ИСЛАМ КАРИМОВДУН ОРДУН КИМ ЭЭЛЕЙТ?

Өзбекстандын президенти Ислам Каримов 27-августта инсульт алып ооруканага түшкөнү маалымдалды. Ал тургай анын көз жумганы КМШдагы жалпыга маалымдоо каражаттарында айтылып, андай кабарды өзбек бийлиги тастыктай элек. Өзбек диктаторунун абалы оңолуп өлкөнү башкарууга кайтабы, азырынча бүдөмүк. Эгер ал кокустан оорусунан улам кайтыш болсо, анын таасири жалпы Борбордук Азияга тийиши мүмкүн.

КАРИМОВДУН ЧЫНЫГЫ АБАЛЫ КАНДАЙ?

Өзбекстандын президенти Ислам Каримов "стационардык дарылануу" үчүн ооруканага жатканын 28-августта аталган өлкөнүн бийлиги кабарлаган. Мамлекетти 1989-жылдан бери башкарып келаткан 78 жаштагы Ислам Каримовдун саламаттыгына байланыштуу кабарды өзбек өкмөтү 25 жылдан бери алгачкы ирет таратты. Буга чейин Ислам Каримовдун ден соолугу туурасында өзбек бийлиги үн катпаганы менен, анын оорусу тууралуу кептердин учугу үзүлгөн эмес. 2013-жылы "инфарктка кабылган", 2015-жылы "комага түшкөн" деген маалыматтар ушак иретинде айтылып келген.
Расмий маалыматка ылайык, президенттин толук медициналык кароодон өтүшү жана дарыланышы үчүн убакыт керек. Ал эми эртеси, тактап айтканда, 28-август күнү мамлекеттик телеканалдын "Ахборот" маалымат программасынын кечки чыгарылышында түз эфирден Ислам Каримовдун инсульт алгандыгы кабарланган. Ажонун кызы Лола Каримова-Тилляева 29-августта Instagram, Facebook баракчаларына атасынын абалын туруктуу деп, азыркы кезде кандайдыр бир божомол жасоо эрте экендигин жазды.

БИЙЛИККЕ ЧЕЙИНКИ ЖОЛ

Өзбек ажосу Ислам Абдуганиевич Каримов 1938-жылдын 30-январында Самаркандда төрөлгөн. 1960-жылы Орто Азия политехникалык институтун, 1967-жылы Ташкент эл-чарба институтун аяктаган. Экономика илимдеринин кандидаты.
Бир топ баскычтарды басып өткөн Каримов 1989-жылы Өзбекстандын КПСС борбордук комитетинин биринчи катчысы болуп дайындалат. 1991-жылы 29-декабрда Өзбекстандын президенти болуп шайланган. Ошондон бери түшпөс хан болуп келген Каримов 2015-жылы 29-марттагы шайлоодо 90 пайыз добуш топтоп, төртүнчү жолу такка отурган.

ҮЙ-БҮЛӨСҮ

Жубайы Татьяна Каримова экономист. Ортолорунда 2 кызы жана 5 небереси бар. Улуу кызы Гулнора Каримова дипломат, ырчы, дизайнер жана бизнесвумен. Өзбекстандагы Маданият жана искусство форумунун негиздөөчүсү, бир нече мамлекеттик эмес уюмдардын жетекчиси. 2014-жылга чейин ал атасынын мураскору катары айтылып келген. Бирок Өзбекстандын атайын кызматтары аны коррупцияга аралашкан, мусулман кыздарына жат жүрүм-турумун ашкерелеген компроматтарды атасына көрсөткөн деген маалыматтар жарыяланган. Ошондон кийин ал бүгүнкү күнгө чейин үй камагында деген маалыматтар бар.
Экинчи кызы Лола Каримова-Тилляева балдардын укугун коргоого, билимге жана спортко кошкон салымдары менен белгилүү. Бир нече кайрымдуулук фонддордун жетекчиси. Өзбекстандын ЮНЕСКОдогу өкүлү.

КИМ МУРАСКОР?

Өзбекстанда эле эмес, дүйнөдө эми ким Өзбекстанды башкарат деген суроо азыр кабыргасынан коюлуп жатат. Тажрыйбалуу саясатчы катары Ислам Каримов өзүнө мураскор даярдабай коюшу мүмкүн эмес. "Фергана.ру" порталынын башкы редактору, Борбордук Азия боюнча эксперт Даниил Кисловдун президенттик креслого ким отурары тууралуу ою төмөнкүчө: "Каримовдун кетиши менен көзгө урунарлык деле өзгөрүү болбойт. Мураскору тууралуу эч кандай маселе жаралбайт. Анткени ал мурун эле тандалып калган. Менин версиям боюнча, кийинки президенттик такка 59 жаштагы премьер-министр Шавкат Мирзийоев келет. Ал президенттин үй-бүлөсү менен жакын мамиледе". Ал эми атактуу өзбек саясат таануучусу Усман Хакназаров "Ислам Каримов 2015-жылы кичүү кызы Лоланы мураскор катары көрсөткөн" деп айткан. Шавкат Мирзийоев менен Лоладан башка премьер-министрдин орун басары Рустам Азимовдун да кийинки президент болууга мүмкүнчүлүгү бар экендиги айтылып келет.
Эгер Каримовдун ордуна башка адам келсе, ал Каримов чаап кеткен арык менен кетеби же жаңы жол тандайбы? Экстремизм коркунучу жогору болгон Анжияндагы абал курчуп кетпейби? Өз алдынча болуп автономияны каалап келген кара калпактар Өзбекстандын курамынан чыгып кетеби? Ушул сыяктуу көптөгөн суроолор азыр көпчүлүктү ойлонтуп жаткан кез.
Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы саясий жана экономикалык мамиле барган сайын солгундап жатат. Такталып бүтө элек чек ара, анын айынан чыккан чыр-чатактар жана башка көптөгөн чечилбеген маселелер турат. Каримовдун ордуна башка адам келсе, Кыргызстан менен Өзбекстандын мамилеси жанданабы же азыркыдай абалда калабы?

Жубайы Татьяна Каримова менен









Бактыгүл Момбекова
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 722, 02-сентябрь-08-сентябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан