БИР ИРМЕМ (сериал)

Бул окуу жайдагы экономика факультетинин айым мугалимдери ар убак түш оой жасанып башташат. Атайын жасанууга белгиленген убакыт бар сыяктуу. Жашы өтүп калган аялдар күзгүгө каранып кийимдерин түздөп, чачтарын тарап жасалгаламыш этишет. Ал эми жашыраактары кирпиктерин боёп, эриндерине эндик коюп, жыттуу атырларынан себинишет. Анан мугалимдер отуруучу бөлмө заматта жыпар жытка толуп калат. Мурда мындай эмес болчу. Бири-бири менен деле иши жок эле. Бирок быйыл жамаатка 25 жаштагы жапжаш Эрлан аттуу жигит келип кошулду. Анын мугалим болуп келгени бул факультетте өзгөчө окуя болду. Ананчы, жалаң жашы өтүп калган, үй-бүлөлүк көйгөйү, балдарынын маселеси башынан ашкан, "карып калдым" деген ойго алдырып койгон, эбак эле айымдарга комплимент айтууну унутуп калган агайлардын арасына жигиттик баралына келип турган кең далылуу Эрлан келип кошулганы байкалбай калмак эмес. Баарынан да бул жапжаш жигит жамаат менен таанышып жатып: "Ушунчалык сулуу айымдардын арасында иштеп калам деп ойлобоптурмун! Тагдырыма рахмат!" деп жылмайып койгондо отурган кыз-келиндердин баары уялыңкы жылмайышып, жашы өткөндөрү өздөрүнүн жаштыгын сагына улутунушса, али бойдок кыздардын жүзү албыра түшүп, маңдайларында турган Голливуд актёрундай бул жигитке суктанышкан болчу.

Ооба, ооба, Эрланды дароо кайсы бир актёрго окшоштуруп башташкан. Мырзалар бөлмөдөн чыгары менен айымдардын бири, чачын сары түскө боёп алган, ар дайым жасанып жүрүүчү Назик Эркебаевна "Жанагы Жерард Батлер деген актёр бар го, ошого окшош экен, ээ, бул жигит?" деп ичтеги ойлонуп отурган оюн көпчүлүккө салган.
– Жок,- деди арыда отурган Лира Эрматовна: – Жанагы түрк актёру бар го. Тиги султан Сулейманда Бали бейди ойнойт... Мына ошого окшош экен.
– А менимче...- жамааттагы эң улуу Любовь Владимировна да сөзгө аралашкан: – Ален Делондун жаш кезиндегисинин эле өзү.
Анан баары шарактап күлүп калышты. Кыязы ар бири сулуу деп тапкан мырзага Эрланды ичинен окшоштуруп жатышты окшойт. Бирок мындан башка да сезимдер айымдардын табиятынан романтикага жакын жүрөктөрүн аралап өткөн чыгар. Тилекке каршы, ал кандай сезимдер экени бизге белгисиз. Айымдар аны каткырган күлкүнүн аркасына жашырып коюшту. Күлкүнүн аркасына сезимдерди жашыра койгон негизи оңой го...
А Эрлан чындап эле сымбаттуу болчу. Бою узун, дайыма спорт менен машыгып жүргөнгө далысы кең болуп, булчуңдары чыңалып турчу. Чачы, кашы, каректери капкара, жүзү агыш тартып нурлуу. Жадакалса кийген кийими да ар убак жарашыктуу. Айрыкча кара-көгүш түстөгү костюмун кийип алганда журнал бетинен түшүп келген жигиттердей эле көрүнөт. Бирок баарынан да Эрландын комплиментти туура убакытта, туура жайда айта билген сапаты айымдарга өзгөчө жагат. Жумушка чыккан күндүн эртеси эле комплименттерди жаадырып баштаган. Ал башкалар байкабаган нерсени айтып коё алат. Маселен, кимдир бирөөнүн чач жасалгасын, кимдир бирөөнүн атырын, дагы биринин колунда 10 жылдан ашык жүргөн шакегин да айтып мактоо сөзүн, укмуш сонун жараша турганын саймедиреп салат. Бул күнү комплимент уккан айымдын бир күн кечке ууртунан жылмаюу түшпөйт.
Эрлан ар убак жумушка түш оой келет. Ага азырынча азыраак эле жумуш беришти. 2-3-курстагы 3-4 группага эле сабак өтөт. Келет да, мугалимдер отуруучу бөлмөдөн айымдардын бир-экөөнө өзгөчө комплимент ыргытып коёт. Факультеттин айымдарынын түш оой жасанып баштаганынын жандырмагы ушул.
– Кандайсыздар? Мм, биздин бөлмө Франция жыттанып калыптыр,- адаттагыдай шыңга боюна жарашыктуу кийинген Эрлан жылмайып кирип келди.
– А Франция кандай жыттанат?- Лира Эрматовна чындап кызыга сурады.
– Франция деген "Шанель" атырындай жыттанат. Кана айтыңыздар, кимиңиздер мындай жыпар жыттуу атыр колдонуп жүрөсүздөр?
– Меники "Шанель",- толмочунан келген Гүлнара Кыдыровна тиштерин кашкайта жылмайды. Чынында Эрлан Гүлнара Кыдыровна "Шанель" атырын колдонуп жүргөнүн бир нече ирет көргөн. Калп эле билмексен болуп койду.
– Абдан сонун экен. Тим эле маанай көтөрөт,- Эрлан бардыгын күлө карап алды да, журналды алып бөлмөдөн чыгып кетти. Ал чыгары менен эле жашы 50дөн өтүп калган Эркин Жапарович кирип келди да, алакандары менен желпип: – Фу, эмне жыттанып кеткен?!- деди кабагы салыңкы түрдө.
– Франция жыттанып жатат, агай, Франция...- Гүлнара Кыдыровнанын маанайы көтөрүлө түшкөн экен. Моюнун койкойто, башын бийик көтөргөн абалында сыртка чыгып кетти.
– Эмне дейт?!- Эркин Жапарович түшүнбөй эле туруп калды. А бөлмөдөгү калган айымдар үн чыгарышпастан эле жылмайып жатышты.
– Салам баарыңарга! Кандайсыңар? Ордуңардан турбай деле койсоңор болот. Андан көрө баш ийкеп же оң колуңарды көтөрүп койсоңор, же "агай, салам" десеңер мага жагымдуураак болот,- Эрлан аудиторияга кирип келе жатып өзү отурчу столго жеткенче шашпай баса студенттерине кайрылып жатты.
– Эмнеге? Ордубуздан туруп учурашкан жакшы го. Бул мугалимге болгон сый эмеспи?- студенттердин бири үн катты.
– Сый болгону жакшы го, бирок силер ордуңардан туруп учурашып жатканда мен өзүмдү картаң сезе баштачу болдум. Өзүмдү тим эле тээ советтик маалдагы агай сезип кетем. А мен болгону жыйырма бештемин,- Эрлан баарын сынай карады. Эч бири үн катпады.
– Демек, менин студенттерим мага жагымдуу нерсе жасагысы келбейт экен да! Түшүнүктүү!- Эрлан эрдин кымтып, башын чайкап койду. Дал ушул учурда арттан бир студент "Салам, агай!" деп кыйкырды. Анан башталды, бирөөлөрү "кандайсыз?", "салам" дешсе, айрымдары жөн гана оң колун көтөрө учураша башташты.
– Мына эми мен өзүмдү кыйла жаш сезип калдым,- Эрлан баарын карап күлүп койду.
– Эми болсо лекцияны баштайлы...
Эрландын лекция окуганы да өзгөчө. Ал бир ордунда турбайт. Ары-бери басат, тынбай колдору менен жаңсап түшүндүрүп, жөнөкөй жашоодогу мисалдар менен дүйнөлүк экономика тууралуу берилүү менен сүйлөп берет. Ара чолодо студенттерине тамаша ыргытат. Аудиториянын жарымынан көбүн ээлеп отурган кыздар жаштыгы, энергиясы, билими ашып-ташып турган агайынан көз ала албай суктана гана отуруп беришет.
Айрыкча Элиза Эрланды ушунчалык жакшы көрүү менен, берилүү менен тиктеп отурат. 20 жаштын кырын эми гана ашкан бул селки экономика факультетинде араң эле экинчи курс. Арыкчырай, баёо көздөрү бакырайган назик кыз Эрлан биринчи лекция окумакчы болуп аудиторияга кирип келгенде эле аны "кичине" сүйүп калган. Андан бери бир топ убакыт өттү, Элиза агайынын ар бир лекциясын чыдамсыздык менен күтчү болду. Эрланды көрүп калса эле маанайы көтөрүлүп, асман көгүрөөк, дарактар жашылыраак, кабагы бүркөөлөргө караганда жылмайгандар көбүрөөктөй сезиле берет...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (10)
Aigerim2509
2016-09-05 09:40:43
Биз куткон сериал да башталды джидей кызык болоор бекен? Кийинкисин кутобуз
+8
Ellis
2016-09-05 09:53:16
Ай мен биринчилер кайда☺
+2
Aima94
2016-09-05 10:17:51
Сонун сериал
0
malika79
2016-09-05 14:06:45
мен жонундого бул сериал
0
Oshken26
2016-09-05 17:27:14
malika79, эмне ушундай окуя отту беле? Кайдан билдиниз сиз жөнүндө экенин? Кыздардын кобундо эле минтип агайын жактырып калган окуялар коооооп эле болот.
+4
saitbu
2016-09-05 17:30:29
Жакты калганын кутобуз
+2
alaichik
2016-09-05 17:39:22
Бул жанагы Кадыр агай эмеспи
+2
Siren90
2016-09-05 21:15:03
Жигитти укмуш сүрөттөптүр мен да "кичине" сүйүп калдым го:-)
+7
Nazikbaigazy
2016-09-06 01:43:57
Ммм кызыктуу бекен ее Арууке менен Жанардын суйуусу бутуп агай мн студенттин суйуусу башталат окшойт эмнеси болсода сандан санга кеттик
+5
g.nur
2016-09-06 10:26:26
Кемпирлерден бери даш балага жасанса аябай эле извращенка кылып суроттоп коюптур
+1
№ 722, 02-сентябрь-08-сентябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан