"КАРА ТИЗМЕ" КӨЙГӨЙҮ ЧЕЧИЛБЕС БОЛДУ

Орусияда "кара тизмеге" илинген кыргызстандыктардын саны учурда 119 миңди түзөт. Бул тууралуу Мамлекеттик миграциялык кызматтын төрагасы Бакыт Адылов билдирди. Анын маалыматына ылайык, 2015-жылы "кара тизмеден" кыргызстандык 76 миң, 2016-жылы 6700 адам чыгарылган. Бирок кайра 6500 адам "кара тизмеге" илинген.
Эске салсак, Орусиянын Федералдык миграциялык кызматы 2013-жылдын ноябрь айында "кара тизмени" киргизген. Адегенде кара тизмеге Кыргыз өлкөсүнөн 30 миңдин тегерегиндеги адам кирип, бул сан жылдан жылга көбөйүп барат. Мигранттардын эсебинен жашаган Кыргыз мамлекети үчүн бул кошумча көйгөй жаратууда. Маалыматтарга ылайык, мигранттар которгон акча өлкө ИДПсынын 32 пайызын түзөт.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 721, 26-август-01-сентябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан