SUPER.KG’ден Күнсереп

SUPER.KG порталындагы "Күнсереп" рубрикасында күн ичинде болуп өткөн коомдук жана саясий окуяларга саресеп салынууда. Биз окурмандарды мына ошол рубрикада жарыяланган макалалардын урунттуу учурлары менен тааныштырабыз.

18-август:

ЭЛЧИ КЫЗМАТТАН БАШ ТАРТТЫ, СЕБЕП – БИЙЛИКТИН КОНСТИТУЦИЯГА "КОЛ САЛУУ" АРАКЕТИ

Бийликтегилердин Конституцияны өзгөртүү демилгесине жаралган каршылыктар олуттуу мүнөз күтө баштады. Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчиси Кылычбек Султанов 17-августта отставкага кетүү тууралуу арыз жазып, бул кадамын Баш мыйзамды өзгөртүү аракетине макул эместиги менен түшүндүрдү. Элчинин президенттин атына жазган арызында: "Сиз колдоп жаткан Кыргыз Республикасынын Конституциясын өзгөртүү демилгеси менин жарандык позицияма каршы келет. Ошондуктан учурдагы Конституцияны коргоо үгүт иштерине активдүү катышууну менин жарандык милдетим деп сезем жана мындан ары кыргыз бийлигинин расмий өкүлү болууга моралдык укугум жок деп эсептейм",- деп айтылган.
Мамлекеттик кызматта туруп, Конституцияны өзгөртүү маселесинде бийлик менен позициясы дал келбей калгандыгы үчүн кызматтан кетүүнү суранган жалгыз өкүл азырынча Кылычбек Султанов. Бийликтеги партиялардын тизмеси же квотасы менен кызматта отургандардын арасында Баш мыйзамды өзгөртүүгө макул эместер жок деш кыйын, алардын макул эместигин ачык айтып чыгышы андан бетер кыйын. Себеп – алардын ээлеген кызматы. Ошондуктан кыргыз саясатчылары моралдык принциптен улам кызматтык креслодон баш тарткан учурлар сейрек кездешет. Укук жаатындагы тажрыйбалуу эксперт Рита Карасартованын "элчинин Конституцияны өзгөртүүгө каршылык билдирип отставка сураганы чын болсо, анда Кыргыз Республикасынын келечеги алдыда экенине ишенем" деп билдириши да бекеринен эмес.
Кылычбек Султанов өзү буларга токтолду: "Акыркы 6 жылда гана эл Конституция – бул формалдуу эле документ эмес, мамлекетибиздин негизги жашоо эрежеси экенин түшүнө баштады. Мурда элибиз "оозу кыйшык болсо да байдын уулу сүйлөсүн" деп жүрүшсө, азыр бай-кедейине карабай бир негизги эреже бар экенин биле баштады эле..." 2010-жылы аттап өткөн баткакты азыркы бийлик өзү тебелегени жатабы? 6 жыл мурун "кой деген кожосу жок", 5 миллион элди каалагандай калчаган Бакиевдер династиясын эл ээрден оодарып, азыркыларды бийликке отургузушпады беле...
Элчинин кызматтан кетүү ниетин Тышкы иштер министрлиги коомчулукка башка нукта түшүндүрүүгө аракет кылды. "Ооба, элчи президенттин демилгесин колдобой турган болду" деп айтуу кыйын болду сыягы, ошондуктан "эки тараптуу мамиленин өнүгүүсү байкалбаганы үчүн Малайзиядагы элчилик ансыз да жабылганы жаткан" деп билдирүү жасады. Расмий маалыматка ылайык, соңку жылдары кыргыз жерине Малайзиядан келген жарандардын саны 6 эсеге көбөйгөн. Ал эми Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин маалыматы боюнча, 2014-жылга салыштырмалуу Кыргыз жеринен Малайзияга болгон экспорт 85 эсеге өскөн. Үстүбүздөгү жылдын март айында Жогорку Кеңештин тармактык комитети элчи Кылычбек Султановдун отчётун угуп, жакшы баа берген. Бул жыйынтык ТИМге байкалбай калганы кызык. Элчинин өз каалоосу менен кызматтан кетүүгө жазган арызынан кийин президент Алмазбек Атамбаев аны кызматтан бошотту.
Мурунку премьер-министр, 2010-жылкы Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Темир Сариев Баш мыйзамды шашылыш өзгөртүүгө каршылык билдирип, Жогорку Кеңештеги "Ата Мекенден" башка 5 фракциянын лидерлерине кайрылуу жасады. Сариев демилгени толук талкуулоо үчүн Конституциялык кеңешме түзүүнү сунуштады. Бийлик көп күттүргөн жок, Конституциялык кеңешме түзүүгө макул эместигин КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов билдирди. Анын айтымында, Конституция түп-тамырынан өзгөртүлсө кеңешме түзүүгө болот, бул жолу Баш мыйзамдын ыйгарым укуктарына бир аз гана түзөтүү кирип жатат. Мурунку бийликтер да "бир аз гана өзгөртүү" деген шылтоого жамынып, керектүү укуктарды өзүнө ыйгарып алышканы белгилүү.

19-август:
"КАРГАШАЛУУ" КҮН...

Кыргыз Республикасынын улуттук командасы "Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасынан ушул күнгө карата уткан жалгыз медалынан ажырады. Оор атлетика боюнча 3-орунду ээлеп коло медаль тагынган Иззат Артыков допинг колдонууга айыпталып, Эл аралык спорттук арбитраждык сот аны медалдан ажыратты. Бул кабарга кыргызстандыктар катуу кабатыр. Спортчу өзү "эч кандай допинг колдонгон эмесмин" дейт. Кыргыз тарап чечимге макул эместигин билдирип, Эл аралык спорт арбитраждык сотуна кайрыларын ырастады. Белгилей кетсек, Артыков коло уткандан кийин 7-орунду алып калган франциялык оор атлет аны "допинг колдонду" деп айыптаган. Кыргыз командасынан тартып алынган медаль 4-орунда турган колумбиялык спортчуга ыйгарылмакчы.
Артыковдун допинг колдонбогонун тастыктоо Кыргыз өлкөсү үчүн кыйынга турушу мүмкүн. Коңшу Казакстанда спортчу кабыл алып жаткан витаминдин, дарынын, тамак-ашынын курамын текшере турган лаборатория бар. Бул лаборатория Допингге каршы күрөшүү агенттигинин берген тизмесинин негизинде иштеп, баарын аныктайт (биздегидей кагаз түрүндө келген тизмеге ишенбей). Эми Артыковго кыргыз өкмөтү убадалаган 3,5 миллион сом, Улуттук олимпиада комитети тарабынан убадаланган батир жана автоунаа берилбей калышы мүмкүн. Бул боюнча өкмөттүн тийиштүү бөлүмү жооп берүүдөн качты. Кыргыз Республикасындагыдай кырдаалга Молдова дагы кабылды. Бул өлкөнүн Олимпиададан коло медаль уткан спортчусунун канынан допинг табылганы жарыяланды.
Ошентип, кыргыз элинин көңүлүн сууткан кайгылуу окуялар бир күнгө туш келди. Балбаныбыз Айсулуу Тыныбекова жеңишке бир кадам калганда медалды тарттырып жиберди, оор атлетчибиз Иззат Артыковдун медалын тартып алышты...

22-август:
УЧУРДУН ТАЛАБЫ – БАШ МЫЙЗАМДЫ ЖАНА БАБАЛАРДАН КАЛГАН ЖЕРДИ КОРГОО

Кыргыз-өзбек чек арасында кырдаал кайрадан тынч эмес. Бүгүн эртең менен ретрансляциялык станция орун алган Үңкүр-Тоо аймагына Өзбекстандын МИ-8 тик учагы конуп, 7 милиция кызматкерин калтырып кеткени белгилүү болду. Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматы маалыматты тастыктады. "Учурда чек арачылар тарабынан телефон аркылуу сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Кыргыз тарап жолугушууну көздөп жатат",- деп билдиришти мекемеден. Абал Чек ара кызматы берген маалыматтан бир топ айырмалуу экендиги Үңкүр-Тоону коргоо комитетинин мүчөлөрүнүн маалыматтарынан улам белгилүү болду. Аталган комитеттин мүчөсү Шекербек Камчыбек уулунун айтымында, алар станцияга паспорттук көзөмөл орнотуп, Чек ара кызматтарынын өкүлдөрүнүн жолугушуусун талап кылышкан. "Өзбек милиция кызматкерлеринин негизги талабы – 17-августта Ала-Бука районунун Орто-Токой суу сактагычынын аймагына мыйзамсыз кирүүгө аракет кылып колго түшкөн өзбек аскерин бошотуу",- дейт Шекербек Камчыбек уулу.
Ала-Букадагы Орто-Токой суу сактагычы Кыргыз жеринде жайгашкан жана ага Кыргыз мамлекетинин аймагындагы дарыянын суусу топтолот, бирок сууну Өзбекстан пайдаланып келген. Темир Сариев өкмөттү жетектеп турган кезде өлкөбүзгө таандык, бирок Өзбекстан мыйзамсыз колдонуп келген менчиктер мамлекетке кайтарылып алынган. Алардын арасында Орто-Токой суу сактагычы да бар болчу. 17-августта жана бүгүн болуп жаткан окуялар бул маселеге чекит коюла электигин көрсөтүүдө.
Алдыда ар бир кыргыз атуулунун алдында олуттуу маселелер турат: Баш мыйзамды коргоо, ата-бабалардан калган мекенибиздин ар бир сантиметр жерин коргоо. Булар менен катар келечекке тирек болчу татыктуу жаңы президентти шайлоочу учур да жакындап келе жатат. Элибиз бул сыноолорго даярбы?..

23-август:
БАБАНОВ & ТЕКЕБАЕВ: ӨМҮРБЕКТЕРДИН ТАНДЕМИ ТҮЗҮЛӨБҮ?

Келе жаткан президенттик шайлоого байланыштуу Өмүрбек Текебаев Өмүрбек Бабанов менен тандем түзгөнү жатабы? Бул суроо акыркы күндөрү кызуу талкууга алынууда. Интернетте жазылган божомолдорго караганда, өлкөнүн түштүк жана түндүк жергесинен болгон эки чоң саясатчы тандем түзүшүп, бири премьер, экинчиси президент болорун өз ара чечип алышкан. Тагыраагы, президенттикке Өмүрбек Текебаев ат салышат да, ал утуп чыкса Өмүрбек Бабанов премьерликке келет... Бүгүн "Ата Мекендин" лидери SUPER.KG порталына бул жоромолдор боюнча комментарий берди. Өмүрбек Текебаев: "Алмазбек Атамбаевдин референдумга камдануусу анын саясий аренадан кете турган мөөнөтү келгенин көрсөтүп жатат. Мындан улам эл "Эми президент ким болот? Бийликке кандай саясий күчтөр келиши мүмкүн?" деген суроолорго божомолдорду айтууда. "Бабанов менен Текебаев биригет" деген сөздү ушул сыяктуу божомолдордун бири деп билем",- дейт. Бул эки лидердин шайлоо алдында биригүүсү боюнча жоромолдордун жаралышына Өмүрбек Текебаев өзү да жем таштап койду эле. Алсак, Баш мыйзамга киргизиле турган өзгөртүүлөр боюнча өткөргөн маалымат жыйынында: "Кезинде Бабановду кызматтан кетиришпегенде, саясий системдеги өкмөттүн орду бүгүн башкача болмок. Ал амбициялуу, өз алдынча иш жүргүзгөн жана аябай мобилдүү премьер болгон",- деп Бабановдун дарегине баалуу комплимент айткан. Өмүрбек Текебаев жогорудагы кептерди калп деп жокко чыгарбай, ошол эле учурда жакын арада ишке ашышы мүмкүн экенин да ачыктаган жок. Саясатта достук же кастык эмес, убактылуу кызыкчылыктар гана болот. Андыктан саясий кызыкчылыктар буга чейин бири-бирине оппонент болуп келишкен бул эки лидерди бир ураандын астына бириктирип коюшу мүмкүн.

24-август:
АТАМБАЕВ КЫРГЫЗ ЖЕРИН БЕРБЕГЕН ПРЕЗИДЕНТ КАТАРЫ ТАРЫХТА КАЛА АЛАБЫ?

Үңкүр-Тоодон орун алган радиостанциянын 4 кызматкерин өзбек милициясы кармап кеткени белгилүү болду. Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын маалыматы боюнча, алар азыр Өзбекстандын Яңгикурган райондук ички иштер бөлүмүндө кармалууда. SUPER.KG порталына Чек ара кызматынын маалымат кызматынын өкүлү: "Жарандарды качан кармап кетишкени боюнча маалымат бере албайбыз, бизге 23-августта маалым болду. Өзбекстан тарап менен сүйлөшүү жүргүзүлүп жатат, бирок натыйжа жок болууда. Өзбек тарап кармалган жарандар боюнча тынчсызданбоого чакырды",- деп билдирди. Ретрансляциялык станцияда иштеп жаткан 4 жарандын качан кармалып Өзбекстанга алынып кеткенин билишпегенине караганда, өзбек тарап Үңкүр-Тоого толук көзөмөл орнотуп, кыргыз чек арачыларын киргизбей турат.
2002-жылы Аскар Акаевдин бийлиги тушунда Ысык-Көлдөгү Үзөңгү-Кууш тилкеси Кытайга жең ичинен берилип кеткен. 2008-жылы Курманбек Бакиевдин бийлигинин тушунда Каркыра жайлоосунун бир бөлүгү Казакстанга берилген. Азырынча президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда кыргыздын жери коңшу өлкөлөргө берилип кеткени тууралуу маалымат жок. Анткен менен өткөн бийликке шылталып, кээ бир жерлер "соодаланып" кетүү мүмкүнчүлүгү сакталууда. Каркыраны берип жатып Бакиев деле "Акаев мурда эле кол коюп салыптыр, аргабыз калбай калды" деген эле. Заман өзгөрсө да шылтоо өзгөрбөйт сыяктуу. Эми Алмазбек Атамбаев Кыргыздын жерин бербеген президент катары тарыхта кала алабы?..

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 721, 26-август-01-сентябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан