КРЕДИТ БОЮНЧА КӨЙГӨЙ ЖАРАЛГАН УЧУРДА…

Кыйынчылыктан арылуу үчүн кредит алгандан кийин андан кутулуунун күнгөй-тескейи ар бир эле керектөөчүгө маалым боло бербесе керек. Катардагы керектөөчү кандай гана жагдай жаралбасын, финансы-кредиттик мекемелер карызды кечип коюшу мүмкүн деп ойлоп жүрүшү ыктымал. Андыктан мындай абалга туш келген кезде кандай аракет көрүп, кимден жардам сурап же каякка кайрылуу керек деген суроолорго жооп алуу максатында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жана финансылык сабаттуулук бөлүмүнүн адиси Качибекова Айбакыт Нарбековнага кайрылып, тийиштүү жоопторду алдык.

– Саламатсызбы?! Айбакыт Нарбековна, айтсаңыз, кредит боюнча көйгөй кандай учурлардан улам келип чыгат?
– Саламатчылык! Кредит – бул карыз алуучуга жана кредиторго тобокелдикти камтыган жооптуу жана татаал процесс. Кыргызстандын рыногунда финансы-кредит мекемелери тарабынан көптөгөн кредиттик продуктулар сунушталат. Кредиттөө процессинин татаалдыгына карабастан, алардын негизинде кредиттөө системасы түптөлгөн жана кредиттер сунушталган "кредиттөөнүн 3 кити" деген кредиттөөнүн 3 негизги принциби бар. Алар:
1. Акы төлөө принциби. Мунун өзү кредиттик каражаттарды колдонгондугу үчүн акы төлөө зарыл экендигин түшүндүрөт.
2.
Кредиттердин эки тарап белгилеген белгилүү бир мөөнөткө бериле тургандыгын билдирүүчү мөөнөттүүлүк принциби.
3. Кайтарымдуулук принциби. Ал кредиттин насыя берүүчүгө толугу менен кайтарылып берилиши зарыл экендигин билдирет.
Мына ушул 3 принципти аткарууда карызкор тарабынан алынган милдеттенмелер толук аткарылбаган учурда кредит боюнча көйгөйлөр пайда болот.

– Жагымдуу жаңылык сыяктуу эле жаман кабар да адамдын турмушунда сөзсүз болуп турары анык. Андыктан кыйын кырдаалда кредитор тарабынан "абалга кирүү" деген түшүнүк болобу?
– Сиз айткандай "абалга кирүү" түшүнүгү банктын өзүндө да, сот чөйрөсүндө да жок. Туура айтасыз, насыя алуучунун жакын тууганынын өлүмү, ооруга чалдыгуусу, банкрот болуусу же туруктуу айлык тапкан жумуштан ажыроосу сыяктуу терс көрүнүштөр турмушта эртеби-кечпи кездешпей койбойт. Бирок мунун бири да насыя боюнча төлөөлөрдү токтотууга шылтоо боло албайт. Айрым учурларда банк төлөөлөрдүн мөөнөтүн узартууга же карызды реструктуризациялоого макулдук берүү менен кардардын абалына кириши мүмкүн.

– Демек, кредит берген тараптан карыз алуучу эч кандай колдоону күтпөй эле койсо болот экен да?
– Такыр эле карыз алуучуга кредитор колдоо көрсөтпөйт деп айтуудан алысмын. Эгерде сизде кредиттин ордун жабууда айкын көйгөйлөр орун алып, банкты өзүңүздүн оор финансылык абалыңыз боюнча ишендирип, кайра төлөп баштайм деп убада берсеңиз, анда ФКМ төмөнкү жеңилдиктерди сунушташы мүмкүн:

  • айыптык санкцияларды алып салууга;
  • пайыздарды төлөбөй турган жеңилдетилген мезгилди (кредиттик каникул) белгилөөгө;
  • кредит боюнча реструктуризациялоого.

– Кредит боюнча реструктуризациялоо деген эмнени түшүндүрөт?
– Кредит боюнча карызды реструктуризациялоо – бул кредиттер боюнча карыздын ордун жабуу тартибин өзгөртүүнү караган жол-жобо. Тагыраак айтканда, пайыздык чен өлчөмүнүн, кредиттин ордун жабуу күндөрү жана мөөнөттөрү боюнча төлөө графигин азайтуу жагына өзгөртүүнү жана ага ылайык ар айлык төлөмдөр суммасын төмөндөтүүнү түшүнүү зарыл. Кредитти реструктуризациялоонун төмөнкүдөй түрлөрү бар:

  • кредитти кайтаруу мөөнөттөрүн өзгөртүү, ага ылайык ар айлык төлөмдөр суммасы азаят;
  • кредитти пайдалангандыгы үчүн пайыздарды төлөөнүн жана тиешелүү төлөмдөрдү 3-12 айга мөөнөтүн узартууда турган ордун жабуунун жеңилдетилген мезгилин (кредиттик каникул), бирок кредит боюнча негизги карызды ай сайын төлөө менен берүү;
  • кредит боюнча карызды толук кайра каржылоо менен калган карыздын суммасын мурдагыга караганда кыйла ыңгайлуу шартта төлөө. Мисалы, кредиттин төлөө мөөнөтүн узартуу менен пайыздык ставкасын азайтуу жана башкалар;
  • карызды төлөө режимин жана тейлөө тартибин өзгөртүү карыз алуучуга мөөнөтү өткөн негизги карыздын топтолуп кетпешине жана ага кошулган туумдар жана айыптардын көбөйүп кетпешине жардам берүү;
  • чет өлкө валютасында алынган кредиттерди сомго которуу (конвертация). Чет өлкө валютасынын фондулук рыноктогу курсунун өсүшүнүн негизинде карызкордун кредитти төлөөдө жаралган кыйынчылыктан келип чыккан көйгөй болушу мүмкүн.

– Ошентсе да кредиттик мекеме кредитти толугу менен кечүүсү мүмкүнбү?
– Кээ бир учурларда мүмкүн. Негизинен карызкор кредитти кайтарып бере албай калган учурда кардар банк кредитти сөзсүз кечет деп үмүт кылбашы керек. Банктын мүмкүнчүлүктөрүн ашыкча баалоонун кажети жок. Анткени алар бизге кредитке берип жаткан акчаларды өздөрү басып чыгарбайт. Бирок кредиттик мекеме карызкордун насыясын кечүү тууралуу чечим чыгарган күндө да бул кадам кайрымдуулук иш болуп саналбайт. Финансылык түзүмдөрдө бул жол-жобо көйгөйлүү кредиттерди эсептен чыгаруу деп аталат. Карызкорго карата колдонулуучу мындай жол-жобонун себептери көп деле эмес. Мисалы, карызкор каза болгон же толугу менен ишке жараксыз болуп калган учурда (майыптык). Эгерде карызкордун мураскорлору жок жана карызды жабууда же аны азайтуу үчүн сатууга баалуу мүлк жок болгон учурда гана кредит эсептен чыгарылышы мүмкүн.
Мындай учурларда финансы-кредиттик мекемелерде карызды кечүү маселеси дайыма жеке тартипте чечилерин унутпоо өтө МААНИЛҮҮ!

– Карыздарды эсептен чыгарып салууда кандай кемчиликтер пайда болот?
– Айта кетчү нерсе, бул "кечиримдүүлүк" жол-жобосу ишке ашкан учурда бир гана кредиттик мекеме үчүн гана эмес, карызкор үчүн дагы жагымсыз абал пайда болушу мүмкүн. Бир кредиттик мекеме менен карым-катышты бузуу аркылуу бардык кредиттик мекемелердин кара тизмесине түшүп, өзүнүн бүткүл кредиттик таржымалын бузуп алуу коркунучу бар экенин карыз алуучу билиши зарыл. Анткени учурда кредит алууда кредиттик тарых таржымал кредит алуучуга чоң таасирин тийгизет. Биринчи кезекте начар кредиттик таржымалы бар адамга кредиттик мекеме насыя берүүдөн баш тартат да, акчага муктаж маалда ал адам кредит алуу укугун колдоно албай калат. Ошондуктан кредит алуучу өзүнүн кызыкчылыгы үчүн өз кредиттик досьесине мезгил-мезгили менен көңүл буруп турушу зарыл.

– Кредиттик таржымалда кандай маалыматтар камтылат жана аны кимдер көрө алышат?
– Кредиттик тарых таржымал – өзү жөнүндө топтолгон бардык маалыматтарды камтыйт, анын ичинде карыз алуучу алган кредиттик милдеттенмелерин так аткарганбы, кредитти кайтаруу мөөнөттөрүн өткөрүп жиберген жокпу жана башка ушул сыяктуу суроолорго жоопторду тапса болот. Бул маалыматтардын бардыгы финансы-кредиттик мекемелер үчүн чоң кызыкчылык жана жаңы насыя берүүдө чоң таасирин тийгизет. Мындай кредиттик досье жүргүзүү мүмкүнчүлүгү салыштырмалуу жакында гана пайда болгон "Ишеним" кредиттик маалыматтык бюросу иштеп баштагандан бери гана түзүлдү. "Ишеним" кредиттик маалыматтык бюросу жеке жана юридикалык жактар жөнүндө берилген позитивдүү жана негативдүү кредиттик маалыматты сактап, иштеп чыгып, кредиттик тарых таржымалды түзөт. "Ишеним" кредиттик маалыматтык бюросуна келип түшкөн маалыматтарга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө болбойт. Андагы маалыматтарды финансы-кредиттик мекеме кандай түрдө берсе, ошондой калыпта сактайт.

– Адис катары айтсаңыз, карызды кайра төлөп бере албай калуу коркунучуна кабылбаш үчүн керектөөчүлөргө кандай сунуштарды берет элеңиз?
– Колдон келсе, ашыкча карызга кабылбоо үчүн насыя алуудан мурда "Мага кредит алуунун кажети барбы? Алдыга койгон финансылык максатка акча топтоо жолу менен жете аламбы? Алган кредитти кошумча пайыздары менен кайра кайтара аламбы?" деген суроолорго жооп табыш керек. Ал эми кредитти алгандан кийин көйгөйлөр жаралса, эң башкысы төлөмдү жабуу үчүн бардык күч-аракеттерди жумшап, башкы сумманы жана туумдарды төлөп, ал эми кошумча айып пулдарды жокко чыгарып берүү маселеси боюнча кредиттик мекеме менен түздөн-түз сүйлөшүүгө чыкса, карыздан кутулуу жеңил болот. Мындай сунуштарга банктар көпчүлүк учурда макулдугун берет.
2016-жылдын май айында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тапшырмасы боюнча, көйгөйлүү банктык жана банктык эмес финансылык мекемелердин карыз алуучуларынын көйгөйлөрүн чечүүдө кеп-кеңеш берүү үчүн жана документтерди, арыздарды кабыл алуунун шарттарын кароо боюнча жана кредиттерди кайтарууда кыйынчылыктар болуп, кредитти төлөөнүн башка шарттарын кароого муктаж болгон зайымчыларга көмөк көрсөтүү максатында республиканын бардык аймактарында атайын комиссиялык жумушчу топтор түзүлгөн. Комиссиянын курамына облустагы Өкмөт аппаратынын ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнүн, укук коргоо органдарынын, Улуттук банктын облустук түзүмдөрүнүн, шаардык мэриялардын, акимчиликтердин жана финансы-кредиттик мекемелердин өкүлдөрү кирген. Азыркы учурда комиссия жер-жерлерде тиешелүү иштерди жүргүзүүдө.

Ибрагим Жусуев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 722, 02-сентябрь-08-сентябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан