ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (5-сентябрдан 11-сентябрга чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Сизге милдет көп жүктөлүп, тажай баштаганыңызды сезесиз. Андыктан жумушуңузду бир аз жеңилдетип, башка тармакка өтүүнү самайсыз. Бирок бул оюңуз азырынча жүзөгө ашпайт. Ден соолугуңуз да кабатыр кылып жүргөндүктөн, дарыланууга өтөсүз.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Алдыга умтулууга
кылган аракетиңиздин көбү жыйынтыксыз болот. Андыктан күнүмдүк маселелер менен алектене туруңуз. Колго алган иштерди кынтыксыз бүтүрүүгө аракет кылыңыз. Жеке жашоодо сүйүктүүңүз менен түшүнбөстүктөр чыгышы мүмкүн.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Ден соолугуңузга кам көрүүгө убакыт келди. Алдыга жакшы пландар менен жыласыз. Сүйүү жаатында мамилелер жакшырат. Бирок жеке жашоого туугандарды аралаштырбасаңыз жакшы. Мүлк алууга ашыгып, керектүү адамдар менен сүйлөшөсүз.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Олдоксон
тамашаңыз менен жакындарыңыздын бирин таарынтып алышыңыз мүмкүн, абайлап сүйлөңүз. Жумушуңуз калыптагыдай эле өтөт. Туугандарыңыздын бири чоң нерсе алып, жакшылыгына сизди кошуп чакырышы күтүлөт.

АРСТАН (23.07-23.08)
Ийгиликтүү апта.
Койгон чоң максаттарыңыздын бири аткарылат. Бирок жакындарыңыз менен кайым айтышып калышыңыз мүмкүн. Күмөн санаган ишти аткаруудан алыс болуңуз. Бойдок арстандар жаңы таанышууларга туш келишет.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Кыжалат кылган маселелердин аягына чекит коё албай бушайман болосуз. Бирок ал маселелерге досторуңузду кийлигиштирбей, өзүңүз чечүүгө аракет кылыңыз. Апта соңунда көңүл ачуулар орун алат. Бирок көп каражат коротуудан карманыңыз.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Буга чейинки кетирген каталарыңызга башыңызды мыкчый өкүнчү учур. Жумушуңуздагы майда маселелер өзүнөн-өзү чечилет. Ден соолугуңуз бир аз солгундайт. Жүрөк-кан тамыр оорулары козголушу мүмкүн.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Өзүңүзгө болгон ишенбөөчүлүктү четтетесиз. Буга жакындарыңыздын берген кеңеши түрткү болот. Бойдоктор сүйүүдө жолдуу болушат. Жаңы таанышуулар сүйүүгө жетелейт.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)

Иштин көзүн таап кетчү мүнөзүңүз мурункудан да күчүнө кирет. Акча жаатында сиздин көңүлүңүздү көтөрө турган жакшы идеялар келет. Апта аягында конокко чакыруу алып, убакытты көңүлдүү өткөрөсүз.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Аягына чыгара албай жүргөн ишиңизди бүтүрүүгө бел байлайсыз. Көптөн бери кыялданып жетпей жүргөн буюмуңузду сатып алып сүйүнөсүз. Эски достор чогулуп, бир маселени кеңешүүнү сунушташат.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Энергияңыз ашып-ташып, көп жумушту бүтүрүүгө ашыгасыз. Кандай маселе болбосун чагылгандай тез реакция кылганыңыз менен жетекчиге жагасыз. Апта соңунда өзүңүзгө ырахат тартуулоо максатында сулуулук салонуна барышыңыз мүмкүн.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Стресске алып келчү ишке кептелесиз. Жумушуңуз дагы жакшы жүрүшпөй, башка иш издөөгө кадам таштайсыз. Бул учурда жаныңызда сизди колдогон сүйүктүүңүз болот. Жаңы кийим сатып алып, маанайыңызды көтөрөсүз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 722, 02-сентябрь-08-сентябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан