ҮЗҮЛБӨГӨН ҮМҮТ (фотороман)

Гезитибиздин мурунку сандарында ырчы Кайрат Примбердиевдин бала чагын, шаарга кандайча келип калгандыгын чагылдырган элек. Анда ырчы атасыз өскөнүн, балалыгында жокчулуктан азап чеккенин, Бишкекке жаңы келгенде нан бышыруучу жайда иштеп калганын баяндап берген болчу.

15. – Наабайканада иштеп жүргөндө таякем жолугуп калды. Ал курулушта иштечү. "Мени менен чогуу иште" деп өзүнүн жанына алып алды. Ошентип курулушчуларга жардам берип ылай, топурак ташып кара жумушта иштеп калдым. Сахнага чыгам деген көксөөм сууган жок.


16. – Курулушта иштеп жүрүп биринчи айлыгыма сыналгы алып, таксисттерден Таласка апама берип жибергем. Ошондо "ак эмгегим менен тапкан акчага апама белек кылдым" деп кубанганымды айтпа.


17. – Бир аз иштеген соң ал жумушту таштап кетип калдым. Чыгармачылыкка киришейин деп өз алдымча 1-2 ыр жаздырып алганым менен, аны кайда алып барып, кантип чыгышымды билбей жүргөн күндөрдүн биринде Султанга жолугуп, алар менен чогуу жашап калдым. Ал учурда анын "Кудача кыз", "Махабатым" деген ырлары жакшы чыгып жаткан. Күндөрдүн биринде Султан жеке концертин коюп калды. Мен залда отуруп алып анын концертин көрүп өзүмчө эле башкача болгом. Султан сахнага мотоцикл менен чыкса элдин баары дүркүрөтүп кол чаап кыйкырып жатса, сахнада ал эмес, өзүм ырдап жаткандай кубанып отурдум. Ошондо ырчы болууну самап, чыдамым түгөнүп кетти.


18. – Султандар мени үйгө жалгыз таштап коюшуп гастролго кетип калышты. Күндүз да жалгыз, түндө да жалгыз ушунчалык зериктим. Көчөгө чыгайын десем тааныштарым деле жок. Балконго чыгып таш ыргытып ойногондон башка эрмегим калбай калган.


19. – Ошондой күндөрдүн биринде өзүнчө эле эргүү пайда болуп ыр жазгым келип, мени элге ырчы катары тааныткан "Сагынганда" аттуу ырымды жазгам. Ал ыр бирөөгө деле арналган эмес, жалгыздыктан зериккенде жаралган.


Кайрат кантип ийгиликке жетет? Жашоосунда кандай сюрприздер күтүп турат? Өз өлкөсүндөгү сынактарда эмнеге ийгилик жарата албай жүрдү? Бул суроолорго гезитибиздин кийинки санынан жооп аласыздар.

(Уландысы кийинки санда)

Асхат Субанбеков
lira@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Shekeev969798
2016-09-05 22:53:05
Аракетчил экен
+2
syrduujan
2016-09-10 23:10:16
бул ырчынын жетишкендиги жана баяны го э
0
№ 722, 02-сентябрь-08-сентябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан