ТУЗДАЛГАН ПОМИДОР ЖАШТЫКТЫ УЗАРТАТ

Бир жолу дасторконума ыраазы болуп, конокторду ойдогудай сыйлаганымды эч унутпайм. Кыш мезгили эле. Дасторконду карасам дээрлик бардык тамак-аш кышка деп даярдалган экен. Туздалган помидор, бадыраң, салат, компот, кыям... Келгиле анда, үйдөгүлөрдү жана конокторду ыраазы кылуу үчүн сиздер менен чогуу кыш камылгасын көрүп, жашылча туздайлы.

ТУЗДАЛГАН БАДЫРАҢ
(классикалык түрү, 3 литрлик банка үчүн)

Керектелүүчү азыктар:

  • Бадыраң – 1 килограмм 800 грамм
  • Болгар калемпири – 2 даана
  • Сарымсак – 5-6 тишче
  • Лавр жалбырагы – 3 даана
  • Тоголок кара мурч – 10 даана
  • Укроп – 2 тал
  • Туз – 3 аш кашык
  • Кумшекер – 1-2 аш кашык
  • Уксус (9%) – 1 аш кашык

Бадыраңды таза жууп, муздак сууга 5-6 саат чылап коюу керек. Калган жашылчаларды таза жууп, банкага сала берүүгө болот.

ТУЗДАЛГАН КАБАКЧА
(1 литрлик банка үчүн) Кабакча (калыңдыгын 2-3 сантиметрден кылып узунунан да, туурасынан да кессе болот) – 0,5 килограмм

Керектелүүчү азыктар:

  • Укроп – 3 тал
  • Сарымсак – 4-5 тишче
  • Ачуу калемпир – 1 даана
  • Туз – 1 аш кашык
  • Кумшекер – 0,5 чай кашык
  • Уксус 9% – 0,5 чай кашык

БАНКАДАГЫ БАКЧА
(1 литрлик банка үчүн)

Керектелүүчү азыктар:

  • Кызыл помидор – 200 грамм
  • Сары помидор – 150 грамм
  • Болгар калемпири – 2 даана
  • Ачуу калемпир – 1 даана
  • Пияз – 1 даана
  • Гүлдүү капуста – 100 грамм
  • Лавр жалбырагы – 2 даана
  • Райкан – 1 тал
  • Петрушка – 2 тал
  • Туз – 1 аш кашык
  • Кумшекер – 0,5 чай кашыкУксус (9%) – 0,5 чай кашык

БАДЫРАҢ КАРАГАТ МЕНЕН
(3 литрлик банка үчүн)

Керектелүүчү азыктар:

  • Бадыраң – 1 килограмм 600 грамм
  • Карагат – 150 грамм
  • Сарымсак – 3 тишче
  • Ачуу калемпир – 1 даана
  • Карагаттын жалбырагы – 5 даана
  • Укроп – 3 тал
  • Туз – 3 аш кашык
  • Кумшекер – 2 аш кашык
  • Уксус (9%) – 1 аш кашык
  • Кара тоголок мурч – 1 аш кашык

ТУЗДАЛГАН ЖАШЫЛЧАЛАРДЫН ПАЙДАСЫ ЖАНА ЗЫЯНЫ

Туздалган жашылчалардагы витаминдердин 70 пайызы сакталат.

Туздалган помидордун курамында жаңы үзүлгөнүнө караганда ликопин заты 3 эсе көп болот. Аталган зат картаюу менен күрөшүп, жаштыктын кармалышына жардамчы болот.

Туздалган жашылчалар гастрит жана ашказан жарасы менен жабыркагандарга болбойт. Ооруну күчөтүп жибериши ыктымал.

ТУЗДОО ЫКМАСЫ:

Берилген рецепттер бирдей жол менен туздалат.


Көлөмү кичине, жарылбаган жашылчаларды тандап, баарын таза жууп алыңыз.


Банканын оозу бүтүндөрүн алып, ысык сууга сода кошуп жууңуз.


Банканы, капкакты кайнап жаткан сууга 10-15 мүнөт кармап, буулайсыз.


Банканын түбүнө алгач көк чөптөрдү тизесиз.


Керектелүүчү азыктарды банканын моюнуна чейин тизүү зарыл.

.
Кайнап жаткан сууну банкага толтура куюп, капкагын жаап 15 мүнөт коёсуз. Капкактын 2 кабыргалуусун (сүрөттөгүдөй) тандаңыз.


Банкадагы сууну төгүп, кайрадан кайнаган суу куюп, аны да 15 мүнөттөн кийин төгөсүз.


3-жолу кайнаган суу куюп, туз, кумшекер, татымалдарды, уксус кошуп банканын оозун бекитесиз.


Жабылган соң банкаларды көмкөрүп, үстүн жылуулап жаап, 1-2 күн коюңуз.

Сүйүн Кулматова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
belka
2016-08-29 12:38:46
Огурцыларым мурда хрустящие болуп сонун туздачумун,эки-уч жылдан бери окшошпой жатат(((. Баары унутчаактыгымын айынан,бир жасаган нерсеми эч эстеп кала албайм.
+1
sumaikaa15
2016-08-30 20:43:25
Банкадагы бакча дегени соонун экен
0
s.sweet
2016-09-01 12:00:20
админ.пияз себуу боюнча маалымат берип койгулачы
0
kutkeldisulu
2016-09-03 16:31:23
кок памидорду кантип иштетсе болот мисалы кышкыга сактап берек эле турат кантип кылышды билбей атам жардам берип коюнуздарчы
0
timaika9195
2016-09-12 17:26:01
kutkeldisulu,kok pomidordu tuzdasa kyzkyga en sonun azyk bolot plov j.b koiuu tamaktar m.n jegenge. kok pomidordu terip tza juup butun boidon. kaalasanyz arasyna badyran je kok bolgar kalempirin kowup kadimki badyran tuzdagandai kylyp bankaga tuzdaisyz. kaalasanuz jasaluu jolun aityp berem.
0
№ 721, 26-август-01-сентябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан