"Жебе" тобунун ырчысы Медер Сагын уулу: "КУМАР КЫЗДАРДЫ АЯБАЙ ТАНДАЙТ"

Эгиз козудай ээрчишип, "Жебе" тобуна да чогуу келген бир туугандар Медер жана Кумар бүгүнкү күндө эл оозуна алынып калган чагы. Сахнада жоош, бир мүнөз көрүнгөн ага-ини жашоодо такыр башкача. Мисалы, Кумарды ким ачуусу чукул деп ойлосун? Көрсө, ал агасына болушам деп көп жигиттер менен мушташып да кетчү экен.

БИР ТУУГАНДАР:

  • Аскер Ташиев, 28 жашта, котормочу
  • Бегимай Сагын кызы, 26 жашта, менеджер
  • Медер Сагын уулу, 24 жашта, ырчы
  • Кумар Сагынов, 22 жашта, ырчы
  • Айбийке Ташиева, 17 жашта, окуучу
  • Фирдаус Аттокуров, 7 жашта, окуучу

"КӨП МАСЕЛЕНИ МУШТУМ МЕНЕН ЧЕЧЧҮБҮЗ"

Медер:
– Атабыз спорт менен машыгып жүргөндүктөн, бизди да ал тармакка жакын кылып өстүргөн. Бирөөлөр тийишсе карап турбай бири-бирибизге болушуп мушташкан күндөрүбүз далай эле болду. Жадакалса бизге жаман сөз сүйлөгөндөрдү муштум менен чечип койчубуз.
Кумар: – Каникулдар чоң ата-чоң эне, таята-таенелердин маңдайында өтчү. Биз келгенде айылдагылар "шаардан балдар келди" деп үстөмдүк кылышат эле, анан "разборка" башталчу. Өзүм кичине болсом да, агамдын жинине тийгендерге кыр көрсөтүп "эй, сен эмне менин байкеме тийишип жатасың?!" деп болушам деп, өзүм таяк жеп калат элем. Экөөбүз эгиздей болуп өстүк.
М.: – Ооба, Кумардын бир кемчилиги – ачуусу чукул. Мага же башка жакындарыбызга бирөө жаман сөз сүйлөп койсо деле мушташып кетейин дейт. Ошол сапатыңды калтырышың керек деп Кумарга көп айтам. Ал эми артыкчылыгы – бир туугандардын арасында эң эле күйүмдүүсү ушул.
К.: – Мен үчүн байкемдин уйкучулугунан башка кемчилиги жок. Өзүм болсо уйкучу эмесмин, бирок эркемин. Кээде ата-энеме же Кенже эжеме (ред.: Дүйшеева) эркелеп калам. Ал эми сырдашуу жагына келсек, маанилүү нерсе болуп калса чогуу талкуулайбыз. Достор менен чече турган көп нерсени бири-бирибизге айтпайбыз.
Өзүм кичүү болгонгобу, бат эле таарынып калам. Бирок 1-2 сааттан кийин эч нерсе болбогондой таарынычым жазылып кетет. Ошондуктан кичүүлүк кылып мен биринчи кечирим сурайм.

"КУМАРГА ОҢОЮ МЕНЕН КЫЗ ЖАКПАЙТ"

М.:
– Албетте, бир тууганым болгондон кийин кыздар менен таанышып калсам Кумарга көрсөтүп "мобу кызды тааныбайсыңбы?" деп кошумча маалымат катары сурап коём.
Кумардын бир сапаты бар, кыздарды оңою менен жактыра бербейт, аябай тандайт. Биринчи жолуккан кызга эле берилип кетпеген жагы жагат. Мен болсо ким жакшы сүйлөп койсо ошого ишене берем. Анан да жакшы сүйлөп койсоң эле "бул мага тийишип жатат" деп алган кыздарды такыр түшүнбөйм.
К.: – Мен мамиле куруп баштаганда байкеме сүрөтүн көрсөтүп анын сынынан бир сыйра өткөрөм. 21-кылым болгонуна карабай үйдө отурган, кафе-барларга барбаган кыздарды жактырам (күлүп). Ата-энесин сыйлаган, башкысы баскан-турганы таза кыздар менин табитимде.

"КЕЛЕЧЕКТЕ ТОПТО ЫРДАЙБЫЗБЫ, БЕЛГИСИЗ"

К.:
– Мен кесибим боюнча юристмин. Быйыл 5-курсту бүтүп жатканыма байланыштуу ырчылык менен кетемби же юрист боломбу деген суроо маселе жаратууда. Ал кесипти атамдын сунушу менен тандап калгам. Ал эми апам болсо "ырда, ырда" деп эле турат. Негизи кошумча каражат таба турган булагың да болуш керек. Мүмкүн бизнес ачып алып, анан ырчылыгымды улантсам дейм.
м.: – Мен кесибим боюнча архитектормун. Азыр экинчи билимимди алып, Б.Бейшеналиева атындагы Маданият жана искусство университетинде 5-курста режиссёрдукка окуп жатам. Келечекте топто ырдай береминби же кесибимди тандап кино тартып кетеминби, азырынча белгисиз. Айтор, баары бир келип чыгармачылык чөйрөгө аралашам.

АКЧА ЖААТЫНДА...

М.:
– Акчаны бир максат коюп сактасам, аягына чейин чогултам. Бир жолу машина алабыз деп акча чогултуп, эки темир тулпарга ээ болгонбуз.
К.: –Каржы жагынан Медердикиндей тыйын топтоого эрким жетпейт. Андыктан тапканымды сарамжалдагым келсе агама карматам.

ДОСТУКТА...

М.: –
Чыгармачылыкка келгени жаңы достор көбөйдү. Антсе да эски досторум менен мамилем мурдагыдай. Бирок ким мени менен кандай максатта жүргөнүн жакшы билем.
К.: – Мен досторум менен мурдагыдай мамилени сактап калдым. Алар мени менен сыймыктанышып, ар бир жараткан ийгиликтериме кубанышат.

ИНТЕРНЕТ...

М.:
– Социалдык тармак мен үчүн фотоархив. Ал жакта бала чагымдан берки сүрөттөрүм бар, башкаларга окшоп мурдагы жүктөлгөн сүрөттөрдү өчүрө бербейм.
К.: – Инстаграмда өзүмдү пиарлайм. Азыр жашпыз да, жаштыкты пайдаланыш керек. Андыктан сүрөттөрүмдү тез-тез жүктөп, жаңы сүрөттөрүм менен бөлүшүп турам.

"Ата-энебиз музыкалык училищеде окуп, ошол жактан табышкан".


"Кичинебизде каратэ менен машыгып, эл аралык мелдеште экинчи орунду алганбыз".


"Апам ырчы болом дегенде таятам каршы болуп коюптур. Андыктан бизди "ырдагыла" деп эле турат".



Жазгүл Кенжеева
Адилет Бектуров
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
"Жебе" тобуна апабыз алып келген" дейт бир туугандар Медер жана Кумар
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (13)
B.GULNARA
2016-08-29 11:17:09
Медер апасына, Кумар атасына окшош экен
-1
DNurgiza
2016-08-29 14:35:57
жакшы маек болуптур....
-1
aijamalym94
2016-08-29 17:12:24
Azamatsynar.Alaiga konsert koiup kelip .2014.Alaidyn kyzdary yimanduu eken dep ...maktaganychy.
0
Siren90
2016-08-30 15:01:23
Бир туугандардын фамилиялары биздикиндей ар башка экен, бизде да ушундай чоң атабыздан, атабыздан, атабыздын чоң атасынан катталганбыз
0
Nurmuslima
2016-08-30 15:26:10
Ийгилик!
-1
NURDANCHIK
2016-08-31 10:39:01
Сонун маяк болуптур рахмат силерге супер инфо мага аябай жакты жонокой балдар экен мен бир тууган экенин эми билдим азаматсынар онорунор оркундой берсин алга
-1
NURDANCHIK
2016-08-31 10:41:11
kodo дегенге айткым келет да алина жетигенова дейсинер аны баары билетго жаш ырчыларды деле алып чыкканы жакшы корунушго анкенинер мага жакпады алар картайды эми жаш ырчыларга орун бериш керек
-1
NURDANCHIK
2016-08-31 10:41:53
адам кенеен болуш керек
0
Oshken26
2016-09-01 07:21:21
Эн сонун. Ийгиликтерге дагы да коп жеткиле!
0
orxidey
2016-09-01 19:37:37
Жакшынакай ата эненин тарбиясын алган балдаркен келечекте каалгаган максатынарга жеткиле.
0
jurogumdosun
2016-09-17 14:32:48
азаматтар мен Медер мн Минурду бир тууган деп журсо
0
Asel_taalaibekova
2017-05-05 17:45:25
Тартиптуу балдар экен))
0
Lina
2017-11-21 01:47:41
Аскерге салам!менин Аймира деген дос кызымдын досу болчу
0
№ 721, 26-август-01-сентябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан