ГУДБАЙ, ВАНКУВЕР. САЛАМ, СОЧИ!

28-февралда Ванкуверде XXI Кышкы Олимпиадалык оюндары аяктады. Жабылыш аземинде Ванкувердин шаар башчысы Грегор Робинсон Олимпиаданын желегин Сочинин мэри Анатолий Пахомовго өткөрүп берди.

КАНАДАЛЫК ОЮНДАР
Ванкувер Олимпиадасынын жыйынтыгында Канада 14 алтын медаль жеңип алды. Буга чейин Кышкы Олимпиадалык оюндардын тарыхында мынчалык санда эч ким алтын медаль уткан эмес. Бул абсолюттук рекорд! Андыктан өткөн оюндарды Олимпиадалык оюндар же канадалык оюндар десек болчудай. Чындыгында канадалыктар Олимпиадалык оюндарды жогорку деңгээлде өткөрүп гана тим болбостон, кыялдарын ишке ашырышып, чоң ийгиликке да жетишишти.

БАШКЫ КААРМАНДАР
Мелдештин уюштуруу комитети “Ванкувер-2010дун” каармандары деп жеңиш үчүн эрктүүлүгүн көрсөтүшкөн төмөнкү 2 бийкечти атады. Словениялык лыжачы Петра Майдич жарыштын жүрүшүндө 4 кабыргасы сынганына карабастан коло медалды жеңип алды. Ал жарышта токтоно албай аңга кулап, бакты сүзүп алган да, марага жетер замат эсин жоготкон. Майдич эрдиги үчүн Словениянын Сиңирген эмгеги үчүн ордени менен да сыйланды.
Ал эми канадалык жекеликте муз үстүндө бийлөөчү Жоанни Рошетт апасы каза болуп калганына карабастан өзүнө күч таап, коло медалдын ээси боло алган. Анын апасы кызынын чыгуусун көргөнү атайын Монреалдан Ванкуверге келген. Бирок кызынын чыгуусуна 2 күн калганда жүрөк оорусунан каза тапкан.

ОБАМА ЖАШИК СЫРАГА СЫНЫП...
АКШнын президенти Барак Обама Канаданын премьер-министри Стивен Харпер менен мелдеше кетип, жашик сырага жеңилип калды. Экөө хоккей боюнча финалдык «АКШ-Канада» беттешинде өз мекенинин командалары жеңет деп талаша кетишкен эле. Андыктан канадалык хоккейчилердин жеңиши өлкөсүнө аброй жана алтын медаль гана алып бербестен, өкмөт башчысына жашик сыра да алып берди.

«СОЧИ-2014түн» АЛДЫНАН ЧОҢ СЫНОО
Учурда Орусияда спортчуларынын ийгиликсиз катышуусу өлкөнүн алдыңкы адамдарына чейин кызуу талкууланып жаткан кез. Олимпиададан кийин эле президент Медведев: “Бир катар спорт чиновниктери кызматтарынан четтетилет”,- деп айтты. Буга жооп иретинде Спорт министри Мутко: “Мен кызматтан кетүүгө даярмын. Бирок муну менен эч нерсе өзгөрбөйт. Биздин учурдагы начар жетишкендигибиз чыныгы реалдуулук. Колдоо кандай болсо, натыйжа ошондой болду”,- деп билдирген. Орусиялыктардын пикиринде спортчулары алардын ишеничин акташкан жок. Өзгөчө хоккейчилеринин канадалыктарга 3:7 эсебинде жеңилиши кечирилгис болду. Гезитибиз басууга даярдалып жатканда Орусиянын Олимпиадалык комитетинин жетекчиси Леонид Тягачев өз каалоосу менен отставкага кеткендиги маалым болду.

Р.S. Кыргыз делегациясы Ванкуверден 2-мартта кайтып келди. 27-февралда Дмитрий Трелевский слалом боюнча соңку мелдешине катышып, тилекке каршы, финишке жетпей калган. Буга чейин ал чакан слаломдо 76-орунга илинген эле. Ал эми лыжачыбыз Ольга Решеткова 17-февралда 1,5 чакырым аралыкка болгон жарышта 54-орунду ээлеген.


Жергиликтүү кабарлар

Бокс

ЖЫЛДЫН МУШКЕРЛЕРИ АНЫКТАЛДЫ
23-февралда бокс сүйүүчүлөр арасында КРнын кезектеги чемпиондугу аяктады. Мелдеште караколдук Максат Алимбаев “Мыкты мушкер”, бишкектик 1994-жылкы Самаган уулу Нургазы “Эң жаш мушкер” аталышты. Бишкектик Иса уулу Жакшылык “Жеңиш үчүн эрдиги” наамына татыса, мелдештин “Мыкты калысы” деп караколдук Тилекмат Энкеев табылды.

Дзюдо

“РАДЖИВ ГАНДИден” 7 МЕДАЛЬ
Дзюдо боюнча улуттук курама командабыз Индияда өткөн 4-Эл аралык “Раджив Ганди” мелдешинде чоң ийгилик жарата алды. Мелдеште алтын медалды Ислам Баялинов (66), Алимбек Жусупов (81), Чыңгыз Мамедов (90) жана Юрий Краковецкий (+100) жеңип алышкан. Бул мелдеш күзүндө Японияда өтүүчү Дүйнө биринчилигине жана Кытайда өтүүчү Азия оюндарына карата зор даярдык болду десек жаңылышпайбыз.

Ушу

ЖАЛГЫЗ АТТЫН ДА ЧАҢЫ ЧЫГАТ
Ата мекендик ишенген ушу чеберлерибиздин бири Алмаз Тойчуев Казакстандан чоң жеңиш менен келди. Ал 20-21-февралда Алматыда өткөн мелдеште алтын, күмүш жана коло медаль жеңип алган. Алмаз азырынча спорт чеберине талапкер, ушу боюнча өткөн бир катар мелдештердин жеңүүчүсү болуп саналат.


Жылдыздар турмушунан

Бокс

КЛИЧКО ЖАШЫРУУН ҮЙЛӨНҮП АЛДЫБЫ?
Жаздын алгачкы күнүндө европалык басылмалардын бири украиналык Кличколордун кенжеси Владимир жашыруун үйлөнүп алгандыгы тууралуу такталбаган маалымат таратты. Анда Владимирдин келинчеги катары актриса Хайден Панеттьер аталууда. Далил катары белгилүү актрисанын кечелердин биринде нике шакегин тагынып жүргөндүгү айтылууда. Ал эми эки жаштын өзү мындай маалыматтарга комментарий берише элек.

Футбол

2 КОЧКОРДУН БАШЫ 1 КАЗАНДА КАЙНАБАЙТ
Жакында Англиянын ишенген коргоочуларынын бири Уэйн Бридж улуттук курама командада ойноодон баш тартты. Ал мындай чечимин Жон Терри менен жеке келишпестигинен улам кабыл алгандыгын айткан. Эске салсак, британиялык ММКлар Терринин Боидждин мурдагы айымы Ванесса Перронсель менен жашыруун махабаты тууралуу жазып чыгышкан. Бул чырдан кийин аталган эки футболчунун мамилесине гана доо кетпестен, Терри Англиянын капитандыгынан да кол жууган. Анан дагы 28-февралда Англия премьер-лигасынын кезектеги айлампасында курамында Терри ойногон лондондук “Челси” Бридждин командасы манчестерлик “Манчестер Ситини” кабыл алды. Оюн алдында футболчулардын өз ара кол алышуусу болот эмеспи. Баары бири-бири менен кол алышып келип, кезек сөз болуп жаткан экөөнө келгенде алар бири-бирин карап да коюшкан эмес. Терри-Бридж чатагы кантип чечилиши белгисиз, бирок ал беттеште Бридж жеңди. Оюнда “Манчестер Сити” 2:4 эсебинде ишенимдүү жеңишке жетишкен.

ХИДДИНК ЖЕҢИШ МЕНЕН КЕТЕ АЛБАДЫ
3-мартта «ЮАР-2010го» даярдык көрүп жаткан өлкөлөр достук беттештерин өткөрүштү. Орусия курама командасы Хиддинктин жетекчилиги астында соңку беттешин өткөрдү (голландиялык адистин мындан ары Түркиянын курама командасын машыктырары маалым). Орусиялыктар конокто Венгрия менен 1:1 эсебинде тең чыгууга аргасыз болушкан. Калган маанилүү оюндарда төмөнкүдөй натыйжалар катталды:

Франция – Испания - 0:2
Англия – Мисир - 3:1
Германия – Аргентина - 0:1
Ирландия – Бразилия - 0:2
Голландия – АКШ - 2:1

Базарбек Абдураимов
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
URB KG
2010-03-10 13:45:19
Рахмат,Базарбек, жакшы маалыматтарды жазыптырсын. Лондондук Челсинин о.э. Англия курама командасынын коргоочусу Джон Тэрри да учурдун корунуктуу футболчуларынын бири эмеспи, андыктан мумкун болсо ушул коргоочу тууралуу бир озунчо макала жазып, окурмандарга теренирээк маалымат бере кетсен, сураныч.
Эми кудай буйруса, Гуус байке Туркия курама командасы менен "Дуйно чемпиону" аталышына тилектешмин.
0
№ 383, 5-11-март, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан