 11:12:15
Биз техникадан ошондо 15жыл артта экенбиз.
0
rawid
2016-09-04 19:27:13
Ошол ылдамтаткан 600мл долллллурлу 6 милли секндта таап алат тан каларлык жери жок
0
elmurat.kg
2016-10-20 18:11:10
а биз болсо 20жыл артта экенбиз
0
№ 721, 26-август-01-сентябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан