Шайыр, ар дайым жүзүнөн жылмаюу кетпеген Нэна аттуу ырчы бар. Учурунда "Нарындан жазган салам кат", "Мен сенден сүйүү күтөм" аттуу ырларды аткарып элге алынган ырчы турмушка чыккандан кийин сахнадан көп көрүнбөй калды. 2 уулуна элжиреп эне мээримин төгүп отурган ырчы менен жай отуруп маектештик.
– Нэна, чыгармачылык тыныгуудан кийин "Көздөрүң" аттуу ырды аткарып чыктыңыз. Андан кийинки чыгармачылык демиңизди байкай элекпиз...
– Менин оюмча, бир жылда 1 же 2 ыр жаздырсаң жетиштүү. Кайра-кайра ыр жаздырып, клип тарттыра берсең, элди деле тажатасың. Мени иштебей жатат дегендерге кошулбайм. Жакында эле эки ыр жаздырдым. Бирөөсүн Токтобек Асаналиев менен дуэт аткарам. Ошол чыгармага клип тарттырууга камынып жатабыз. Негизи кыла турган ишимди алдын ала жар салып, пиар кылбайм. Айрымдар жеген тамагынан тартып байпак сатып алганына чейин жар салышат. Мен социалдык тармактагы баракчаларымдан олуттуу эле нерселерди бөлүшөм.
– Чыгармачылыкка баш-отуңуз менен качан киришейин деп жатасыз?
– Чыгармачылыктан көп деле алыстаган жокмун. Төрөгөндөн кийин эфирге көп чыкпай калдым. Элдин "толуп кетиптир, мындай-тигиндей болуп калыптыр" деген сөздөрүн укпайын деп баштапкы келбетиме келгенче эфирден алыс болдум. Буюрса, улуу баламды сүннөткө отургузуп, кичинесинин тушоосун кесип той берейин деп жатам. Бул жакшылыктарды ишке ашырып, балдарымды бала бакчага бергенден кийин чыгармачылыкка баш-отум менен киришем.
– Маекке чакырганда "балдарымды таштаганга киши жок" деп калдыңыз. Үйдө жалгызсызбы?
– Ата-энем менен чогуу турам. Балдарыма апам, сиңдим жардамдашат. Учурда үйдөгүлөр эс алууда болгондуктан эки баламды өзүм карап жатам.
– Бала багуучу жалдабаганыңызга караганда баласаак окшойсуз?
– Өзүмдүн балам өзүмө керек да. Балага кичинесинен мээрим төгүп, көңүл буруу зарыл. Өзүм ырдап, бала багуучу жалдап алсам туура эмес болуп калмак. Мен ошол принципти карманам. Мыкты эне эле болбостон, өнөрүмдү өксүтпөгөнгө да аракеттенип жатам.
– Жалгыз болгон учурда өзүңүз менен сүйлөшүп каласызбы?
– Бир маселени чечүүдө оюм 50-50 пайыз болуп калса, Жараткандан "туура кылып жатамбы же ката кетирип аламбы?" деп сурайм. Мурда чечимди кабыл алып, анан ойлончумун. Азыр ойлонуп, анан чечим кабыл алганга көндүм.
– Демек, моюнуңузга жоопкерчилик алганга үйрөндүңүз...
– Менден үмүт кылгандардын үмүтүн акташым керек. Уулдарыма жакшы эне болушум зарыл. Анткени бала энеси тууралуу жаман сөз укпашы керек. Ал нерсе балага катуу тиет.
– Бойдок кезиңизде артыңыздан түрдүү ушак укканыңызды айтчу элеңиз. Азыр деле артыңыздан жагымсыз сөз ээрчип турабы?
– "Эл оозунда элек жок" дегендей, айтылган нерсе айтылып эле келе жатат. Ал сөздөргө маани деле бербейм. Айтылган сөздөр калп болгондон кийин убакыт коротуп териштирүүнүн зарылчылыгы жок. Учурунда "Нэнанын атасы депутат экен. Бул таза кыргыз эмес турбайбы, чоң аталары негр экен" деген күлкүлүү кептерди да уккам.
– Катылгандын катыгын берчүдөй эле көрүнөсүз...
– Сахнада кандай болсом, жашоодо деле ошондоймун. Күлүп жүрөм. Бирөө тийишсе сахнада болобу, эфирде болобу дароо жообун берем. Бул кыялымды кесиптештерим да билишет. Улуу киши болобу, кичүү болобу бетке айтам. Шоу чөйрөсү Жунгли токоюндай. Алсыз болсоң эле жеп кетет. Ошондуктан чыйрак дагы, акылдуу дагы болушуң керек.
– Балдарыңыз сиздин ырчы экениңизди билип калыштыбы?
– Улуусу менин бардык ырларымды жатка билет. Телевизордон көрүп калса инисин "апам ырдап жатат" деп ээрчитип келет.
– Мурунку маектериңизде "жолдошума кыялданганды үйрөтүп жатам" дедиңиз эле. Ал сизге эмнени үйрөттү?
– Турмушта чын эле эки адам бири-бирине үйрөтөт экен. Мага жолдошум өзүмө ишенимдүү болууга үйрөттү. Азыр мен ата-энеме жана балдарыма кам көргөндү, ошондой эле аларга карыз экенимди билдим. Жолдошума болсо жашоону үйрөттүм.
– Жолдошуңуз күйөрманыңыз экенин айткансыз. Ырдап бересизби?
– Жаңы баш кошкондо ырдап берчүмүн. Азыр анын ырдоочу кезеги келди (күлүп).
– Деги эле экөөңүздөрдү эмне бириктирип турат?
– (Көпкө ойлонуп) балдарыбыз.
– Балдарыңыз атасын сагынат да. Ошко тез-тез барып турасызбы?
– Эки балам тең тентек. Алар менен алыс жолго чыгуу кыйын. Ошондуктан атасы сагындырбай келип турат.
– Маегиңизге рахмат!
Султан Төрөбеков
star@super.kg