АТАКТУУЛАР ҮЙДӨ КАНДАЙ АТА?

"Балам, балалуу болгондо билесиң" дегендей, үй-бүлө күтүп, башыңа баш кошулганда байкалбастан эле бир топ жоопкерчиликтүү боло түшөсүң. Бул пикирди бүгүн шоу, маданият чөйрөсүнүн "супер аталары" да тастыкташты. Экран, сахнада көргөн белгилүү жаш аталардан балдары тууралуу суроо салсак, бири "сезимдерди сөз менен айтып жеткире албайм" десе, бири алыс жакта жүрүп балдары көздөн учуп турганын айтат. Кесибине байланыштуу баласынын жанында көп болбой калышса да, баскан-турганынан дайыма кабардар болуп турарын баары бир ооздон белгилешти.

Атай Өмүрбеков, актёр: "УУЛУМДУН КЕЛБЕТИ МЕНИ, МҮНӨЗҮ АПАСЫН ТАРТТЫ"

АТАЙДЫН уулу ИСКЕНДЕР
Төрөлгөн жылы, күнү
– 2014-жыл, 3-сентябрь
Төрөлгөндөгү бою, салмагы – 50 сантиметр, 3 килограмм 400 грамм

– Атай, уулуң Искендердин күнүмдүк режими кандай өтөт?
– Бир билгеним, апасынын уйкусу канбай эле жүрөт (күлүп). Искендер түнкү 12де жатабы, 1деби, эртең менен саат 8де туруп алат. 20 мүнөтчө жатат, анан буту менен "тур-тур" деп тепкилеп баштайт. Анан "мультфильм коюп бер" дейт. Ошол учурда гана жарым сааттай уктап алабыз. Андан кийин бизде уйку жок, келип тебелеп ойноп баштайт. Мурун кичине чагында сонун болчу, уктап эле жата берчү. Азыр басып алгандан кийин такыр тынбай калды.

– Уулуң сенин эле көчүрмөң экен. А мүнөзү жагынан кимди тартты?
– Искендер мага окшош болгону менен, мүнөзүнүн баары апасы. Бир орунда тура албайт. Активдүү, тентек. "Ар кимдики өзүнө ай көрүнөт көзүнө" дегендей, акылдуу, мээримдүү. "Апаси, энеси, атаси..." деп бизге эркелеп сүйлөп көңүлдү алганды жакшы билет.

– Учурда Ысык-Көлдө жүрүптүрсүң. Сагынычыңды кантип таратып жатасың?
– Телефон чалып сүйлөшүп турабыз. Искендер телефонду кармаса "Алло", "КамАЗ", "айбуж" деп билген сөздөрүн айта берет.

– Кимге жакын, кимдин тилин жакшы угат?
– Апасы менен дайыма эле чогуу жүрүшөт да. Мени көп көрбөй калат. Ошон үчүнбү, сагынып мени менен жакшы ойнойт. Тентек деп жатпаймынбы. Чектен ашып баратканда "кой" деп койсом унчукпай калат. Албетте, бир жолкусунда эмес, эки-үч жолу айткандан кийин (күлүп). Бирок ата-энесин жиндентпеши керек дегенди билет.

Турдакун Ниязалиев, ырчы: "БАЛАМДЫ АРСТАНСЫҢ ДЕП МАКТАП ТУРАМ"

ТУРДАКУНДУН уулу ХАМЗА

Туулган жылы, күнү – 2012-жыл, 19-август
Төрөлгөндөгү бою, салмагы– 53 сантиметр, 3,5 килограмм

– Турдакун, бир уул, бир кыздын атасы болдуң. Ата болуу жоопкерчилиги кандай экен?
– Ата болуу – бул чоң жоопкерчилик. Себеби мени буга чейин эч ким үлгү тутпаган болсо, эми мени үлгү туткан балам, кызым бар. Алар сага карап түздөнүп жаткандан кийин ошого татыктуу болуш керек. Мисалы, үйдө таарыныч болуп жубайыңа ачууң келгенде балдардын көзүнчө урушпай, көчөдө кетип баратканда бирөө менен кыйкырыша кетпей, сабырдуулук менен ар бир сөздү ойлонуп сүйлөп, ар бир ишти ойлонуп жасоо керек.

– Тарбиянын кандай ыкмасын колдоносуң?
– Эки ыкмасын колдоном. Биринчиси – кызыктыруу. Бир нерсени жасоодо мактап, комплимент айтып турам. Негизи баланы 7 жашка чейин хандай кылып өстүрүш керек дешет. Мен да колдон келишинче урбай, урушпаганга аракет кылам. Хамза – пайгамбардын жанында жүргөн сахабалардын бири, анын "Кудайдын арстаны" деген каймана аты болгон экен. Ошон үчүн балам бир нерсеге таарынып, жыгылып ыйлап калса, "сен деген арстансың, баатырсың" деп көңүлүн көтөргөнгө аракет кылам. Кээде эркелетип "күчүгүм" десем, "мен күчүк эмесмин, арстанмын" деп калат.

– Балдарыңдын кимиси сага жакын болду?
– Мага уулум көбүрөөк жакын. Түндө мени менен уктайт. Бир жакка кетсем "атамды чакыр, телефон чалып бер" деп апасын кыйнай берет. Кечинде чарчап келсем да "ата, кел, мушташалы, күрөшөлү", "экөөбүз сууга түшүп жууналы" деп эркелеп кирет. Бирөө тийишип койсо да "атама айтам, атам урушат" деп мага ишенип турат.

Нурдөөлөт Копоев, телеалпаруучу: "УУЛУБУЗДУ КИРИНТҮҮ БИЗГЕ МАМЛЕКЕТТИК ИШ-ЧАРАДАЙ БОЛЧУ"

НУРДӨӨЛӨТТҮН уулу НУРБАЙЫР

Туулган жылы, күнү – 2015-жыл, 12-февраль
Төрөлгөндөгү салмагы – 1 килограмм 900 грамм

– Нурдөөлөт, уулуңузга өзгөчө ысым ыйгарыптырсыздар...
– Тун уулубуз да ушундай салмакта 7 айлык болуп төрөлүп, чарчап калган эле. Андыктан мунусунда аябай сарсанаа болдук. Атын да бул дүйнөгө байыр алсын, жашап кетсин деген таризде Нурбайыр деп койгонбуз.

– Ара төрөлгөн баланы караш да мүшкүл иш эмеспи. Сиз кол кабыш кыла алдыңызбы?
– Төрөтканадан чыгарып келген күнүбүз эстен кетпейт. Кайненем, мен, Зульфия болуп жуунтуп жатабыз. Бир кезде ары басып кетсем Зульфия кыйкырат "шамал кыласың" деп. Ошентип менден коруй берчү. Киринтейин деген күн биз үчүн чоң мамлекеттик иш-чарадай. Сууну кайнатып туруп мага берип коёт, мен аны сапырып муздатып отурам. "Муздак суу кошуп эле койбойлубу" десем болбойт, "кайнаган суу менен жуунтуш керек" деп.

– Демек, бала кароонун жол-жобосун өздөштүрсөңүз, экинчи уулуңузда кыйынчылык болгон жокпу?
– Ооба, көз тийбесин, Нурбайыр жоош болчу. Кечке уктай бергенинен "эмнеге уктай бересиң, ойгонбойсуңбу?" дей берчүбүз (күлүп). Ошентип билинбей эле чоңоюп, өнөрү чыгып баштады. Өткөндө залдагы дубал кагазды жыртып салган экен, Зульфия коркконунан аны скотчтоп коюптур. "Мобуга тийбе, уктуңбу, колуңдубу колуңду" деп урушуп койсом кечке тултуюп жүрдү. Ага кайра боорум ооруйт. Араң тапкан балабыз болсо өз жайына эле койдук.

– Балдарыңыз жашооңузду канчалык өзгөрттү?
– Өткөндө бир кесиптешим "сенин бир колуңдан "Кока-Кола", бир колуңдан "Сникерс" түшчү эмес го" деп жатпайбы. Анда бойдок болчумун да, үйдүн түйшүгүн билчү эмесмин. Азыр жумуштан бир аз эле убакыт боло калса балдарыма таттуу алып келип, кичине ойной коюп кайра кетем. Бир аз эле тыйын болуп калды дегиче "кокуй, Нурбайырга оюнчук, Нуршайырга таттуу алып барайын" деп тапканымдын баарын үйгө алып барганга шашам.

Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Жылдыздардын кичинекей балдары
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
Bazana
2016-09-05 09:22:29
Чонойуп кеткенче баланы эркелетуу кк чонойсо озу эле озгоруп калат. Балдар бар жашоо кызыктуу!
+10
nargis
2016-09-05 19:38:01
Ар бир ата -энеге оз балдарынан откон бакыт да байлык да жок .Балдар бар жашоо бар .Баарынара бактылуулук каалайм.
+6
Shat.88
2016-09-05 21:36:27
Нурдоолот биздей брлупсунар точно азыр эстеп кулуп калдым баланыз ден соолукта болсун
+3
Uzakova.Z.A
2016-09-05 22:31:45
Турдакундун уйбулосу жакты менде да ушундай куйоо болсо бактылуу болушсун.
+4
joysin777
2016-09-09 12:42:25
мен Кыргызстанда коп жашабагангабы билбейм бул атактууларды жакшы тааныбайт экемин биринчи суроттогулорду Ээнсиреген уй деген кинодогу бала менен кызга окшоштурдум ошолор эмеспи уйлонушконбу(эгер ошолор болсо)
0
airus879015
2016-09-09 16:50:56
Оооба бала бала ширин болот. Балдарыныздардын омурун берсин ыймандуу, акылдуу, балдардан болуп чонойсун.
0
№ 722, 02-сентябрь-08-сентябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан