"САЛТТЫН АЙЫНАН ЭКИ ЖАК УРУШУП КЕТИШТИ"

Кыргыздын нарктуу жана каадалуу салттары абдан көп. Алардын көбү кыргыздын укум-тукумунан бери колдонулуп келген жана келе бермекчи. Бирок мына ушундай тарыхы бар салттардан айырмаланганы же ойго келбегендери да жашообузда кездешет. Бул сапар кээ бир таң калычтуу же күлкүлүү салттар тууралуу кеп козгоону туура көрдүк.

ТОЙДУ ЫЗЫ-ЧУУГА АЙЛАНТКАН СЕП БЕРҮҮ САЛТЫ

"Жакында Баткен тарапка тойго барып, ал жакта кызыктай окуяга күбө болдум" деген Гүлнази Сабырова аттуу каарманыбыз төмөнкү окуяны айтып берди:

– Жакында курбу кызым турмушка чыгып, Баткенге тойго бардым. Барганда эле курбумдун бөлмөсүндө тирелген жууркандардын көптүгү мени таң калтырды. Эмнеге көп экенин сурасам, курбум "бизде сеп ушундай болот, буларга канча пахта кеткенин сен сураба, мен айтпайын" деди. Мындайды көрбөгөн жаным таң калдым. Ошентип той күнү да келди. Той бүтүп, эртеси курбумдун апасы «кыз көрмөй деген бар» деп жалаң гана аялдарды ээрчитип, күйөө баласынын үйүнө септи кошо алып жөнөп калдык. Конок болуп отурсак, курбум "апам себимди тапшырат экен" деп калды. Куда-кудагыйлар, курбумдун кайната-кайненесинин туугандары тизилип калышты. Көрсө, келиндин апасы алардын ар бирине килем, экиден жууркан жана жаздыкча арнап бериши керек экен. Аяш энем аларды четинен таратып баштады, бир убакта эле жетпей калса болобу. Ортодо ызы-чуу түшүп, ар кандай кептер айтылып кетти. Жини келген аяш энем сепке алып келген кызынын жуурканынан алып, жетпей калгандарга берип кутулду. Куда тарап ар кимиси тийген буюмдарын бири-бириникине салыштырып, ызылдашып жатышты. Өзү бирөөгө бүлө болуп, көнө албай жаткан курбум бушайман болуп, мага "билесиңби, ушундай нерселер ата-энемди кыйнап койду. Биздин бактыбызды тилегендин ордуна, карабайсыңбы, чыр чыгарып жатышат" деп үшкүрүк тартып отуруп калды.
Албетте, салт деген салт, бирок куда тараптын туугандары өтө көп болуп калса, байкуш кыз берген тараптын эле шайы кетип калат өңдүү.

КЫЗДЫН БАГЫ МЕНЕН ОЙНОГОН "КЕМПИР ӨЛДҮ" САЛТЫ

Дагы бир каарманыбыз Гүлмира Мамбетова аттуу Кочкор районунун тургуну той-ашта көргөн салттарын таң калуу менен айтып берди:
– Мага кээ бир салттарыбыз жакпайт. Мисалы, кыз ала качууда колдонулган «кемпир өлдү» көп жерде өтө эле кеңири тараган. Эгерде ала качылган кыз отурбай койсо, босогого кемпир жата калат. Ушул салт далайлардын багын байлап же болбосо, тескерисинче, бактылуу кылат.
Ошондой эле Оштун кээ бир айылдарында жеңелер күйөө баланын досторунун бут кийимдерин катып алып, акча талап кылмайлары да бар. Кызыктуусу, бул салтты билгендер алдын ала колдоруна целлофан баштык ала жүрүшөт экен. Отурган жерлери булганбаш үчүн бут кийимин чечпей баштыкты кийип же болбосо чечип туруп ала барган баштыктарга салып жанына коюп алышат.
Нарын жергесинде да "маасы чечмей" сыяктуу салттар кээ бир аймактарында колдонулат. Анда башкы кудагыйдын жатар алдында маасысын чечип, коноктоп жаткан жак "жинди суудан" беришип, ага ырымдап акча алышат.

ЭКИ ЖАШТЫ ЧОЧУТКАН ЖЕҢЕЛЕР

Дагы бир каарманыбыз Жалал-Абад облусунун Сузак районунун тургуну Эрболот Касымов төмөндөгүдөй салт жапайычылыктын бир түрү деп белгилеп өттү.

– Кээ бир салттар мен үчүн акмакчылыкты жана жапайычылыкты билгизет. Мен андай түркөйлүк салтка жол бербейм. Мисалы, бизде жана кээ бир жерлерде «нике түндө аңдымай» деген салт бар. Анда жеңелер эки жашты аңдып, ал тургай шаштырышат. Күтүп отуруп шейшепти алып барып сүйүнчү алмай деген жоругу жолдо калган нерсе бар. Ал маселе мага жана менин аялыма гана тийиштүү да, туурабы?! Эмне кереги бар, жеңелердин эшик артында күтүп отуруусу, эмне кереги бар аңдыганы?! Мен мындай көрүнүштү үйлөнсөм колдонбойм жана башкаларга да керектүү салттарды гана колдонуп, керектүүлөрүн иргеп алалы деп айтар элем.

«СУПЕРДИН» СУРАК БУРЧУ

СИЗДИ ОҢТОЙСУЗ АБАЛГА КАЛТЫРГАН САЛТТАРДЫ КЕЗИКТИРДИҢИЗ БЕЛЕ?

Кылымай Шорукова, 18 жашта, Талас облусу:

– Эжем турмушка чыкканда жездемдин туугандары чоң кашык сары майды эжемдин оозуна салып, башына ун чачышкан. Эжем агала болуп эле жатып калган. Анан "тердетмей" деген салт бар экен. Анда куда болуп барган тарапты чайга киргизип, жеңелер бир банканы чай ичкен столдун үстүнө коюп коюшат да, ага куда тарап акча салышы керек экен.

Слан Алимбеков,59 жашта, Бишкек шаары:

– Кыргыздын салттарын колдонуш керек, бирок чеги менен. Дегеним, куда келерде алдынан аркан тосуп чыгып, акча сураган салт мурда жок болчу да. Азыр эле аны биз салт кылып алдык. Ушуга окшогон салттардын кереги деле жок деп ойлойм. Кандай болгон күндө да кыргыз салттары кымбат, аны балдарыбызга айта жүрүшүбүз шарт.

Фатима Алиева, 55 жашта, Бишкек шаары:

– Жалал-Абаддан болгондуктан жолдошум каза болгондо кырк күнү кара кийинип, бир жылга чейин аш-тойлорго барбай, "көк кийди" болуп, анан "ак кийди" деген салттарды башыман өткөрдүм. Ошондой эле жанагы "ак кийдиде" майрам кылышып, бири-бирине алтын сөйкө же шакек бергени, кийит кийгизишкени мага көп жакпайт.

Тургунайым Бекташова, 64 жашта, Бишкек шаары:

– Жакында коңшум келин алып, ошондо бир башкача жаңы салттарды көрдүм. Коңшум Баткенден болгондуктанбы же билбейм, келинин 3 күн бою көрө алган жокпуз. Бизде келин келер менен эле жоолук көтөрүп барып көрө беребиз да. Анысы го мейли, анан 3 күндөн кийин келинди чыгарып, колуна чөмүч карматып алып жүгүнтүшкөнү башкача көрүндү.

Азим Олжобаев, 22 жашта, Бишкек шаары:

– Бир досум Аксыдан үйлөнгөн. Ал жердин салты боюнча күйөө балага өпкө чабышат экен. Досумдун кийими кан болбосун деп үстүнө эски көйнөктү жаап, койдун өпкөсүн чаап жатканда апасына бирөө "балаңдын үстүнө ыштан жаап коюшуптур" деген. Ал сөздү угары менен эки кудагый урушуп, той ыйга айланып кеткен.

Ширин Жумаканова, 71 жашта, Тогуз-Торо району:

– Азыркы учурда куда тоскондо "түштөнтүү" деген нерсе модага айланып баратат. Себеби азыр кимде ким куда тоскон болсо, меймандар сөзсүз эки-үчтөн ашык үйлөргө конок болуп кетишет. Бул деген аша чапкандык да, анткени канча адам ошол конок үчүн даярданып акча коротуп жатышат.

Айсалкын Качкынбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (64)
Roman90
2016-08-30 00:53:27
Андыганда не оздору билетта не кылышты
0
gutler
2016-08-30 02:41:09
Менин инимдин нике тунундо,женелер быякта калып эле,досторуда Жене болушкан тан атканча уктабай,андышып.
0
mi2000
2016-08-30 04:26:30
Ушул нерселердин баары келип акчага такалат. Акча дооламай салт деп койсо болот чогултуп эле. Той салт-санаасы менен кызык дечи.. бирок бара-бара аша чапкандык болуп кетти.
+2
Asiet
2016-08-30 14:22:51
мындан да куйоо бала женесинин колун тиштеп алган салтчы, куйдуруп жиберет да. Мен бул жонундо такыр уккан да билген да эмесмин,кайын синдимди куйоого узатканда женеси куйообаласын май менен оозандырат дей беришкенинен май менен нанды оозуна алып барсам тиштеп алган соомойумду. ооруганын айтпа колумдун,тиштегени аз келгенсип еще мага кой карыз болдун дегеничи
+3
gitaris93
2016-08-30 21:12:18
Asiet,Баарынан да сиздин башыңыздан өткөн салт күлкүлүү экен. Биринчи жолу ушу салтты
-1
guka007.kg
2016-08-31 19:05:46
Негизи кыргыздын кээбир салтарын колдону керек. Чынында эле болбогон нерсе учун эки тарап урушуп, канчалаган жаш уй-булолор ажырашып кетип жатышат. Мисалга алганда кийит. Башында кийит жок деп суйлошуп коюп, уйго барганда кутту уйдон кур чыкпа деп кийгизип, сен мага кийит кийгиздин сен мени басынтын, мен деле кийит алып келип кийгизмекмин деп эки кудагый таарынышып кетишкен, канча убакыт отсо да ошол бойдон суйлошпой коркутушуп журушот.
+1
s.sweet
2016-08-31 23:48:30
базана туура айтат салт эмей эле атаандашуу
0
s.sweet
2016-08-31 23:50:06
салт эмес эле атаандашуу
0
nastinbaba89
2016-09-02 02:43:44
Оа ошто ушундай уч кун кошогодо отурат уч кундон кийин чомуч кармады болот анан келин аралашып тиричилик кылып баштайт ошо уч кун эн бактылуу кундорунго чиркин:)) анан эртеси эрте м.н туруп эшиктин алдын шыпырат ал кездерда озунчо бир керемет
0
Adiletgo
2016-09-02 12:21:51
Мен озу фотографмын тойго коп чыгам.Ушул салттардын баарын кором эч жакбайт! эптеп эле акча алмай, бир туфлини бекитип 200,500 ал эми куйо баланыкы мин эки мин сом анан кобунчо загсты да тосуп, алар куйоо балдардан эки мин уч мин акча алат.Кредит алып той кылгандар коп.
0
asyl81
2016-09-04 20:29:28
Мен кайынсиндимди турмушка узатканда бир салтка ото тан калгам. Куйоо бала достору менен уйго келип, буттарын чечпей торго отушкон. Анысы аз келгенсип, чай куйсак эле чайнектин капкагы тоголонуп кетип, шарактап чайыбыз тогулуп калат. Корсо, "жене, аны алып келиниз, муну алып келиниз" деп жумушап ийишип, келгенче чайнектин чоргосуна нан-пан тыгып салышат экен. Муну биз билбей, кайра-кайра чай алып киргенибизчи. Алар болсо бизди шылдындап... Мындай салт жок деп тан калышаар айрымдар, би
0
TomMar
2016-09-04 22:25:35
Пакетке толтура салып кетейли - тойдобу, адам олгон жердеби, окмоттун уйундобу. Короче на халяву.
0
TomMar
2016-09-04 22:45:42
Салт деген эмне ? ?
0
raia
2016-09-05 09:12:47
Жакында кайын синдим кыз берди.Кудаларды сыйлап атабыз деп эле тагаларынан,абаларынан аяш аталарынан тиги будан деп эле сойуш,арак шароавп,себет эле кийрип атышкан,эсебин деле билбепмин.Кыз алган жер дунгуротуп Ресторанда той берди анда сыйландык,бир кун дем алып,кыз кочуруп кудаларга бардык.Дарстокон тирелет эми ал го мейли,тамак аш очред менен кирип атты.Акырында куда сойуш келди,аркасынан аке сойуш,тага сойуш,аяш ата сойуш ошонтип 8 сойуш кирди.Бир кесе шорпо кирет оз тийебиз,чылкыйып ичилбей
0
raia
2016-09-05 09:24:45
кайра кетет.Эт менен кошо пакетер кирет болуп алабыз.арак шарап,кола фанта,соктор аларды да болуп алдык.8 кой деген бул ысрапкорчулук да.
Балдарым уйго келгенде кулушот,омуру оозунузга албагансыз арак,коняктарды неге алдыныз деп.Болбой эле салып койот экен,кызмат кылган келиндер.Болуптур экоону сойсун калганын соопчулуцк болсун деп колунда жокторго тируу берсе болбойбу?Же жаны уйлонгондорго бергиле десек аларга атагандан кийинки сый дешет экен.Ото ысрапкерчилик ушул салт мага жакпады...
0
emma375
2016-09-06 01:53:45
Аллахыма мин мертебе ыраазымын, башка келиндер сыяктуу келин кызматын кылганым жок, кайын журтума барганымда торго чон энебиздин жанына отургузуп коюшат, кайнагам озу тамак даярдап столдун устун даярдап журо берет женеме жардам берип, жумуш кылсам эле озуно жакшы кара, озунду кыйнаба, жумуш кылба сен да бироонун кызысын келин деп эле жумшай береликпи деп коюшат, уялам аябай. бирок ошого карабастан кызмат кылганга, кайын журтумду сыйлаганга колумдан келишинче аракет кылам.
0
№ 721, 26-август-01-сентябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан