"ҮҢКҮР-ТОО САТЫЛГАН БОЛСО, АНЫ КАЙСЫ ЖОГОРКУ КЕҢЕШ РАТИФИКАЦИЯЛАДЫ ЭЛЕ?"

Үңкүр-Тоону коргоо комитети коомчулукка кайрылуу жолдоп, Өзбекстандын милиция кызматкерлери Үңкүр-Тоого тик учак менен келип конгон тапта КТРК аркылуу такталбаган маалыматтар элге таркатылганын билдиришти. Тактап айтканда, "2006-жылы 3-октябрда ошол мезгилдеги президент Курманбек Бакиев Ташкент шаарында №20 протокол менен Үңкүр-Тоону сатып жиберген" деген кабар аталган каналдын маалымат программасынан айтылганы кайрылууда белгиленет. Үңкүр-Тоону коргоо комитети "Эгер Бакиев чындап саткан болсо, аны кайсы Жогорку Кеңеш ратификациялады болду экен?" деп суроо салышат.
Кайрылууда бир катар талаптар да айтылган. Такталбаган маалымат таратканы үчүн КТРК башчысы Илим Карыпбеков кызматтан кетсин, КТРК жарыялагандай, Үңкүр-Тоону Өзбекстанга берип жиберген болушса, Адахан Мадумаров менен Азимбек Бекназаров Аксыга келип түшүндүрмө берсин, "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев да келип, мыйзамдуулук боюнча так түшүндүрмө берүүсүн, "Кербен РРС-24" станциясынын 4 кызматкерин Өзбекстандан кайтарып алуусун бийликтен талап кылышкан.
Эскерте кетсек, 22-августта Өзбекстандын 7 милиция кызматкери тик учак менен Үңкүр-Тоого келип, 13-августта кармалган өзбекстандык ИИМ кызматкерин бошотуу талабын коюп, кыргыз чек арачылары менен сүйлөшүү жүргүзгөн. Ошондой эле жолугушууда Ала-Бука районундагы Орто-Токой суу сактагычынан Кыргыз мамлекетинин милиция постун алып салууну талап кылышкан. Алардын талабына ылайык, Өзбекстандын ИИМ кызматкери бошотулган. Бирок Үңкүр-Тоодогу телемунарада иштеген 4 кызматкерди кармап кетип, камап коюшкан. Кыргыз чек ара кызматынын 4 жаранды бошотуп алуу боюнча сүйлөшүүлөрү 25-августка карата жыйынтык бере элек.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 721, 26-август-01-сентябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан