"Style Mix" триосунун сары кызы Илима жакында гана бизге берген маегинде жүрөгүнүн ээсин тапканын айткан эле. Андан көп узабай ырчы кыз Инстаграмга аты жогуна шакек тагынган сүрөтүн илип, сүйүнчүлөдү. Күйөрмандар жөн калмак беле, куттуктоолорун жаадырып, бакыт каалап киришти. Элге жакшы кабары менен бөлүшкөн Илима менен байланышсак, калың журтка жар салгысы келбедиби, айтор: "Азырынча эч нерсе дей албайм. Бул жөн гана сүрөт",- деп кутулду. Эмне дейбиз, балким, буга чейин кеп болуп жүргөн топтогу Адилет Эркинбек уулу сүйүүсүн билдирип колун сурагандыр, балким, башка жигиттир, эмнеси болсо да Илимага бакыт каалайбыз!