"Эки кочкордун башы бир казанда кайнабайт" деген сөздү жокко чыгарып 15 жылдан бери бирге жашап, 10 жылдан бери жетелеше ырдап келе жаткан "Кеңеш" аттуу топ бар. Бул топто ырдаган Мүзүр менен Гүлмира көптөн бери көрүнбөй кеткенинен улам "келинчеги күйөөсүн таштап Москвага кетип калыптыр" деген күбүр-шыбыр кептер жүргөн. Бул маалыматтын чын-бышыгын тактоо максатында түгөйлөр бүгүн редакцияга баш багышты.
– Кандайсыңар, Мүзүр мырза, Гүлмира айым, экөөңдү бирге көргөнгө абдан кубанычтабыз...
Гүлмира: – Жакшы баары, "ажырашып кетишти" деген сөздү сен да угуп, сурай албай жатканыңды түшүндүм. Мен бизнесиме байланыштуу Москвада 6 айга жакын жүрүп келдим. Бул жакта Мүзүр экөөбүздү ажыраштырып ийишиптир. Жадакалса Мүзүрдү үйлөнтүп да салышыптыр го, угуп алып нес болуп отурам.
Мүзүр: – Биз мындай ушакка биринчи жолу кабылып жаткан жокпуз. Буга чейин бизди эки жолу "өлтүрүп", үчүнчүсүндө ажыраштырып жиберишти, мен мындай ушактарды кулактын сыртынан эле кетирем. Жаныңда жүргөн адамдар эле жайлайт экен да, "жөн отурганча айранга нан малып жейин" дегендердин иши бул.
– "Шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт" дегендей, балким, таарынычтар болгондур, үй-бүлөдө мындай кризистер боло берет эмеспи?
Г.: – Үй-бүлө күтүүнүн өзү чоң кризис деп ойлойм. Турмушта өйдө-ылдый болуп турат. Биз материалдык кризиске кабылып, экөөбүз эки жакта иштегенге туура келди. Үйдү да сатып жиберген элек, ал акчага шаардан үй келбей, бир аз түшүнбөстүк болуп экөөбүз кырылыштык. Биздин турмушубузду эл кайдан билмек эле? Бул ушакты жаныбызда жүргөн эле адамдар чыгарды деп ойлойм. Эмне, менин Мүзүрсүз жүргөнгө акым жокпу?! Төшөгүмдү жыйып төркүнгө качкан аял эмесмин. Эки балама ким ата болуп берет?!
М.: – Гүлмира жок тойлорго да жалгыз бара албайт экем. Анткени жалгыз ырдаган бир да ырым жок. Мен аккордеон менен да жакшы ырдайм, бирок эл экөөбүздүн ырдаганыбызга көнүп алышыптыр. Кудай ар дайым жетелешип жүргүлө деп колубузду байлаган экен, картайганча элиме бирге кызмат кылабыз деп ойлойм. Эми шамал болгону, Гүлмиранын чын эле жанымда жоктугу болду окшойт. Кесиптештерим "Гүлмира жанын багып кетет, Мүзүргө кыйын болду, жүдөп да калыптыр" дешиптир. Жаныңда аялың жок болсо жүдөйсүң да. Мага башканы айтып, Гүлмирага башканы айтып, айтор, бизди кесиптештерибиз ажыраштырып жиберишиптир.
– Гүлмира, Москвада эмне жумуш кыласың, кененирээк айтып берчи?
Г.: – Мен Бишкекте бутикте кийим сатып иштейм, Москвада да бутик ачкам. Мурун товарды алып барып тапшырып коюп эле сатуучу кызды иштетчүмүн. Бул жолкусунда сатуучу кызга төлөгөн акчаны үнөмдөп өзүм иштегенге туура келди. Мүзүр да бул жакта жалгыз болгон жок, Москвага барып турду. Мүзүр "эл ажыраштырып салышты бизди" дей бергенинен келе бердим, жакында кайра кетем. Өзүм такыр соодасыз жашай албайм, кичинекейимде арабага нан салып алып сатып күнүгө 50 сом тапчумун. Ырчылыктан байып кеткен кесиптештеримди мен көрө элекмин. Мүзүрдүн жүдөгөнү боюнча айтсам, ал өзү жасанып сылан короз боло бербейт. Мен дайыма "ырчы экениңди да унутуп каласың, эл көзүндө жүргөн адамсың, жакшыраак кийинчи" деп кыйнап да кийинте албайм.
М.: – Жөнөкөй болгонду жакшы көрөм, кычырап жүргөн мага ыңгайсыз. Кычырап жүрсөң деле, жүдөсөң деле сүйлөйт, ага көңүл деле бурбайм. Гүлмира мага турмушка чыкканга чейин эле эжеси экөө соода кылышчу. Мен ал жакка барганда же иштей албасам, үйдө жата берсең уялат экенсиң. Барып эле кайра келе бергем, такыр соодага шыгым жок. Мага музыка жазган, мал баккан жеңилирээк.
– Гүлмира, чындыгында 6 ай эч ким менен байланышпай, кесиптештериң да санааркап жатканын билем...
Г.: – Ошол санааркагандар божомолдоп бирдеме десе, башкалары бир жолу эле ажыраштырып салды да. Биринчиден, телефонумду жоготуп алдым. Анын үстүнө ар ким менен сүйлөшкөнгө убактым жок. Бир туугандарым, күйөөм бар, алар менен сүйлөшүп жаттым. Мен эмне, аларга отчёт беришим керекпи? Бул ушак туугандарыма, кайын журтума да жетиптир. Төркүнүмө "Мүзүр үйлөнүп алыптыр" деп, кайын журтума "Гүлмира Москвада күйөөгө чыгып кетиптир" деп бизди жаман көрсөтүшүптүр. Бизди ушак кылган адамдар өз жашоосунда аксаган, биздин турмушка көз арткандар деп ойлойм.
– Мен үйдө эле болдум, "ажырашып кетишти" деп сүйлөгөн ырчылардын баары телефон номеримди билишет. Бирөө чалып абалымды сураган жок. Бул ушакты чыгарган адамды деле билдик, анын атын атап ызы-чуу кылгым келбейт.
– Маегибизди жакшы маанайда жыйынтыктагым келип жатат. Бири-бириңердин кайсыл сапатыңарды жактырып баш коштуңар эле, эстеп бербейсиңерби?
Г.: – Мен Мүзүрдүн алтын тишин көрүп сүйүп калгам. Бала кезде менин күйөөмдүн алтын тиши болсо деп кыялданчу элем. Кудай тилегимди берип Мүзүргө жолуктурду.
М.: – Мага Гүлмиранын тыңдыгы жакчу, турмушту алдыга алып кетет деп үйлөнгөм. Мен 8-класста окуп жүргөндө чекедеги тишке алтын салдырмай мода болуп кетти. Алтын тиши барлар калп эле күлүп, оозун ачып сүйлөп, "айылдагылар менин тиш салдырганымды угуштубу?" деп мактанып калышчу. Мен да мактангым келип, апама "тиш салдырам" десем макул деп алтын сөйкөсүн берген. Сопсоо тишимди араалатып алтын тиш салдыргам. Азыр модадан калса деле бул апамдан мага белек деп алмаштырбай келем.
– Маегиңерге рахмат, бактылуу болгула.
Замира Рахманбердиева
Алишер Алиев
star@super.kg