Чолпон Жакупова: "ЭЛДИН БАШЫН АЙЛАНТКАНДЫ ТОКТОТКУЛА!"

Мыйзамга ылайык, Жогорку Кеңеш Баш мыйзамга 2020-жылга чейин өзгөртүү киргизе албайт. Президенттин болсо мыйзам долбоорун демилгелеп чыгууга таптакыр укугу жок. Учурдагы Баш мыйзам боюнча Конституцияны өзгөртүүнү кааласа эл гана демилгелеп чыга алат. Тагыраагы, 300 миң
адам кол топтоп, Баш мыйзамды өзгөртүп бергиле деп кайрылышса гана бул аракет ишке ашуусу мүмкүн эле. Бирок элден эч ким сурап отурбай эле демилге башталып кетти...

ДЕМИЛГЕЧИ КИМ?

24-август күнү Бишкекте Конституцияны өзгөртүүгө аракет кылып жаткандар жана өзгөртүүгө каршылардын пикирлери кагылышкан тегерек стол болуп өттү. Аны Жарандык көзөмөлдөө комитети уюштурду. Жогорку Кеңештин депутаты Чолпон Жакупова адегенде Конституцияга өзгөртүү киргизүү демилгеси кимден чыкканын, өзгөртүүлөрдүн автору ким экендигин сурады. Демилгечи топтун ичинен бул суроого так жооп берген киши болбоду. КСДПнын депутаты Марат Аманкулов оңдуу жооп бере албай койгон соң президенттик аппараттын башчысы Фарид Ниязов: "Конституцияга болгон өзгөртүүлөрдү фракция лидерлери иштеп чыгып, президенттик аппаратка сунуштаган",- деди. Фарид Ниязовдун айтымында, президенттик аппараттын юристтери андан ары өзгөртүүлөрдү чогултушкан. Бирок президенттик аппараттын башчысы юристтердин аты-жөнүн айтуудан баш тартып, "биз соттук отурумда эмеспиз" деп кутулду.

КОНСТИТУЦИЯНЫ ӨЗГӨРТҮҮНҮ УЧУРДА ПРЕЗИДЕНТ ДА, ЖОГОРКУ КЕҢЕШ ДА ДЕМИЛГЕЛЕЙ АЛБАЙТ

"Бир болчу" Чолпон Жакупова демилгечи жана авторлор кимдер экенин бекеринен такып сурап отурбаганын мындайча түшүндүрдү: "Фарид Абилезимович, сиз айтып жатасыз, "силер – депутаттар демилгечи болдуңар" деп. Кечиресиз, учурдагы мыйзам боюнча депутаттар Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүүгө демилгечи боло алышпайт. Депутат-инициаторлор болсо "демилгечи – президент" деп жатышат. Азыркы Баш мыйзам боюнча, президент да демилгелей албайт. Бул учурду көрсөтсөк анда айтып жатышат, "элдин демилгеси" деп... Мыйзамда элдин демилгеси кантип башталып, кантип ишке ашары так жазылган. Ага Жогорку Кеңештин таптакыр тиешеси болбойт. 300 миң элдин колу болушу керек. Бир туруп "президент демилгеледи", бир туруп "Жогорку Кеңеш" дейсиңер. Көп нерсени сүйлөй берүүгө болот. Бирок эл алдында дайыма калп айта берүүгө болбойт! Мен кесиптештерим менен сүйлөшүп көрдүм, депутаттардын көбү окубай эле Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча долбоорго кол коюп беришиптир. Анткени президенттик аппараттан ошондой тапшырма болгон. Биринчи күнү 47 депутат кол койгон, эртеси болсо "колдорун кайрып" жатып демилгени колдогондордун саны 87ге жетиптир. Мындан эмне пайда? Элдин демилгеси болсо, буга депутаттардын такыр тиешеси болбошу керек. Элдин башын айлантканды токтоткула! Конституция боюнча тыюу салынган укукту өзүңөргө алып жатасыңар. Бул – кылмыш, бийликти узурпациялоо болуп саналат",- деди Чолпон Жакупова.
Эске салсак, Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча референдум өткөрүүнү Жогорку Кеңештин КСДП, "Республика-Ата Журт", "Өнүгүү-Прогресс" жана "Кыргызстан" фракциялары демилгелеп чыгышкан. Азыркы мыйзамга ылайык, Жогорку Кеңеш Баш мыйзамга 2020-жылга чейин өзгөртүү киргизе албайт. Кийинчерээк алардын катарына "Бир бол" фракциясы да кошулган. "Ата Мекен" гана Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы. Референдумдун ушул жылдын күз мезгилинде өткөрүлөрү айтылып жатат.
Маалымат үчүн: 70тен ашуун бейөкмөттүк уюмдардын башын бириктирген Жарандык көзөмөлдөө комитети өкмөттүн жана Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгүн көзөмөлдөө максатында 2010-жылы Апрель окуясынан кийин түзүлгөн.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 721, 26-август-01-сентябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан