Айсулуу Тыныбекова: "ОЛИМПИАДАДАН МЕДАЛЬ ТАГЫНМАЙЫНЧА ЖЕКЕ ЖАШООМДУ ОЙЛОБОЙМ"

"Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиада оюндарында балбан кызыбыз Айсулуу Тыныбекованын беттештерине бүт элибиз назар салып, медалга жетсе экен деп тиленип турду. Мыкты кармаштарды тартуулаган спортчубуз жарым финалда жана коло үчүн беттеште жеңилсе дагы кыргыз элинин сүймөнчүгү болуп кала берет.

– Бул сиздин катышкан экинчи Олимпиадаңыз. Лондон менен Рионун айырмасы дароо сезилсе керек?
– Балбандар мелдешке 10 күн калганда Риого жөнөп кеткенбиз. Барганда эле дароо көнүп кеттим. Абасы да таза экен. Машыгуулар да жеңил болуп жатты, чарчоо дегенди сезген жокмун. Күнү күндөй, түнү түндөй эле өтүп жатты. Мага Рио абдан жакты.

– Олимпиадага болгон даярдыгыңыз кандай эле? Медалга жетем деп өзүңүзгө канчалык ишенип жаттыңыз?
– 4 жыл бою машыгуулардын, эмгектин үзүрүн көрөбүз деген максат менен Олимпиадага бардык. Күрөшүү үчүн толугу менен даяр болчумун, мыкты спорттук калыбымда элем. Алтын медаль үчүн күрөшүү, бери дегенде коло байге алууну көздөгөм. Мени колдогон күйөрмандарга алардын ишеничин келечекте толугу менен актайм деп айткым келет.

– Коло байге үчүн беттештин биринчи бөлүгүндө 5:0 менен индиялык балбанды утуп жаттыңыз эле. Экинчи бөлүктө эмне болуп кетти?
– Килемге чыгып жатканда утулайын деп чыккан жокмун. Бир пайыз калганча өзүмдү, болгон күчүмдү арнадым. Билген ыкмаларымды колдондум. Бардык аракеттеримди жумшадым, өзүмдү эч аяган жокмун. Спортто ушундай. Беттештен соң килем үстүндөгү эки балбан тең ыйлап чыгат, бирөөсү утулганынан, экинчиси утуп алганынан.

– Бул жеңилүү сиз үчүн эле эмес, кыргыз эли үчүн да абдан оор тийди. Беттештен соң абдан ыза болгонуңуз айтпаса да түшүнүктүү...
– Ушундай ичим ачышты. Ызаландым. Айтылбаган сезимдер болду. Бирок ошол нерседен чөккөн жокмун. Жашоо улана берет. Ар бир кыймыл-аракет, ар бир беттеш чоң сабак болду. Анын бардыгын күндөлүгүмө жазып алдым. Кетирген каталарымды талдап, келечекте мындан да мыкты болууга аракет кылышым керек.

– Риодо өткөргөн беттештериңиз менен кыргыз эли сыймыктанбай койбойт. Сиз үчүн Бразилия өлкөсү эмнеси менен эсте калды?
– Бош убакытта Риону кыдырып көргөндө бразилиялыктардын жашоосу биздикинен төмөн сезилди. Бирок ошого карабастан жашоого болгон көз карашы жеңил, шайыр, күлүп жүрүшөт экен. Олимпиада оюндарын да жогорку деңгээлде тосуп, жакшы жагынан көрсөтүштү.

– Бул Олимпиада оюндары чоң тажрыйба, сабак болду. Эми келечекке кандай максаттарды коюудасыз? "Токио-2020" оюндарында Айсулуу Тыныбекованы көрө алабызбы?
– Алдыда кандай кыйынчылыктар турса дагы койгон максаттарымды аткарууга болгон аракетимди жумшайм. "Токио-2020" Олимпиадасында алтын медаль тагынып, кыргыз элин сүйүнтмөйүнчө жеке жашоомду да ойлобойм.

Айсулуу чейрек финалда Европа чемпиону Петра Оллини 14:7 эсебинде утуп алган.


www.super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (21)
mirana9395
2016-08-29 14:00:27
Куда кааласа 2020 жылга чейин 2наристенин суйуктуу энеси болушуна тилектешмин.уй-булоону эле биринчи орунга койо бер.калганы баары аста секин боло берет,сен мн ардайым сыймыктана беребиз.
+4
engel
2016-08-29 14:09:56
Ozun kunooluu sezet okshoit da medal albai kaldym,eldin ishenichinen chygyp kaldym dep. Biz saga ushenebiz Aisuluu! Buirusa kyrgyzdyn bir jigitinin baktyluu jary, baktyluu ene anan kyrgyz elenin syimyktangan kyzy bol! Medaldar ali aldyda!!
+4
ziko_kt
2016-08-29 14:53:28
Мен курошту ушул Айсулуу учун коруп, аз да болсо тушунук алып, а тугул кызыгып да калдым. Менимче Айсулуу туптуз, кытмырлыгы жок учун утулуп калды. 5:0 болгондо чабуулга отпой эле убакытты утса болмок, просто ал Айсулуунун натурасына туура келбеди, менимче. Мен ыйладым, Айсулуу эмес, нелепый утулуш болду да чынында. Колубузда турган колону тарттырып жибердик. Бирок андан менин ишеничим Айсулууга кемиген жок. Азаматсын, буюрса кийинкиде алтындуу болобуз. Ото кызык оюн болду дешти го баары.
+9
DNurgiza
2016-08-29 15:38:58
сени сыйлап, урматтаган адамдар көп экенин эсиңден чыгарба!!!
+6
Barchyn89
2016-08-29 17:29:50
Айсулуунун кучу азыраак экен ыкмаларды го билет экен жеке оюм
-8
LASTO4KA_1
2016-08-29 23:50:09
Айсулуу молодец. Риого баргандын озу чон жениш! Кыргыз элин кандай учур болбосун ар дайым сени колдойт. Ошондуктан жеке жашоонду биринчи оорунга коюшун керек.. Медальдан да баалу бул уй булоо..
+2
Tattybubu93
2016-08-29 23:50:27
Айсулуу чыныгы кыргыздын намыстуу кыздарынан экен, мен ушундай кыздарыбыз бар экенин коруп, аябай сыймыктанам. Азаматсын Айсулуу! Мелдешти коруп мен ыйладым, жанында болсом эч болбосо жакшы созумду айтып сага дем куч берип колдогум келди. Бул деген спорт да, бири утат, бири утулат. кыргыздын желенин желбиретем деп болгон кучунду аябадын, сен бизге алтын алгандай эле сезилесин чындыгында
+3
Metior8019
2016-08-30 20:58:23
Сен биз учун олимпяданын алтын медальынан артык куроштун Кетирген кемчилик сенде эмес бизде.Кайгырба карындаш баарыь жайында.........
+5
Nasyrkg
2016-08-31 07:18:17
Техникан абдан жакшы бирок кучун аз салмак кошушун керек давай давай Айсулуу.
+1
mirbek99
2016-08-31 10:06:06
мололец ыйлагыдай эле болдум Айсулуу женилгенде .
+1
NURDANCHIK
2016-08-31 10:47:47
Ооба мен да аябай ыйлагым келди
+1
Turgunai
2016-08-31 12:26:55
NURDANCHIK,мен ыйладым
+2
jeyloo
2016-08-31 17:57:55
Он медаль тагынсан да бир кыргыз уул торогонго жетпейт. Медалдын ордуна кыргыздын санын кобойт ошол элиндин сыймыгы. Турмушка чыгып жашоонун даамын тат.
-1
nur.
2016-09-02 23:56:36
jeyloo,сен кыйын болсон бир медал тагынып кел. Кыз башы менен медал алам деп тырышып атат. Олимпиадан кийин уй булоо курганга жетишет.
+2
USAROV
2016-09-03 05:37:35
Уйбулообуз менен колдоп жаттык твдан женип алса экен деп, оюн экен бироо женет бироо женилет. Айсулуудан умутубуз чон кийинки оюндарда байге алып келишине, абдан аракетчил кыз экен. Кудай кааласа кийинки олимпиядада медал менен келишин кутобуз.
+1
Atas
2016-09-03 18:01:59
Биз бул нерсени айтпасак болбойт, Кыргызстандын Спортсмендерине
Олимпиада оюундарына аз калганда күжүрмөн даярдыкты башташат, аз убакытта эч бир ийгиликке жетише албайсың, 4 жыл бою күчөтүлгөн режимде тренировка кылыш керек.Ошондо ийгилик жылмаят, кээде барып кээде барбай таза машыгыш керек, олимпиадага 3-4 ай калганда жанталашпай, анан дагы көңүл менен катышыш керек.
-1
ruslan1992
2016-11-20 19:03:07
Баарысы алдыда ийгиликтин
0
№ 721, 26-август-01-сентябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан