Интернет желесинде популярдуу болуп жаткан Инстаграм баракчасы жылдыздар үчүн кошумча киреше булагына айланды. Өзүнүн продукциясын жарнамалагысы келгендер көп окурманы бар атактуулардын баракчасын колдонууда. Биздин жылдыздар дүйнөлүк жылдыздардай бир жарнамалык сүрөт үчүн очойгон сумма албайт деңизчи, бирок саркеч кийимдүү, косметикалуу болуп калышат.
Америкалык рэп ырчысы Канье Уэсттин жубайы, реалити-шоу аркылуу популярдуулукка жеткен, Инстаграмда 81 миллиондон ашуун окурманы бар Ким Кардашьян бир продукцияны жарнамалоого 10 миң доллар алат. Ал эми 3 миллион окурманы бар теледива Ксения Собчактын баракчасына жарнама калтыргысы келгендер 150-200 миң рубль төлөшөт. Биздин атактуулардын көбү бартердик негизде иштешкендиктен айрым жылдыздар гана бир жарнамалык сүрөт үчүн 100 доллар табат.
Инстаграмды барактап отуруп "бул баланчанын кийими, бул баланчанын тамагы" деп жарнамалап жаткан продукциянын баракчасын белгилеп сүрөттөрүн жүктөгөн жылдыздарды көрөсүң. Бул аркылуу алар жарнама берүүчүлөрдүн баракчасына окурмандарын көбөйтүп, кардар таап беришет. Жарнама берүүчү менен бартер аркылуу кызматташкан жылдыздар кийим, косметикаларды бекер алып, кафелерден бекер даам сызышат. Таттуулар, пиццалар үйүнө чейин жеткирилет. Бул үчүн алар "рахмат, аябай жагымдуу болду" деп түшкөн сүрөтүн жүктөп жарнама берүүчүлөрдүн баракчасын белгилешет.
Аяна Касымова, ырчы: "ПРОДУКЦИЯЛАРДЫ БАРТЕР АРКЫЛУУ ЖАРНАМАЛАЙМ"
Окурманы – 207 миң
Аянага жарнамалык сунуштар күнүгө түшөт. Товарларын үйүнө чейин жеткирип, косметикалык каражаттарга, кийим-кечектерге толтурушат. Жаш ырчы аларды кезеги менен чыгарып турат.
– Продукцияларын бартер аркылуу эле жарнамалап, бир да жолу акча алган эмесмин. Алар "мынча суммага товар беребиз" дешет. Бартердик негизде көп товар алууга аракет жасап, аларды балдар үйүнө алып барып берем.
Асел Кадырбекова, ырчы: "ИНСТАГРАМ ЖАШООМДУ ЖЕҢИЛДЕТТИ"
Окурманы – 188 миң
Асел көбүнчө бутиктерди, асем буюмдарды, сулуулук салондорду, смартфондун тыштарын да жарнамалайт. Анын баракчасына бир эле жарнамалык сүрөт киргизүүнү каалагандар 100 доллар берет жана продукциясын белек кылышат. Эгер Аселге кайсы бир кийим керек болуп калса Инстаграм аркылуу "мага баланча, түкүнчө кийим керек" деп жазат да, жарым саатка жетпей издеген нерсесин таап алат.
– Инстаграм чыкканы жашоо жеңил болуп калды. Мисалы, макияж, чач жасаткым келсе салондорго жазылбай эле барам. Жарнама кылганга чейин алардын баракчасына кирип, окурманынын санын карап алам. Мен жарнама кылгандан кийин окурманы 3 миңге чейин өскөнүн байкайм.
Айкөл Аликжанова, модель, актриса: "2 СҮРӨТТҮ БӨЛҮШҮҮ ҮЧҮН 100 ДОЛЛАР АЛАМ"
Окурманы – 187 миң
Айкөл акыркы убакта мусулман кийимдерин – жоолук, хиджабдарды жарнамалап жүрөт. Гүлдесте саткандар да модель кыздын кучагын байма-бай гүлгө толтуруп калышат. 2 жарнамалык сүрөт үчүн ага 100 доллар төлөнөт.
– Косметикалардан декоративдүү эмес беттин терисин жакшырткан каражаттарды жарнамалап жүрөм. 2 жарнамалык сүрөт үчүн 100 доллар алам. Көбүнчө бартердик негизде иштейм, алар мага продукциясын белек кылышат. Эгер азык-түлүктү жарнамалоо сунушу түшүп калса, мен аны колдонуп көрүп, жакса гана чыгарам.
Анжелика, ырчы: "КӨБҮНЧӨ КИЙИМДЕРДИ ЖАРНАМАЛАЙМ"
Окурманы – 246 миң
Анжелика көбүнчө кийимдерди жарнамалайт. Айтымында, жарнама үчүн акча алып көргөн эмес, болгону бартер аркылуу гана иштешип, кызматы үчүн өзүнө жаккан кийимдерди тандап алат. Эгер окурманы миллионго жетсе акчага жарнамалап баштайм деген ойдо.
– Жаңы төрөп, бизнес ачканда кыйналган күндөрүм болгон. Ошондуктан үйүндө торт жасап, кийим токуп саткан жаш апалардын товарларын бекер жарнама кылам. Байкасаңыздар, мен көбүнчө кийим саткан бутиктерди жарнамалайм. Эгер ошол жактын кийим-кечеси жакса, аларды кийип сүрөткө түшүп жүктөп коём. Ал үчүн өзүм каалаган буюмду тандап алам. Инстаграм аркылуу алган буюмдарым аябай көп.
Динара Абдыкадырова
star@super.kg