"РИО-2016": БАЙГЕСИЗ ОЛИМПИАДА

Кыргыз желеги астында күч сынашкан 19 спортчубуз Олимпиада оюндарында бир дагы медалга жетпей калды. Кай бирине ийгилик керектүү учурда жылмайбай койсо, дагы бири алгачкы беттештеринде эле мелдештен четтеп калышты. Ал эми оор атлетикадан коло байгени багынткан Иззат Артыков "допинг колдонду" деген айып менен медалынан ажыратылды. Ошентип кыргыз спортчулары 2 Олимпиаданы катары менен байгесиз жыйынтыкташты.

ИЗЗАТ АРТЫКОВ МЕДАЛЫНАН АЖЫРАДЫ
18-август күнү Эл аралык спорттук арбитраждык сот Иззат Артыковдун организминен стрихнин аталыштагы тыюу салынган каражат табылганын билдирип, анын Олимпиадада уткан коло медалынан ажыратуу чечимин чыгарган. Бул чечимдин жыйынтыгы менен коло байге мелдеште 4-орун алган колумбиялык спортчу Луис Москереге өткөрүлүп берилди.
Спортчу өзү: "Мен эч кандай допинг колдонгон эмесмин. Эмнеден улам мындай болуп жатканын түшүнбөй турам. Бул чыр франциялык спортчунун "байге ээлери допинг колдонушту" деп айтып чыкканынан кийин башталды",- деп билдирди. Ал эми оор атлетика боюнча башкы машыктыруучу Үсөнкан Майназаров: "Мындай болушу мүмкүн эмес эле. Учурда спорт саясатташып кеткен абалда. Биз өзүбүздүн жумушту толугу менен аткардык деп эсептейм. Штанганы көтөргүлө деди, көтөрдүк, желекти желбиреткиле деди, желбиреттик",- дейт.
Тилекке каршы, спортчубуз маңдай тери менен табылган коло байгеден куру калды. Эми Иззатты канча убакытка спорттон четтете тургандыгын Эл аралык оор атлетика федерациясы жакын арада чечет.
Спортчунун профессионалдуулугунун жоктугубу, машыктыруучулардын шалаакылыгыбы же жөнөкөй кокустукпу?.. Кандай болгон күндө да бул окуя спорт агенттигинин жана федерация башчыларынын терең анализин талап кылчу маселе.

БАЛБАНДАР КЕЧИРИМ СУРАШАТ...

Балбандарыбыз канчалык аракет кылбасын медалга жетпей калышты. Алардын арасынан грек-рим балбаны Арсен Эралиев 59 килограмм салмакта дүйнөнүн мыкты балбандары менен тең тайлашып, 3-орун үчүн беттеште утулуп калды. Спортчу үчүн бул жеңилүү оор болду, себеби ал экинчи ирет Олимпиада оюндарына катышып, байгеге жетпей калды. Өзү: "17 жыл бою спорт менен машыгып, Олимпиадада медаль тагынууну максат кылып келгем. Ушунча жылдык эмгегим күйүп кетти десем болот. Эл ишенимин актай албаганыма кечирим сурайм",- деп көзүнө жаш алды.
Кыз-келиндер арасындагы күрөштө Айсулуу Тыныбекова жарым финалга чейин чыгып, медалга илинүүгө мүмкүнчүлүктөрү чоң эле. Тилекке каршы, мыкты күрөш тартуулаган балбаныбыз коло үчүн беттеште да жеңилип калды. Ызалуу жеңилүүгө дуушар болгон Айсулуунун кайгысын кыргыз күйөрмандары чогуу бөлүштү. Олимпиаданын жабылуу аземинде кыргыз желегин Айсулуу желбиретти.
Жанарбек Кенжеев, Мурат Рамонов жана Руслан Царев алгачкы беттештеринде жеңилип, медалдар үчүн күрөшө алышкан жок. Башкы машыктыруучу Канат Бегалиев "Токио-2020" Олимпиадасында медаль болорун убадалады.

ЛЕГИОНЕРЛЕРДЕН ДА ЖЫЙЫНТЫК ЖОК


Олимпиаданын алгачкы күнүндө легионер дзюдочубуз Отар Бестаев бир атаандашын жеңип, экинчи айлампада утулуп калган. Ал эми оюндардын соңку күндөрү спортчуларыбыз медаль багынтат деген үмүттүн шооласы өчө элек эле. Себеби килем үстүнө биз ишенген легионер спортчуларыбыз күрөшкө чыкты. Алардын бири эркин күрөштөгү 125 килограмм салмак чениндеги улуту якут Айаал Лазарев польшалык Роберт Баранга утулуп калды. Роберт Барандын финалга дейре чыга албай калганы балбаныбыздын коло үчүн күрөшүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыратты.
Ал эми 21-августта кыргыз өлкөсүнөн дагы бир балбан Магомед Мусаев 97 килограмм салмак категориясында алгачкы беттешин утканы менен, чейрек финалда украиналык Валерий Андрейцевге 5:2 менен утулуп, мелдештен четтеп калды.
Аталган спортчулар өлкөбүздө бул салмакта татыктуу спортчуларыбыздын жоктугу, аталган салмак ченинде жаш спортчуларыбызга үлгү болушу үчүн чакырылган. Бул балбандар Азия чөлкөмүндө мыктылар менен тең тайлаша алышса да, дүйнөлүк аренада тиешелүү жыйынтыкка жетишип көрүшө элек.

ЖАШ СПОРТЧУЛАР ҮЧҮН ТАЖРЫЙБА

Олимпиада оюндарын 42 чакырымга болгон эркектер арасындагы марафон жыйынтыктады. Бул мелдешке кыргыз желеги астында жөө күлүк Илья Тяпкин катышып, жалпы 155 спортчунун ичинен 86-орунду камсыздады. Адатта жеңил атлетикада, өзгөчө алыс аралыкка чуркоо боюнча африкалыктар менен күч сынашуу татаал. Андыктан башынан эле кыргызстандык марафончулар тажрыйба топтоо үчүн барышкан.
10 чакырым аралыкта чуркаган жаш спортчубуз Дарья Маслова болгон аракетин жумшап, 19-орунга илинген. Ошондой эле мушкерибиз Эркин Адылбек уулу, оор атлет Жаңыл Окоева, дзюдочу Юрий Краковецкий, сууда сүзүүдөгү Дарья Таланова менен Денис Петрашов үчүн Рио оюндары келечек үчүн тажрыйба болуп, тийиштүү жыйынтыктарды чыгарышат деп ишеним арталы.

КОҢШУЛАРДЫН КҮЧТҮҮ АРАКЕТИ

Кыргыз спортчуларынын көрсөткүчтөрүн коңшу өлкөлөр менен салыштырсак, Казакстан менен Өзбекстан алда канча алдыга озгону байкалат. Өзбекстан 4 алтын, 2 күмүш, 7 коло байгени багынтып, жалпы мамлекеттер арасынан 21-орунду алды. Ал эми Казакстан 3 алтын, 5 күмүш жана 9 коло байге менен 22-орунда. Аталган эки өлкөнүн мушкерлери жана балбандары мыкты жагынан айырмалана алышкандыгы буларда спортко болгон мамиле кандай экендигин даана көрсөттү. Ошондой эле тажик спортчусу Дилшод Назаров өз мекенинин тарыхында алгачкы алтын байгесин утуп, өз мекендештерин сүйүнтүп турган чагы.
Кыргыз спортчулары 2 Олимпиада катары менен медалдарга жетпей калды. Риодогу кыргыз делегациясынын башында турган Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча агенттиктин жетекчиси Канат Аманкулов спортчуларыбыз чечүүчү мелдештерде алдырып жибергенин белгилейт. "Балбандарыбыздын медаль алчу беттештериндеги утулуп калуусуна калыстардын да суроо туудурчу чечимдери таасир этти. Өлкөбүздө айылдагы мектептерден баштап Президенттик аппаратка чейин спортко болгон мамилени өзгөртүү керек. Кийинки Олимпиадада бокс, күрөш, жеңил атлетика жана дзюдо сыяктуу спорт түрлөрүнө өзгөчө басым жасап, жакшы даярдасак медалдарга жетишебиз",- деди ал.

Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Erl017
2016-08-29 20:40:56
Эмне .. биздин спорт комитетинин колунан эч нерсе келбейби ? Медалды болбосо дагы Изатты актаганы ??
0
rianna
2016-09-06 20:53:02
Изатка коло медалдын байгесин берсе жакшы болмок
0
№ 721, 26-август-01-сентябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан