Рэп ырларын ийнине жеткире аткарып жүргөн таланттуу жигиттердин бири Добрдун үйүндө наристе үнү жаңырды.
19-август күнү уулдуу болгон рэп ырчысы: "Дагы деле өзүмө келе элекмин, ата болгонума ишене албай жатам. Өзүмдү баласы жоктой эле сезип жүрөм да, бир туруп мен ата болдум да деп кетем. 23-августта жубайым менен уулумду үйгө чыгарып келдик, азыр экөөнүн тең абалы жакшы. Уулума Азирет деген ысымды чоң атасы ыйгарды",- деп кубанычы менен бөлүштү. Ымыркайдын өмүрү узун болсун!