Төмөндөгү окуяда кызганычтын айынан күйөөсү аялын өлтүрүүгө аракет кылган. Аялын машина менен сүзүп, жыгылып калгандан кийин бычак менен 3 жолу сайып, андан соң сабаган.
ОКУЯ ТУУРАЛУУ
Кара-Суу районунун Төлөйкөн айылынын 28 жаштагы К.Н. аттуу тургуну Ош шаардык ИИБине арыз менен кайрылган. Арызында 19-август күнү Жолон Мамытов көчөсүндөгү үйүнүн жанында күйөөсү автоунаасы менен сүзүп, жыгылып калгандан кийин далысына үч жолу бычак сайып өлтүрүүгө аракет жасаганы айтылат. Ош ШИИБинин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери көп өтпөй Кара-Суу районунун Р.М. аттуу тургунун, жабырлануучунун күйөөсүн кармашкан.
"ЖАБЫРЛАНУУЧУНУН АБАЛЫ ТУРУКТУУ"
Жабырлануучу учурда Ош шаарындагы ооруканалардын биринде дарыланууда. Абалы кандай экендигин билүү максатында дарыгерлерге кайрылып, мөөнөттөгү врачтан төмөндөгүдөй жооп алдык:
– Ооба, бизге оор жаракат менен жабырлануучу келип түшкөн. Аны машина сүзгөн жана арт жагына бычактан бир нече жаракат алган. Ары-бери басуудан кыйналганы менен, учурда жабырлануучунун абалы туруктуу.
"БЫЧАК ИЙИЛИП КЕТКЕНДЕ МУШТУМУ МЕНЕН САБАГАН"
Кылмыш туурасында Ош шаардык ИИБинин маалымат кызматкери Замир Сыдыков буларды айтып берди:
– Окуя 19-август күнү болгон. Биздин кызматкерлер кылмышка шектүү Р.М. аттуу Кара-Суу районунун тургунун колго түшүрүшкөн. Тергөөнүн жүрүшүндө кылмышка шектүү менен жабырлануучунун аял-күйөөсү экендиги аныкталды. Бирок кайсы бир убакыттан бери кызганычтын айынан экөө чогуу жашабай жүрүшкөн. Окуя болгон күнү жабырлануучу күйөөсүнүн үйүнө, тагыраагы, кайын журтуна келип майда-чүйдө буюмдарын чогултуп алып кетмекчи болгон. Ошондо кайнатасы уулуна телефон чалып, келинчегинин кийим-кечегин жыйнап кетип жаткандыгын кабарлайт. Баласы келип, аялын кетирбөөгө аракет кылып ортодо уруш чыккан. Жыйынтыгында кылмышка шектүү келинчегин автоунаасы менен сүзгөн да, жыгылып калганда унаасында болгон ашкана бычагын алып чыгып далы тушка 3 жолу сайып жиберген. Бычак ийилип кеткенде муштум менен ургулаган. Кылмышка шектүүнүн үстүнөн Кылмыш жана жаза кодексинин 28-97-беренеси (адам өлтүрүүгө аракет жасоо) менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат. Кылмышка шектүү учурда Ош ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Сүйүн Кулматова
koom@super.kg