"НАШЕнин" байгелерин өткөрүп жибербе!

Август аяктап бара жатат, бирок бул жайдын ысык акциясы дагы эле уланууда. Эрежеси жөнөкөй: "Наше" сатып ал – белектерди утуп ал!

"Наше" компаниясынын байгелүү СМС-акциясы 2016-жылдын жай айынын көркүнө чыгарган негизги окуясы болууда. Учурда бул оюнга Кыргызстандын бардык тарабынан миңдеген катышуучулар катталышты. "Градус" позитивине бөлөнгөн акциянын кулачы күндөн-күнгө өсүүдө: жолу болгондор бул оюндун эстафетасын досторуна өткөрүп берүүдө, аны менен табигый ичимдиктин даамынан ырахат алууну гана эмес, байгелерди утуп алууну дагы сунушташууда.
– Достор арасында эс алуу күндү бирден бөтөлкө "Наше" сырасын ичүү аркылуу баштоо салтыбыз бар. Андан кийин промо-коддорду "8888" кыска номерине жөнөтөбүз дагы кимге ийгилик жылмаярын күтөбүз. Мен футбол тобун жана бейсболка утуп алгам. Чынын айтсам, топту утуп алганымда жаш баладай кубандым! Себеби белек сапаттуу жана ойногонго абдан ыңгайлуу экен. Дароо балалык кезим эсиме келди, анда мен футболго абдан кызыгар элем, ийримге катышчумун, өздүк дептериме сүйүктүү клубдарымдын матчтарынын жыйынтыктарын жазып жүрөт элем. "Наше" болсо дагы бир ирет футбол дүйнөсүнө сүңгүү мүмкүнчүлүгүн берди,- дейт Ош шаарынын тургуну Алмаз.
Ал эми Токмок шаарынын тургуну Кыялбек Маликов байге утуп алгандардын арасынан рекорд койгон катышуучу болуп эсептелет. Бул мырза "Нашенин" белгиси түшүрүлгөн 4 даана баштык утуп алуу максатын койгон. Ошондуктан "Наше"нин белектерин утуп алууга аракет кылган досторунун тобун түзгөн. Азырынча Кыялбекке дагы 3 баштык жетишпейт. Бирок ийгилик ага жылмаярына ал ишенет, себеби акциянын бүтүшүнө дагы бир айдан ашуун убакыт бар!
Байгелерди тапшыруу борборунун кызматкерлеринин сөздөрүнө караганда, алар "Нашенин" байгелүү марафонунун көптөгөн катышуучуларын жүзүнөн таанышат жана эски тааныштардай эле сүйлөшүшөт. Жеңүүчүлөр, албетте, белекке сөзсүз ыраазычылыктарын билдирүү менен бирге даамдуу, табигый, сергитүүчү, кайраттуулук жана энергия тартуулаган "Нашенин" өзүнө дагы ыраазычылыктарын билдиришет.
Баса, "Нашенин" ден соолукка берген пайдасын бул жайдын гран-при белеги деп атоого болот жана аны акцияга катышкан бардык катышуучулар утуп алышты. Себеби өндүрүмдүн курамын карай турган болсок, андагы сиңимдүү формага ээ болгон В1 жана В2 витаминдерин көрүүгө болот. "Наше" соода маркасынын бир литр ичимдиги тиаминдин (В2) жана рибофлавиндин (В2) суткалык керектөөсүнүн жарымын камсыз кылат. Мындан башка өндүрүм аскорбин кислотасы менен дагы байытылган. Бир литр "Нашеде" С витамининин суткалык керектөө көлөмүнүн 70 пайызы камтылган. Никотиндин жана фолий кислотасынын суткалык керектөөсүн камсыздандыруу үчүн жарым стакан "Нашени" ичүү жетиштүү болот. Буларга таң калуунун кажети жок, себеби "Наше" соода маркасынын алдында чыгарылган өндүрүмдөр жаратылыштын күчүнө каныктырылган табигый кошулмалардан гана жасалат. Заманбап өндүрүш технологиялары болсо даярдалган ичимдиктеги "тирүү" витаминдерди жана минералдарды сактоого жардам берет.

Бирок "Наше" соода маркасынын өндүрүмү ичимдиктерди керектүү өлчөмдө кабыл алган учурда гана пайдасын берет. Ошондуктан компания акцияга катышуу үчүн 18 жаштан жогорку жана өзүнүн тандоосу үчүн жоопкерчиликке ээ болгон жарандарды гана катышууга чакырат. Сиз дагы катышкыңыз келеби? Анда эрежелерди эске салабыз:

  • Акциялык белгиси бар "Наше" соода маркасынын өндүрүмүн сатуу орундарынан издеңиз;
  • Ар бир бөтөлкөнүн капкагынын алдындагы промо-коддорду "8888" кыска номерине жөнөтүңүз (СМС-билдирүүнүн баасы 1 сом);
  • промо-кодду promo.nashe.kg сайтында акысыз каттоого болот;
  • коддун статусун СМС-билдирүү аркылуу дароо кабыл алыңыз;
  • эгер код байгелүү болсо жакынкы байгелерди тапшыруу борборуна паспортуңуз менен кайрылыңыз, жакынкы даректи сурап-билүү телефон номери: 0-800 00 888 88.

Байгелер катталган коддордун арасынан электрондук тутумдун жардамы менен кокустан тандоо жолу аркылуу ойнотулат. Албетте, 8 сандуу код менен канчалык көп СМС жөнөтсөңүз компьютердин сизди тандап алуу ыктымалы жогору болот. Акцияга катышкан төмөнкү ичимдиктердин капкагынан сегиз сандуу кодду издеңиз:

1. "Наше шахтерское" 0,5 л көлөмүндөгү айнек бөтөлкө
2. "Наше шахтерское" 0,5 л көлөмүндөгү ПЭТ бөтөлкөдө (пластик бөтөлкө)
3. "Наше шахтерское" 1,0 л көлөмүндөгү ПЭТ бөтөлкөдө
4. "Наше шахтерское" 1,5 л көлөмүндөгү ПЭТ бөтөлкөдө
5. "Наше шахтерское" 2,0 л көлөмүндөгү ПЭТ бөтөлкөдө
6. "Наше классическое" 1,0 л көлөмүндөгү ПЭТ бөтөлкөдө
7. "Наше классическое" 1,5 л көлөмүндөгү ПЭТ бөтөлкөдө
8. "Наше классическое" 2,0 л көлөмүндөгү ПЭТ бөтөлкөдө
9. "Наше безалкогольное" 1,0 л көлөмүндөгү ПЭТ бөтөлкөдө

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
nargis
2016-08-30 08:06:07
Ичкендер башка ойногондор башка ,байгесин баашка шаарларда кайсыл дарек менен алаарын да жазып койсонор.
0
№ 721, 26-август-01-сентябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан