Учурда жаш-кары дебей ырларын сүйүп уккан Нурлан Насип аргымагын алмаштырды. Кандай машина алды деп кызыгып жаткан болсоңуз, ырчы
Lexus GS 350 үлгүсүндөгү темир тулпарлуу болду. Нурланга чалып куттуктаганыбызда: "Мурдагы машинам деле мага татыктуу кызмат кылган. Аны алмаштыруу убагы келди деген ойдо саттым да, үстүнө акча кошуп, 2007-жылы чыккан ушул тулпарды алдым. Мен бир эле үлгүнүн фанаты эмесмин. Ошондуктан алмаштырган сайын ар кайсы үлгүнү алам",- деп кошумчалады.