ШЕР ЖООКЕР

Режиссёру – Жерри Зукер
Продюсерлери – Жерри Зукер, Хант Лоури
Сценарийин жазгандар – Лорни Камерон, Девид Хозелтон, Вилльям Николсон
Башкы ролдордо: Король Артур-Шон Коннери, Ланцелот- Ричард Гир, Гвиневера -Жулия Ормонд

ФИЛЬМДИН МАЗМУНУ
Окуя орто кылымда Англияда болуп өтөт. Жоокерчилик убак. Король Артурдун досу кокусунан каза табат. Ал көз жумардан мурун эле жалгыз кызы Гвиневера Леонесскаяны Артурга тапшырып кеткен болот. Мурун макулдашуу боюнча Гвиневера Артурдун колуктусу болушу керек эле. Гвиневера өзү жашаган шаардан чыгып, Король Артурдун «Камелот» сепилине келе жатканда жолдон каракчылар кол салып, Гвиневераны уурдап кетүүгө аракет кылышат. Ошол учурда жалгыз кылычынан башка эч нерсеси жок белгисиз баатыр (Ланселот) кызды куткарып калат. Бул эр жүрөк жигитти Гвиневера биринчи көргөндө эле жактырып калат.
Бирок, антты бузуп, башкага ке­түүсү мүмкүн эмес эле. Анткени, ал башсыз калган эли менен кошо король Артурдан көз каранды болчу. Эр жүрөк жоокер Ланселот да бир көрүп ашык болуп калган бийкечтен үмүт үзө албай, «Камелот» сепилин сыртынан багып, ошол жерди байыр алып, аны тымызын кайтарууга алат.
Ал эми «кара жоокер» аталган Мэлегант мурун король Артурдун кол алдындагы жоокерлердин бири болсо, кийин ага чыккынчылык кылып бөлүнүп кеткен. Артурдун даңкына, эрдигине ичи күйүп жүргөн болот. Эгерде Артурдун көзүн жойсо, өлкөдөгү эң таасирдүү адам болуп калмак. Король Артурдун башкаруусундагы өлкөнү бир жол менен кыйратууга болот деп чечет. Ал жол анын жаш колуктусу Гвиневераны ала качуу эле. Артурга колуктусун куткарып алам десе, анын ордуна Камелот сепилин, элин берүүнү талап кылат. Бирок, ал ойлогондой болбой, бул жолу да эр жүрөк Ланселот болочок ханышаны куткарып келет. Бул кызматы үчүн ал Артурдун алкоосуна арзып, тегерек столго чакырылып, жоокерликке кабыл алынат. Жоокердик ыйык ант берип, Артурга ак кызмат өтөсө да, Гвиневераны унута албай азаптанат.
Ошентип, Артур менен Гвиневеранын тою болуп жатканда, капысынан Мэлегант кайрадан кол салат. Бул салгылашууда Ланселот өзүн эр жүрөк жоокер катары көрсөтүп, жоокерлер арасында кадыр-баркка ээ болот. Антсе да экинчи жактан ашыктык жанын кыйнайт. Бирок, эки жолдун бирин тандап алышы керек эле. Мындан ары ашыгын көрүп да, күйбөй да коюу үчүн ал бул жерден ошол эле күнү кетүүгө бел байлайт. Коштошуу маалында Гвиневера ыйлап, Ланселотту акыркы жолу өбөт. Бул учурда Артур кокусунан колуктусунун бөлмөсүнө кирип келип, экөөнү көрүп калат да, экөөнү тең өлүм жазасына өкүм кылат. Ушул учурда кайрадан Мэлегант «Камелот» сепилин курчап алат. Кымкуут түшкөн тополоңдо Артурга ок жаңылат. Салгылашуунун аркасында акыры Артурдун эли жеңишке жетишет.
Өлүм алдында жаткан Артур эр жүрөк Ланселотко элин тапшырып, ага колуктусу Гвиневеранын колун карматып көз жумат. Окуя Гвиневера менен Ланселоттун бирге калышы менен аяктайт.

ФИЛЬМДИН ИДЕЯСЫ ЖАНА ТАРТЫЛЫШЫ
Фильмди тартуу идеясы атактуу король Артур тууралуу уламыштардан улам келип чыккан. Эр жүрөк жоокерлердин тарыхына кызыккан режиссёр Жерри Зукер бул кинону тартууда көптөгөн кыйынчылыктарга дуушар болгон. Анткени, орто кылымды чагылдырып берүү оңойго турган эмес. Фильмдеги «Камелот» сепилин чагылдырып берүү үчүн эпизоддорду чыныгы сепилде тартууга туура келген. Бул сепил Британиядагы Хемпшир ээлигиндеги граф Велингтондун сепили эле. Ал эми Ланселоттун ролун аткарган Ричард Гир бул фильмге тартылуу үчүн атайы адис Боб Андерсендин кылыч менен машыгуу сабагынан өткөн. Фильмди тартуу үчүн 60 миллион доллар сарпталган. Ал эми фильм жарыкка чыккандан кийин дүйнөлүк сатыкка чыгып, 122 миллион 6 миң доллар киреше алып келген.

АКТЁРЛОР ТАСМА ТУУРАЛУУ
Король Артурдун ролун аткарган Шон Коннери бул фильмден кийин «таптакыр тасмага тартылбайм» деп сөз берген. Анткени, биринчи жолу аял андан баш тартып, башканы ээрчип кеткен каармандын ролун аткарышы эле. Коннери оюн-чынга аралаш:«Менин мезгилим өткөн экен. Эми жаш актёрлорго кезек берүү керек» деген. Гир кесиптеши Шон Коннери жөнүндө:«Бул адам съёмка жүрүп жаткан бөлмөгө кирип келгенде, чыныгы Артур кирип келгендей апкаарый түшөөр элек. Анын эмгеги чын эле өтө баалуу» деп баа берген.
Ал эми Ричард өзү болсо бул фильмге тартылууда укмуштуудай рахат алганын айткан.
Ал эми Жулия Ормонд бул фильмге тартылган образынын өзгөчө экенин айтып өткөн. «Мен чачы кыркылган, баңгизат колдонгон адамдардын ролун ойной берип чарчагам. Ал эми бул роль мени кадимки жашоодон алыстатып, чын эле керемет жомокто жашап жүргөндөй сезим калтырды» деп айтып кеткен.

ФИЛЬМДЕГИ КАТАЛАР

  • «Камелот» сепили фильмде Англиянын аймагында деп берилет. Ал эми тарыхчылардын изил­дөөсүнө караганда атактуу «Камелот» сепили Шотландияда болгон.
  • Фильмдин акыркы эпизодунда Жулия Ормондун орто кылымдагыдай эмес, азыркы замандагыдай чач кыстаргыч тагынып алганын байкоого болот.
  • Артурдун колундагы Эскалибур аталган кылычта гарда (колду коргой турган нерсе) тагылган. Бирок, ал нерсе фильм сүрөттөл­гөндөн кийинки убактарда пайда болгон.
  • Фильмде тартылган жоокерлердин үзөңгүсү орто кылымдагы үзөң­гүнүн үлгүсүндөй болбой калган. Мындай үзөңгүлөр Европада фильмде көрсөтүлгөн убакыттан жүз жыл өткөндөн кийин гана пайда болгон.

Даярдаган Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 221, 26-январь-1-февраль, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан