Өмүрбек Текебаев, Жогорку Кеңештин депутаты: "АТАМБАЕВ БИЙЛИКТЕН КЕТПЕГЕНГЕ АРАКЕТ КЫЛУУДА"

2020-жылга чейин кол тийгис болуш керек деп атайын Убактылуу өкмөт кабыл алган декрет менен корголгон Конституция бийлик бөлүшүү үчүн кайра өзгөрүүгө дуушар болгону турат. 2010-жылы кыргыз коомчулугунун көп катмарын камтыган кеңири кеңешме тарабынан иштелип чыккан Баш мыйзамды түзүүчүлөрдүн бири Өмүрбек Текебаев буга каршылыгын билдирип, көшөгө артындагы оюндарды коомчулукка ачык айтып баштады.

"АКАЕВ, БАКИЕВ БИЙЛИГИНЕН ДА ЖАМАН АКЫБАЛГА БАРЫШЫБЫЗ МҮМКҮН"

- Элге бирди айтып, иш жүзүндө жеке адамдардын кызыкчылыгын көздөгөн өзгөртүүлөр жакшылыкка алып келбесин биздин 25 жылдык тарыхыбыз көрсөттү. Кыргызстандын эле эмес, коңшу өлкөлөрдүн тарыхында да Конституцияны өзгөртүү президенттердин бийлигин узартуу жана чыңдоо үчүн гана өткөрүлүп келет. Карапайым адамдын кызыкчылыгында референдумдар сейрек гана өткөрүлөт. Бүгүн Атамбаев сунуштап, бир топ депутаттар колдоп жаткан өзгөртүүлөр бизди 2010-жылга кайра алып барат. Муну эски режимдин реставрациясы десек болот. Бүгүнкү Конституциянын келишкис сынчылары "Конституцияда жоопкерчилик каралган эмес, эч ким эч нерсеге жооп бербейт" дешет. Бирок Конституцияда жоопкерчилик каралган. Ал саясий жана кылмыш жоопкерчилиги. Болгону 2 жоопкерчилик. Саясий жоопкерчилик – начар иштеген партия шайлоодон өтпөй калат. Начар иштеген өкмөттү парламент отставкага кетириши мүмкүн. Эгер өкмөт кылмыш кылса, парламентке да, өкмөткө да көз карандысыз Башкы прокуратура сот жообуна алып бара алат. Бул кылмыш жоопкерчилиги. Мына ушул 2 көзөмөл реалдуу болуш керек. Эгер ушул жоопкерчиликтин, көзөмөлдүн 2 түрү кагаз жүзүндө эле калса, иш жүзүнө ашпаса, анда бул авторитаризмдин белгиси. Акаевдин, Бакиевдин убагында кагаз жүзүндө демократия бар болчу. Бирок реалдуулукта мамлекетти президенттин жакындары башкарып калышкан. Атамбаев бүгүн "өкмөттү бекемдейбиз" деген жакшы ниетти айтканы менен, иш жүзүндө өкмөттү көзөмөлдөн сыртка чыгарып коюп жатат.

"ЭСКИ ЗАМАНГА ЖОЛ ЖОК"

- Эгер азыр өкмөттү 61 депутат кызматтан ала алса, Атамбаевдин сунушунан кийин 80 добуш менен ала алат. Бул иш жүзүндө өкмөттү эч ким ала албайт дегенди билдирет. Өкмөттүн колунда акча бар, кадр саясаты бар, милиция, УКМК бар. Ал өзүн-өзү коргой алат. Атып алат (коркутуп алат дегеним) же сатып алат, бул деген депутаттардын бизнесине жардам берет, урук-тууганын кызматка коёт. Ошону менен депутаттардын бир бөлүгүн көзөмөлгө алат. 80 добуш менен эң коррупцияланган өкмөттү да ала албай каласың. Атамбаев сунуш кылып жаткан өзгөртүүлөргө ылайык, прокуратура иш гана козгой алат экен. Тергөөнү өкмөттүн өзүнө берет. Бул деген өзүңдү-өзүң тергеп, ишти жаап кой дегендик. Өкмөт жоопкерчиликтен, парламенттин жана Баш прокуратуранын көзөмөлүнөн иш жүзүндө чыгып кетет. Президент бизде бир мөөнөттөн ашык болбосун деген чектөө бар. Мурда 2 мөөнөттөн ашпасын деген чектөө болчу. Андай чектөө премьер-министрге жок. Отуз-кырк жыл бир адам премьер-министр болуп отура алат. Эгерде бүт баарын ээлеп алган болсо, шайлоону административдик ресурсту колдонуп каалагандай өткөрүп алса болору айдан ачык. Бийликтин партиясы Өзбекстан, Тажикстандагыдай шайлоодо тынымсыз ута бере турган болот. "2010-жылы биздин азаматтар ушул үчүн курман болушкан эмес, эски заманга жол жок!" деп Атамбаевдин сунушуна каршы чыктык. Дагы бир жакшы маани берүүчү, кооптуу жагдай – Конституциялык сотту жоюп, жалпы юрисдикциядагы сотторду президенттин аппаратынан көз каранды кылып койгону жатышат. Бул деген сот тарабынан бай адамдарды, аткаруу бийлигин көзөмөлдөө жоголот дегендик. Мындай өзгөртүүлөр кирсе, биз Акаев менен Бакиевдин убагынан да жаман акыбалга барышыбыз мүмкүн.

"ПРЕЗИДЕНТТИН ТОКТАЙЫМГА ИШИ ТҮШСӨ, АБАЛЫ ЧАТАК ЭКЕН"

- Бүгүн прогрессивдүү көпчүлүк Атамбаевдин сунушуна каршы болуп жатат. Ачыктан-ачык Конституцияга каршы чыгып, Атамбаевди колдогон саясий күчтөр дээрлик жок. Ошон үчүн өкмөттүк, президенттик аппараттан көз каранды гезиттер саясий обончу Токтайым Үмөталиева деген аялдан интервью алып, бүгүнкү Конституцияны жамандап "өзгөртүү керек" деп айттыртып жатат. Аттуу-баштуу эч ким колдобой, Атамбаевдин күнү Токтайымга түшүп отурат. Атамбаевдин жанында эмне деген алп адамдар бар эле? Роза Отунбаева, Темир Сариев, Болот Шер... Бүгүн алардын бири жок. Бүгүнкү Атамбаевдин кейиштүү абалы мага бир анекдотту эске салды. 1942-1943-жылдары Жумгалда бир буту чолок, бир көзү көр, бүкүрөйгөн чал жашаптыр. Бир ирет ага аскер комиссариатынан чакыруу келет. Аны алып кемпирине барып: "Стакемдин (Сталиндин) мага күнү түшүп калганына караганда абалы чатак окшойт. Кой, барбасам болбойт",- деген экен. Токтайымга күнү түшсө, президенттин абалы да чатак экен.

"АЖЫДААРДЫН ДАРЕГИ ГАНА ӨЗГӨРӨТ"

- Фарид Ниязов "Атамбаев жакшы болгон үчүн Кыргызстан кармалып турат, башка адам ажыдаарга айланып кетмек" деп жатат. Атамбаев бүгүн сунуштары менен "президент эмес, бийликте премьер болот. Анын бийлигинде чектөө жок болот, Ак үйдө эмес, өкмөт үйүндө отурат" деп ажыдаардын дарегин гана өзгөртүп коюп жатат. Атамбаевдин кылган аракеттерин байкап көрсөк, ал иш жүзүндө бийликтен кетпегенге аракет кылууда. Польшанын Качиньский деген лидерин мисалга келтирели. Бүгүн бүт Европа Качиньскийди "Польшада диктатор болуп алды" деп айыптап жатышат. Ал бир да мамлекеттик кызматта эмес, президент да, премьер да эмес. Болгону партиянын лидери, бирок бийликке өз адамдарын коюп алып катаал бийлик жүргүзүүдө. Кыргызстанда реалдуу бийликке ээ болуу үчүн мамлекеттик кызматка ээ болуш сөзсүз эмес. Акаевдин күйөө баласы Адил Тойгонбаев, балдары, аялы Майрам апчебиз, Бакиевдин Максим, Мараты, инилери эч кандай мамлекеттик чоң кызматта болгон эмес. Бүгүнкү президенттин айланасындагы мурунку жардамчылары, жакын адамдары чоң кызматтарда эмес, бирок иш жүзүндө мамлекетти башкарып жатышат. Ошентип премьер-министрликти парламенттин көзөмөлүнөн чыгарып, прокурордун колу жеткис кылып, түшпөс хан кылып, партия аркылуу Атамбаев реалдуу бийлигин сактап калуу аракетин кылып жатат. Мен муну "саясий реинкарнация" деп атадым. Реинкарнация деп өлгөн адамдын башка денеде жашоосун улантканын айтабыз да...

"КОНСТИТУЦИЯНЫ ӨЗГӨРТПӨӨ – БИЗДИН ТАРЫХЫЙ УБАДАБЫЗ"

- Убагында Убактылуу өкмөттүн бардык мүчөлөрү Баш мыйзамдын долбоорун жактырып, кол коюшкан. Бир күндө, бир айда эмес, бир нече жыл талкуулап жүрүп ушул пикирге келгенбиз. Бүгүнкү Конституция өзүнүн негизги милдетин, шайлоо жолу менен бийлик алмаштыруу милдетин ийгиликтүү аткарып келе жатат. Эки жолу парламенттик шайлоо өтүп, өкмөт алмашты. Бир жолу мамлекет жетекчиси алмашты. Келерки жылы да алмашканы турат. Бирок Конституция өзүнүн бүт мүмкүнчүлүгүн, потенциалын ача элек. Кыргызда "он гүлүнүн бири ачыла элек" деп коюшат го. Жаңы саясий систем иштеш үчүн жаңы адамдар керек, жаңы саясий элита керек, жаңы саясий маданият керек. Ал бир күндө пайда болбойт. Муну кыргызда "жакшы болуш аста-аста, жаман болуш бир паста" деп атаган. Ошон үчүн 2010-жылы Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү "бүгүн эле жакшы болуп кетпейбиз, баягы адамдар, баягы урук-туугандары, эски түшүнүгү, эки-үч жолу парламенттик шайлоо болсун, мамлекет башчысы алмашсын, элдин көзү ачылсын, анан жаңы саясатчылар, жаңы саясий маданият пайда болот, андыктан 10 жыл Конституцияны өзгөртүүгө тыюу салалы. Азыр болбой калса, кой болбойт экен деп жалакайланып ат башын артка тартпайлык" деп 2020-жылга чейин мораторий киргизгенбиз. Бул көбүнчө юридикалык да эмес, саясий, тарыхый убадабыз. Ошондуктан бүгүн Убактылуу өкмөттүн көпчүлүк мүчөлөрү Атамбаевди "кой, айткан сөзүңдү унутпа! Кеп майда- чүйдө жерлерди өзгөртүүдө эмес, кеп сөзгө турууда" деп жатышат. Атамбаевге чейин Акаев да, Бакиев да Конституцияны өздөрүнүн пайдасына ылайыктап өзгөртүшкөн. 2010-жылдагы Убактылуу өкмөт гана өз пайдасына иштеген эмес. Себеби биринчиден, ким келечекте ким болорун билген эмес, экинчиден, жаңы эле өлкөдө революция болуп, бийик моралдык дух, идеализм турган. Ошондуктан 2010-жылдагы Конституцияны Кыргызстандын жалпы кызыкчылыгына туура келген вариант десек болот.

"АТАМБАЕВ ЭЛДИН КАРГЫШЫНА КАЛАТ"

- Талейран деген франциялык саясатчы: "Тил адамга анын ниетин жашыруу үчүн берилген" деп айткан экен. Саясатта каалоосун айтпай, башка нерсени айтып чечим кабыл алдырат. Мамлекетте бүгүн күчтүү маалыматтык ресурс бар. Административдик ресурс да бар. Ар нерсени айтып, элдин башын айлантып референдумду өткөрүп жибериштери мүмкүн. Өтпөй калса эмне болот? Өтпөй калса президент кызматтан кетиши керек. Анткени бул элдин Атамбаевге ишенбөөчүлүгүн көрсөтөт. Өтүп калсачы? Биз артка, 2010-жылга кайтабыз. Аз өтпөй эски режимге барганыбызды эл түшүнөт. 2010-жылдагы убадасынан тайган деп Атамбаев элдин каргышына калат. Эгер бул өзгөрүүлөр өтүп кетсе, Атамбаевди эл жазган ырлары менен эмес, мына ушул өзгөрүүлөрү менен эстейт. Акаев менен Бакиевди кандай эстесе дал ошондой эстейт.

"УБАДАГА ТУРУШУБУЗ КЕРЕК"

- 2020-жылга чейин Жогорку Кеңеш Конституцияны өзгөртө албайт. Эл референдум жолу менен өзгөртө алат деген жобо бар. Бул юридикалык жылчык. Бирок биз, Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү шылтоо, жылчык издебешибиз керек. Тарыхтын алдында, элдин алдында, "жакшы болуш аста-аста, биз өзгөрүш үчүн 10 жыл керек" деп берген убадабызга жигитче турушубуз кажет.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 721, 26-август-01-сентябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан