"РИО-2016": КОШ, РИО! CАЛАМ, ТОКИО!

22-августта "Рио-2016" XXXI Жайкы Олимпиада оюндары расмий түрдө жабылды. 2 жумадан ашык кызыктуу мелдештерди тартуу кылган бул оюндар дүйнө жүзүнө жаңы рекорддор менен чемпиондорду тартуулады. Рио Олимпиадасы Майкл Фелпс менен Усейн Болттун акыркы мелдештери, күтүлбөгөн жыйынтыктар жана башка кызыктуу окуялар менен эсте калды.

КОЛ ЖЕТКИС РЕКОРД


Олимпиада тарыхындагы эң байгелүү спортчу Майкл Фелпс бул оюндарда 5 алтын жана 1 күмүш медаль тагынып, АКШнын медалдар капчыгын толтурду. "Акыркы жолу көрүүчүлөр алдында жарышка түшүү, анда жеңип подиумга акыркы жолу көтөрүлүү... Менин бардык кыялдарым орундалды" деген 31 жаштагы суучул спорттон биротоло кеткени тууралуу жар салды. Америкалык суучулдун Олимпиадаларда алган жалпы медалдары 23 алтын, 3 күмүш, 2 колону түзүп, жакын арада эч ким жете алгыс рекорд катары саналат.

БОЛТТОН КҮЛҮК ЭЧ КИМ ЖОК


Дүйнөдө 8 жылдан бери ямайкалык Усейн Болттон күлүк эч ким жок. "Рио-2016" Олимпиадасы буга далил болду. Жеңил атлетиканын эң кызыктуу мелдеши саналган 100 метр аралыкка болгон жарышууда 9,81 секунд көрсөткүчү менен ямайкалык спринтер 1-орунду камсыздады. Ал 200 метр аралыкка болгон жарышууда да биринчи келсе, эстафета жарышында Риодогу 3-алтын медалын тагынды. Мезгил менен жарышкысы бар Усейн Болт 3 Олимпиадага катышып, бардык мелдештеринде алтын утуп келет (жалпы 9 алтын медаль).

ЧЕЧИНҮҮГӨ ЧЕЙИН БАРГАН ТАЛАШТАР


Риодогу көпчүлүк беттештердин жыйынтыктары калыстардын талаштуу чечимдери менен чечилип жатты. Өзгөчө бокс жана күрөштөгү таймаштар ызы-чуулар менен эсте калып, бир канча калыстар жумушунан айрылышты. Алсак, бокс боюнча 91 килограмм салмактагы финалда калыстардын чечими менен Евгений Тищенкодон жеңилип калган казак мушкери Василий Левит залдагы күйөрмандарды бир нече мүнөт бою өзү тынчтандырууга аракет кылды. Эркин күрөштөгү 65 килограмм салмак чениндеги коло үчүн күрөшүүдө монгол балбаны Мандахнаран Ганзоригдин машыктыруучулары калыстардын чечимине нааразы болуп, аны килем үстүндө кийимдерин чечип ыргытуу менен билдиришти.

АДАМГЕРЧИЛИК БИРИНЧИ ОРУНДА


Кыз-келиндер арасындагы 5000 метр аралыктагы жарышта Жаңы Зеландиянын өкүлү Никки Хэмблин кокустуктан алдыда бара жаткан америкалык Эбби д`Агостинонун бутун тебелеп алган. Жыйынтыгында америкалык спортчу жаракатынан улам жарышты уланта албай калган. Муну байкаган Никки дароо токтоп, Эббини финишке дейре жеткирүүгө аракет кылган. Эки спортчу тең акыркы орундарда келгени менен, уюштуруучулар аларды финалга өткөрүшкөн. Ошондой эле Эл аралык олимпиада комитети эки спортчуга спорттогу адамгерчилик башкы орунда экендигин көрсөткөндүгү үчүн атайын медалдарды ыйгарышты.

НЕЙМАР БАШТАГАН БРАЗИЛИЯ


Биринчи кезекте футбол. Бразилия "Рио-2016" оюндарындагы эркектер арасында футбол мелдешинде алтын медалга жетиши биринчи орунда турду. Неймар баштаган Бразилия курамасы тайпалык оюндарда эки жолу тең чыкканы менен, финалдык баскычтарда мыкты оюн көргөзө баштады. "Маракана" стадионунда өткөн финалда үй ээлери Германия менен кезигип, пенальти сериясында гана жеңишке жетишти. Чечүүчү голду Неймар өзү киргизип, бразилиялыктарды майрамга бөлөдү. Муну менен Бразилия өз тарыхында алгачкы жолу футбол боюнча Олимпиада оюндарын жеңди.

ЭСТЕ КАЛГАН КЫТАЙ СПОРТЧУЛАРЫ


Кытай курама командасынын спортчулары жалпы командалык эсепте үчүнчү орунда гана калып, спорттук көрсөткүчтөрүнө караганда башка окуялары менен эсте калышты. Алсак, алардын Цинь Кай аттуу спортчусу коло медаль багынткан сүйүктүүсү спортчу Хэ Цзынын колун медаль тапшыруу аземинен соң сурап, көпчүлүктүн назарын бурду.
Бул Олимпиада оюндарындагы эң жаш чемпион бийиктиктен сууга секирүү спортуна катышкан кытайлык Жэнь Цянь болду. 15 жашка толгон бул спортчу кыз 10 метр бийиктиктен секирүү боюнча алтын медаль тагынууга жетишти.

ЖЕҢИШ ҮЧҮН БААРЫНА ДАЯР ШОНА МИЛЛЕР


Кыз-келиндер арасындагы 400 метр аралыкка болгон финалдык жарышуу Багам аралдарынын спортчусу Шона Миллердин эрдиги менен эсте калды. Ал жарыштын башынан аягына чейин алдыда келе жаткан, бирок финишке бир нече кадам калганда Эллисон Феликс аттуу америкалык күлүк жетип барган. Жеңиш үчүн эмнеге гана барбайсың? Шона Миллер финиш сызыгын жата калып секирип өтүп, биринчи болуп чыкты. Бул секирик ага алтын медаль алып келди.

МЕДАЛДАР ТИЗМЕГИ



"РИОНУ РИО МЕНЕН САЛЫШТЫРУУ КЕРЕК!"

"Ооба, Риодогу Олимпиада оюндары идеалдуу өттү деп айта албайбыз. Риону Лондон, Сиднейде өткөн оюндар менен салыштырып, кемчиликтерди тапса болот. Бирок Риону Рио менен салыштыруу керек! 2009-жылдагы шаар менен азыркы шаарды салыштырып, канчалык жумуштар аткарылгандыгын көрүүгө болот",- деп Бразилиядагы жергиликтүү басылмалар Олимпиаданы татыктуу тосуп алдык деп белгилешүүдө. Рио шаары өз миссиясын аткарып, Олимпиада отун расмий түрдө 32-жайкы Олимпиаданын борбору болгон Япониянын Токио шаарына өткөрүп берди.

"Рио-2016" бир сүрөттө. Шаардын жакыр турган районунун жашоочулары суктануу менен гана өткөрүштү.


Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
shayl2106
2016-08-30 12:40:40
Буйруса 2020-жылы Кыргызстан 20 алтын 15 кумуш 10 коло алып келишет умут кылыш керек,жакшы ниет кылыш керек,умутсуз шайтан,Алга КЫРГЫЗСТАН!!!
+1
shayl2106
2016-08-30 12:40:54
Алга
0
malika79
2016-09-02 14:14:59
жжок 21 алтын 15 кумуш 10 колода
0
№ 721, 26-август-01-сентябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан