Би-Би-Си кыргыз кызматынын жаңылыктар берүүсү башталып музыкасы жаңырганда көрөрмандар телевизордун алдына келип, кулак төшөп калышат. Бүгүнкү мейманыбыз ошол Би-Би-Си кыргыз кызматынын продюсери, Лондондо жашап, иштеп, журналистика казанында 20 жылдан бери кайнап келе жаткан Акчолпон Койчиева.
– Би-Би-Си кыргыз кызматында иштегениңизге 20 жыл болуптур. Артка кылчайсак, кантип бул ишке орношуп калдыңыз?
– 20 жыл мурун Би-Би-Си кыргыз кызматы ачылып, ага кызматкерлерди тандоо боюнча сынак жүргөн. Анда көп киши катышкан, арасында ал учурдагы таанымал адамдар да бар болчу. Англисче мыкты билген шаардык кыздар, балдар да катышкан. Мен англисчени ал учурда алардай билбесем да, кыргыз тилинде так сүйлөгөнүм мага жеңиш алып келди деп ойлойм. Анын үстүнө ал кезде Жогорку Кеңеште консультант болуп иштеп, синхрондук котормо менен алек болуп, өлкөдөгү саясий абал тууралуу кабарым бар болчу. Англисче сүйлөгөндү Англияда 1-2 ай жүргөндөн кийин үйрөнүп кеттим.
– Лондондогу биздин 4 мекендеш кызматкер тең продюсер экениңиздер кызык экен...
– Бир эле продюсер болсо эч жакка чыга албай колу байланып калат. Бизде өзүңөр билгендей жамандык, жакшылык болот. Барбай да коё албайбыз. Ошондуктан төртөөбүз кезектешип эфирге продюсерлик кылып, жоопкерчилик алабыз.
– Кооптуу жерлерге барып маалымат даярдаган учур болгонбу?
– Негизи Би-Би-Сиде опурталдуу аймактарга кабарчы атайын даярдык, машыгуудан өткөндөн кийин гана жөнөтүлөт. Анда согуш учурунда, жер титирөөдө, террордук чабуулда, барымта кырдаалында кандай жүрүм-турумда болууну үйрөтүшөт. Мен болсо 2012-жылы Түркмөнстанга барган иш сапарымды эстеп калам. Ахалтеке породасындагы жылкыларга арналган фестиваль учурунда президент Гурбангулы Бердымухаммедов аттан жыгылып түшкөн эле. Ошол окуя тартылган видеону, жалпы эле фестиваль боюнча материалдарды алып чыгабыз деп далай текшерүүдөн өтүп, убара болгонбуз.
– Олуттуу жаңылыктарды айтып келип, соңунда жылмаюу жараткан жаңылык бересиздер, эмнеге?
– Жашоо жалаң эле саясат эмес да. Бизде агартуучулук милдетке да басым жасалат. Ошондуктан медицина, маданият, илим тармагындагы жаңылыктарды да беребиз. Ал эми жашоодо күлкүлүү окуялар да болот. Аларды да камтыганга аракет кылабыз.
– Компания кызматкерлерине кандай көңүл бурат?
– Алган эмгек маянабызды уккан биздин мекендештер көп экен деши мүмкүн. Бирок бул капиталисттик өлкө, Лондон дүйнөдөгү эң кымбат шаарлардын бири экенин эстен чыгарбоо керек. Иштөө үчүн жакшы шарттар түзүлгөн. Технологиянын эң соңку жетишкендиктери саналган аудио жана видео жабдуулар, маалыматты алуунун бардык мүмкүнчүлүктөрү бар. Ал эми кызматкерлер үчүн бекер чай-кофе камсыздалганы гана болбосо, калганын ар ким өзү уюштуруп алат. Албетте, компаниянын кадыры менен кредит алуу оңой. Көптөр кредитке үй сатып алышкан.
– Кыргызстан менен Англияны салыштыруу мүмкүнбү?
– Балким, Англияга жаңы барганда сураганыңарда "жок" деп айтмакмын. Бирок азыр бул нерсеге башкача карайм. Англиянын да, Кыргызстандын да өзүнө мүнөздүү сонун жактары бар. Бир гана ичти ачыштырганы кыргыздар өздөрүнө өздөрү өчөшүп алгансып, болгон жакшы нерселерди жок кылып, талкалап келе жаткандай туюлат. Бир чет элдик таанышым Саймалы-Таштан таштанды чогултуп, "ушундай сыйкырдуу кооз жер, аттиң, кыргыздар, силер бул жерде жашоого татыктуу эмес экенсиңер, карачы, кандай булгап жатасыңар" деп сыздаган. Көлдүн жээгиндеги таштандыны көрсө ыйламак. Эмнесин айталы?
– Үй-бүлөңүз менен 20 жылдан бери Лондондо экенсиз, балдарыңыз англиялык болуп калышыптыр да?
– Ооба, балдарым Англияда чоңоюп жатышат. Кызым Оксфорд, андан кийин LSE окуу жайын, уулум Лондон университетин бүтүрдү. Кичүүлөрү мектепте окушат. Эң негизгиси, балдарымдын баары тең кыргызча жакшы сүйлөшөт. Тилди унуттурбай үйрөтсө болот экен. Өзүм деле орус мектепте окугам, бирок үйдө жалаң кыргызча сүйлөчүбүз. Балыкчы шаарында Макаренко атындагы мектепти аяктагам. Негизи биздин үйдөгүлөр поэзияга, адабиятка жакын элек. Атам манасчы Сапарбек Касмамбетов, апам Асангүл Абдыгулова экөө тең төкмө акын, драматург катары таанымал кишилер.
– Модага карап кийинесизби?
– Моданы куубайм, бирок эске алам. Англияга жаңы барган жылдары англичандар, деги эле батыштагылар кийимге көңүл бурбайт экен деген жаңылыш көз карашта болгом. Алар ыңгайына карап эле футболка, шым кийип жүргөндөй туюлчу. Көрсө, англичандардын кийингенинен, сүйлөгөнүнөн кайсы социалдык катмарга таандык экенин, кандай жумуш аткарарын боолголоого болот экен. Өзгөчө орто тап жана ак сөөктөрү көздөп чыккан ишине ылайыктап кийинишет. Бизнес жолугушуусу, дос менен кездешүү, формалдуу жыйын, түштөн кийинки чайга же соода кылганы эле чыкса да дресс-коддун тиешелүү стилин карманышат. Мисалы, ТВ жаңылыктарын алып барган учурда телеге ылайыктуу кийинебиз. Бул боюнча атайын кеңеш берип, керек болсо сатып алууда жардамдаша турган стилисттер бар.
– Жактырып жеген тамагыңыз барбы?
– Англияда балыктын, уйдун, анан жалаң козунун этин жешет. Кыргызстандагыдай картайып бараткан кой жешпейт. Ошондуктан бул жакка келип конокко барганда койдун жиликтери мага өтө эле чоң көрүнүп кетет. Англияда үйрөнгөн жаңы даамдар менен бирге өзүбүздүн көнгөн манты, палоо, бешбармакты көп жасайбыз.
– Кайсы тилде ойлоносуз, китеп окуйсуз, кино көрөсүз?
– Кудайга сыйынганда кыргызча гана. Ал эми ойлонгондо англисче, орусча, кыргызча. Кинону англис тилинде гана көрөм. Китепти болсо орусча, англисче, кыргызча окуй берем.
– Англияда жашаган кыргыздар менен катышасыздарбы?
– Кыргыздар кайсы жерде болсок да кыргыздарбыз да. Жакшы жагы – катышууга умтулабыз. Жардамга муктаж болгондорго жапырт кол сунабыз, жамандык-жакшылыктарды белгилеп турууга аракет кылабыз. Жаман жагыбыз – ал жакта да бөлүнгөндөр, бөлүп-жаргандар жок эмес. Негизи, теги англис, түрк, пакистан жана башка британдыктарга күйөөгө тийген кыргыз кыз-келиндер көп.
– Бош убактыңызда эмне менен алек болосуз?
– Бош убактым абдан аз, ошондуктан аны жакшы пайдаланууга аракет кылам. Көбүнчө үй-бүлөбүз менен чогуу же Би-Би-Си кыргыз командасы болуп саякатка чыгабыз. Англия, Уэльс, Шотландияда көрө элек жайлар дале көп. Өзүмдү күчтөп йогага жана бассейнге барып турам.
– Маегиңизге рахмат, ишиңизге ийгилик!
Сүйүн Кулматова
star@super.kg