ҮЗҮЛБӨГӨН ҮМҮТ (фотороман)

Гезитибиздин өткөн санында ырчы Кайрат Примбердиевдин бала чагын чагылдырганбыз. Анда ырчы атасыз өскөнүн, үй-бүлөсү оор турмушту көрүп, жокчулуктан улам бир топ кыйналгандарын баяндап берген эле.

– Ырга болгон шыгым кичинемден эле ойгонду. Сыналгыдан бир ырды уксам ошону жаттап алып, окшоштуруп ырдай берчүмүн. Ойноп жүрүп көчөдөн кошуна балдарга да ырдап бермей адатым бар эле. Бир жолу "ырчы болом" десем, кошуна балдардын бири шылдыңдаса, балдардын баары каткырып жиберишти. Ал балага көпкө чейин таарынып жүргөм.


– Бир кошуна апа мени күн сайын чакырып алып ырдатчу. Ага болгондо да орусча ырларды аткарып берчүмүн. Ырдаганым үчүн "гонорарыма" чөнтөгүмдү таттууларга толтуруп берчү. Бирок апанын үйүнөн эдиреңдеп чыгарым менен сыртта турган чоң балдар чөнтөгүмдөгүлөрдү тартып алышчу да, мен ыйлаган бойдон үйгө куру барчумун.


– Мектепте өткөн ар кандай иш-чараларда ырдап, активдүү болчумун. Сабактарымды жакшы окучумун. Надежда деген орус тили сабагынан берген эжейим башка класстарга барганда окуй албаган балдарды "Примбердиевдей болуп окубайсыңарбы!" деп урушчу экен.


– 8-классты бүткөн соң классташ балдарым менен түн ортосуна чейин көчө таптамай башталып, окуум унутулду. Мектепти бүткөн соң окууга тапшыра албай калгам. Кийинки жылы Таластагы техникумдун электрлештирүү жана автоматика бөлүмүнө тапшырдым. Бирок окуумду аягына чыгарган жокмун. 2-курста 500 сомду чөнтөккө салдым да, бир классташым экөөбүз "темир жолдо жүк ташуучу болуп иштейбиз" деп Бишкекти көздөй келе бердик.


– Айылда жүргөндө шаардан каникулга келген классташым Султан Садыралиев мени улам-улам ырдатып, "досум, сен шаарга барып ырчы болушуң керек" деп шыктандыра берчү. Ошондуктан Бишкекке да баары бир ырчы болом деп Султанга ишенип келгем. Бирок ага келерим менен жолуга алган жокмун.


– Борборго келгенде башка досторумдун үйүндө жашап, алардын жардамы менен наабайканага нан бышыргыч болуп жумушка кирип алдым. Бир жумадан кийин шаарга мени менен чогуу келген балага телефон чалсам, "ээ, койчу шаарыңды, болбойт экен" деп айылга кетип калыптыр. Мен да нан бышыруучу жердин түйшүгүнөн кыйналып, эмне кыларымды билбей башым катып жүргөн.


Кыйынчылыкта жашаган Кайрат кантип сахнага кадам таштайт?
Биринчи үй-бүлөсү эмне себептен бузулду?
Ырчыны алдыда кандай турмуш сыноолору күтүп турат?
Бул суроолорго гезитибиздин кийинки сандарынан жооп аласыздар.

(Уландысы кийинки санда)

Асхат Субанбеков
Адилет Бектуров
lira@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Belek2070
2016-09-03 03:49:05
Оо сонун кызык жеринде бутту.
+1
№ 721, 26-август-01-сентябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан