Учурда кыздар арасында табигый көрүнгөн калың каш модада. Бирок ал бардыгына эле жараша бербейт. Кашты формага келтирүү, кам көрүү жана башка кеңештерин косметолог-визажист Жаркынай Касымова айтып берет.
УЧУРДАГЫ ТРЕНД – СКАУС
Бул мырзалардын кашындай жоон, калың, табигый көрүнүшүн сактаган каш. Мындай каш үчүн мурун коррекция жасалган кашты өстүрүп, анан кайра коррекция жасоо керектелет. Башкача айтканда, бир сызыкта кылып тербей, каштын алдынан чындап ашыкча (ар жерде сербейген) делгендерин гана тересиз. Ал эми каштын үстү жагы тегиз болушу шарт. Эгер кашыңыз суюк болуп, жакшы өспөй жатса, анда капаланбаңыз. Тень же карандашты колдонуп, жоонойтуп алсаңыз болот.
КАНДАЙ БЕТКЕ КАНДАЙ ФОРМАДАГЫ КАШ ЖАРАШАТ?
Сүйрү (чап жаак) бетке догоо сымал каш (дугообразный) жакшы жарашат. Мындай бет түзүлүштүн жана каштын ээси – белгилүү америкалык актриса Жессика Альба.
Тегерек формадагы беттерге өйдө көтөрүлүп барып, бурчу чыккан формадагы каштар жарашыктуу болот. Мындай келбеттин ээси – ырчы жана актриса Хайден Панеттьери.
Төрт бурчтуу бетке ай сымал формадагы каш жакшы жарашат. Себеби бетти тегерек кылып көрсөтөт. Буга актриса Сандра Буллок мисал болуп бере алат.
Бети узун, сүйрү формадагы айымдарга жалпагыраак, уч жагы гана бир аз ылдый ийилген каштар сунушталат. Буга театр жана киноактрисасы Натали Портман кирет.
КАРАНДАШ ЖАНА ТЕНДИ ТУУРА ТАНДОО
КАШТЫН ФОРМАСЫН АНЫКТОО
1. Карандашты мурун таноосунан көздүн кычыгына түз коёбуз, кесилишкен жерин каштын башталыш чекити кылып белгилеп алабыз. Демек, 1-чекиттен баштап 2-каштын аралыгында өскөн каштар терилиши керек.
2. Карандаштын мурун таноосу менен көздүн карегин кесип өткөн жерин каштын эң бийик чекити кылып белгилейбиз.
3. Карандашты мурун таноосунан көздүн сырткы кычыгына койсок, каштын узундугунун чекити келип чыгат.
Эми белгилеген чекиттерди карандаш аркылуу бириктиребиз. Ашыкча кашты терип, каштын уч жагы кыска болуп калса, ал жерди тень жана карандаш менен чиебиз.
Эгерде каштын формасын чыгарып чие албасаныз, эч капаланбаңыз. Сиз каш чийүүчү трафарет аркылуу кашыңыздын формасын чийип, боёп алсаңыз болот.
ТАТУАЖ
1. Текши татуаж. Каштын формасы бетиңиздин формасына жараша жана сиздин каалооңузду эске алуу менен чийилип, каштын өңү тандалат. Анан ичи тегиз текши боёк менен боёлот. Бул арзаныраак.
2. Талча түрүндөгү татуаж. Бул кашты каштын талчаларына окшоштуруп чийүү. Татуаж жасоодо каштын өңү эске алынат. Ошондой эле беттин формасына жана сиздин каалооңузга жараша жасалат. Бул түрү кымбат.
Татуаж 6 айдан 5 жылга чейин кармалат. 20 жаштан баштап жасата берсе болот.
Татуаж кимдерге жана кайсы учурда жасалбайт?
КАШКА КАМ КӨРҮҮ
1. Осмонун ширесин сыгып алып кашка сүйкөш керек. Мунун артында каш жок жерлерге каш өсүп, каштын өңү карарат.
2. Кастор майын уктаардан жарым саат мурун сүйкөгөн жакшы. Кастор майы кашты өстүрөт.
Нурайым Өмүрбек кызы
kenesh@super.kg