МИСТИКАЛЫК КҮЧҮ БАР «СТАТУСУ – БОЙДОК» ТАСМАСЫ

Орус киносу дегенде эле көз алдыбызга көп сериялуу тасмалар тартылат эмеспи. Салтка айланып калган кинолордо түгөйлөрдүн ажырашуусу кайгылуу окуя менен аяктайт. Бул жердеги сюжет андай эмес, күлкү менен башталып, хэппи-энд менен бүтөт. Кыска убакыт ичинде романтика менен комедияны айкалыштырган «Статусу – бойдок» тасмасы өз күйөрмандарын кайдигер калтырган жок.

Тарткан өлкө
– Орусия
Жанры – Комедия, мелодрама
Чыккан жылы – 2016-жыл
Узактыгы – 95 мүнөт
Чогулткан каражаты – 2 миллион 200 миңден ашуун доллар
Сценарист жана режиссёр – Павел Руминов
Башкы каармандар – Елизавета Боярская (Афина Гордеева), Данила Козловский (Никита Колесников), Владимир Селезнёв (Алексей Ярцев), Игорь Войнаровский (Вадик)

«МЕН СЕНИ 1 ЖУМАДА ӨЗҮМӨ КАЙТАРЫП АЛАМ...»

Стендапер Никита Хеллоуин майрамында залдагыларды күлдүрүп жатып көрүүчүлөрдүн арасынан бир адамга көзү түшөт. Чечкиндүү жигит сахнадан эле анын аты-жөнүн сураганга жетишет. Бат эле Афинанын көңүлүн тапкан Никита кыялындагы махабатка жеттим деп жүргөн. Көп өтпөй Афина ага «Экөөбүз дос бойдон эле калалы, мен өзүмдүн түгөйүмдү таптым. Ал тиш доктур болуп иштейт» деген жагымсыз кабар айтат. Мындайды күтпөгөн өжөр жигит «мен сени 1 жумада кайра өзүмө кайтарып алам» деп кыздын жүрөгүн багындыруу үчүн күчтөнүп киришет. Сүйүктүүсүн кайтаруу үчүн Никита эмне гана кылбайт? Түндө келип Афинага серенада ырдап берет, жигитин эл көзүнчө жаманатты кылат. Бирок бул жоруктарга Афинанын жигити Алексей Никита күткөндөй жинденбей, тескерисинче, дос болууга аракет кылат. Соңунда жигит сүйүүдө маанилүү нерсе сүйгөнүң менен бирге болуу эмес, аны менен чогуу өткөргөн бактылуу көз ирмемдер башкы орунда турарын түшүнүп, Афина менен дос бойдон калат.

РЕЖИССЁРДУН ЖАШООСУНАН АЛЫНГАН ТАГДЫР

Фильмдин сценарийин Павел Руминов өз башынан өткөн окуядан улам жазган. Ал «Мен 5 жыл мурун ажырашуу эмне экенин билгем. Ошонун айынан акылымдан тайып кетпейин деп өзүмдүн сезимдеримди кагазга түшүрө берчүмүн. Бул туурасында Даня Козловскийге айтканымда, ал дароо кино тартууну сунуштады» деген.
Тасма тартуу туурасында айтылган идея ошол замат ишке ашып, 1 жылда тартылып бүткөн. Кинонун продюсери Сергей Бобза тартуу иштери башталгандан кийин искусствонун мистикалык күчү таасир эткенин айткан. Кантип десеңиз, Сергей өз сөзүндө «Биз «Чоң шаардагы сүйүү-3» («Любовь в большом городе-3») тасмасын тартып жатканыбызда баарыбыздын жеке жашообузда жагдай сонун болчу. Анан эле «Статусу – бойдок» фильмине киришкенибизде көпчүлүгүбүздүн жашообузда дагы ушундай бурулуштар болуп кетти» деген кызыктарга токтолгон.

МИХАИЛ БОЯРСКИЙ ДАНЯ МЕНЕН ЛИЗАНЫН СҮЙҮҮСҮНӨ КАРШЫ БОЛГОНБУ?

Башкы каармандар Лиза Боярская менен Данила Козловский кичине кезинен чогуу өсүп, 2002-жылдан бери театрда эмгектенип келишет. Алардын театрда иштеген кесиптеши журналисттерге берген маегинде "Лиза менен Данила бири-бирин катуу сүйүшкөн" деп билдирген. Бирок ачыкка чыгарууну каалашкан эмес. Буга кыздын атасы Михаил Боярский каршы болуп, экөөнүн ортосундагы мамилени үзгөн. Бул окуядан кийин Лиза көп күн тамак жебей, азапка түшкөнүн кошумчалайт. Ал эми Козловский көп өтпөй эле өзүнөн 5 жаш улуу кесиптеши Уршула Магдаленага баш кошкон. «Ал Лизага өчөшүп үйлөнүп алды» деген сөздөр басылмаларга чыккан. Кийин атасы кызынын сүйүүсүнө бут тоскону үчүн өкүнүп жүргөнүн Лизанын классташы Татьяна Потапова ачыктаган.

ЛИЗА ДАНИЛАНЫН СУНУШУ МЕНЕН ТАРТЫЛГАН

  • Тасманын режиссёру Павел Руминов «Кинотавр» фестивалында (2012) «Мен сенин жаныңда болом» («Я буду рядом») аттуу эмгеги үчүн Гран-прини жеңип алган.
  • Данила Козловский тасмада роль гана жаратпастан, өзүн продюсердик жактан да сынап көргөн.
  • «Башкы ролго Елизавета Боярская тартылсын» деген сунушту да Данила киргизген.
  • Актёрдун жашоодогу апасы тасмада да энесинин ролун жараткан.
  • Лиза кино үчүн латын-америка бийин үйрөнгөн.

Лиза Боярская «Данила тасмадагы мыкты өнөктөшүм» деп айтуудан тажабайт.


Актёрлор сценарийден тышкары кошумча кадрларды да ойлоп табышкан.


Соңунда Афина тиш доктур жигити менен калат.


Жазгүл Кенжеева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Uzakova.Z.A
2016-09-05 23:06:28
Орусчасы кандай ошондо.
0
nasik198
2016-09-06 00:06:10
Статус свободен деп аталат
0
№ 722, 02-сентябрь-08-сентябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан