Мыкы Кыргызстандагы жаш стендапчы, тамашоучу, "Жарайт Сity" долбоорунун актёру. Аны кыргыз эли ТНТ каналындагы "Камеди баттл" шоусу аркылуу таанышты. "Режем барана, режем барана" сыяктуу тамашалары менен орус аудиториясын күлкүгө бөлөгөн жөнөкөй жигит өзү тууралуу айтып бермекчи.
МЫКТЫБЕК МУКАЕВ
Туулган жылы, күнү – 1994-жыл, 23-январь
Туулган жери – Ысык-Көл облусу, Кең-Суу айылы
Билими – Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин машина куруу факультетин аяктаган
Үй-бүлөдө – 6 бир туугандын экинчиси
Учурда – "Позитифф" командасынын оюнчусу, "Жарайт Сity" долбоорунун актёру
– Мыктыбек, сен ТНТ каналындагы "Камеди баттлга" катышкандан кийин элге алындың. Бул нерсе жашооңо канчалык өзгөрүү киргизди?
– "Камеди баттлга" чейин мени саналуу гана адамдар таанышчу. ТНТ каналынан чыккандан кийин көчөдөн, коомдук унаадан көрүп, "Мыкысыңбы, сүрөткө түшүп алалычы?" деген күйөрмандарым көбөйдү. Элге таанылуума "Жарайт Сity" долбоору да себеп болду. Жогорудагы долбоорго катышкандан кийин жарнамаларга тартылууга сунуштар түштү. Юморго жаңыдан аралашканда менин көчөмдө да майрам болот дейт элем. "Тамашоуну" телевизордон көрүп, Спорт Ордосунун сахнасына чыгууну кыялданчумун. Ойлорум акырындап орундала баштады. Аракетим текке кетпей, эмгегим акталганына ичим жылып, ыраазы болуп калам.
– "Позитифф" командасына кандайча кошулуп калдың эле?
– Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде окуп жүргөндө команда түзүп, орус тилинде өтчү КВНде ойноп калдык. Кийин кыргыз тилинде да ойнойлу деп "Тамашоу" долбоорунун 5-сезонуна "Политех" курама командасы менен чыктык. 6-сезондо "Позитифф" командасынын балдары менен жакындан таанышып, аларга жардам берип калдым. Кийин аталган команда тарап кеткенин угуп Актан байкеден (ред. Рыскелдиев) "быйылкы сезондо ойнойсуздарбы?" деп сурасам, "команда чачырап кетти, ойнобойбуз го" деди. "Анда чогуу ойнобойлубу?" деген сунушума макул болуп, "Позитифф" командасы менен ойной баштадык.
– "Жарайт Сity" долбоору тууралуу айтсаң. Долбоорго кандайча аралаша баштадың?
– Долбоордун балдары менен стендап айтып жүргөндө таанышкам. Азыр экинчи сезону тартылып бүттү. Жакында телевидениеден көрсөтүлө баштайт. Күзүндө "Жарайт Сity`нин" концертин берели деп жатабыз.
– "Комеди баттлга" катышканыңда "кыргыз элин шылдыңдап жатасың!" деп сөккөндөр болду эле...
– Азыр деле социалдык тармактардан сындап калышат. Андайларга менде иммунитет пайда болгон. Ал мындай-тигиндей деп түшүндүрүп отурбай эле "блокко" киргизип салам.
– Тамашаларды кантип жаратасың?
– Тамашалардын баарын жашоодон алам. Коомдук унаадан, көчөдөн тамашага айлантчу окуяны байкап калсам, дароо жазам. Күлкүлүү болсо айтып чыгам.
– Сени күлдүрүү кыйынбы?
– Кытыгылап койсо эле күлөм (тамаша). Эгерде тамаша күлкүлүү болсо күлөм. Юмор жаатында жүргөндөр эл күлгөн тамашага анча күлүшпөйт. Алар тамаша көрсөткөн адамдын туура эмес аткарганын, жаңылып кеткенин байкап калганда күлүшөт. Анткени ал чөйрөнүн ашканасын жакшы билесиң да.
– Эки тилде тамаша айтып жүрөсүң, кайсы аудиторияны күлдүрүү оңой?
– Экөөсүн тең күлдүрүү кыйын. Орус тилдүү аудитория адабий тамашаларга күлүшөт. Аларга кыймыл-аракет кошулган тамаша көрсөтсөң өтпөй калышы мүмкүн. Башында кыргыз тилинде тамаша ойноп, кыргызча ойлончумун. Бишкекке келгенден кийин чөйрөм орус тилдүү болуп, орусча ойлонуп калдым.
– Өзүңдү олуттуу алып жүрөт экенсиң...
– Жашоодо ашыкча жалжактай бербейм. Өзүмдү токтоо алып жүргүм келет. Элге аз да болсо таанылгандан кийин өзүңдү чектей баштайт экенсиң. Сахнада каалагандай болсоң жарашат. Кабакты бүркөп туруп тамаша айтсам эл күлбөй койбойбу? Ошондуктан сахнада шайыр жүрүүгө аракет кылам.
– Сенин фишкаң эмне?
– Мына менин фишкам (ууру тишин көрсөтүп). Эч кимди туурабай, өзүмдү-өзүм көрсөткөнүм өзгөчөлүгүм деп ойлойм.
– Дайыма ушундай чач жасалга менен жүрөсүң. Стилиңди өзгөртөйүн деген оюң барбы?
– Стиль, имидж дегендер менде жашабайт. Чач жасалгам да 10 жылдан бери өзгөрүлө элек. Менин чач жасалгам Конституциябызга караганда туруктуу (күлүп). Жөнөкөй үй-бүлөдө чоңойдум. Мактанып эмне кереги бар? Эл тааныса таанысын, тааныбаса койсун. Негизи элге таанылбай койгон деле жакшы экен.
– Келбетимде кемчилик бар деп ойлойсуңбу?
– Кичине кылып жаратып койдуң деп Кудайга арыз жазмак белем (күлүп)? Кандай болуп жаралышты адам тандабайт да. Жаратканга миң мертебе шүгүр, 12 мүчөм толук, ден соолугум чың.
– Жакшы сапаттарыңды го билдик. Терс жактарыңды да айта кетпейсиңби?
– Уйкучумун. Анын запкысын көп эле тартам. Былтыр Ош шаарынан балдар телефон чалып, "стендап өткөзүп жатабыз, конок болуп кетиңиз" деп барып келгенге учакка билет алып беришти. Жолго чыкчу күнү түнкү саат 2де футболдон келип отурган жеримде уктап калыптырмын. Бир убакта телефонум шыңгырайт, алсам чакырган балдар "аэропортто турабыз, келдиңизби?" дейт. Аларга уктап калганымды айтсам трубканы коюп салышты. Уялганымды айтпаңыз. Кайра телефон чалып, "такси менен барсам жетишемби?" десем, "азыр чыксаңыз жетишесиз" деди. "Ош базарына" барып таксиге отурдум. Мен ойлогом, Төө-Ашууну ашканда эле Ош болуш керек деп. Айдоочу шашпай айдаган сайын тынчым кетип жолдон эле сахнага кийип чыга турган кийимдеримди кие баштадым. Уюштуруучулар мени күтүп 2 саат кеч баштап, бирок жетишип баргам.
– "Кыз менен сүйлөшкөнгө убакыт жок" дечү элең. Дагы деле ошентип жүрөсүң го, ээ?
– Окуу жайды быйыл аяктадым. Буюрса, убактысы табылат го. Эмнегедир "качан үйлөнөсүң?" деп көп сурашат. Байкем бар, андан биринчи үйлөнүп алсам болбойт да.
– Табитиңди байкайынчы, кандай кыздарга көңүлүң чабат?
– Кыздарга болгон талабым деле күчтүү эмес. Башкысы жөнөкөй, тарбиялуу кыз болсо. Андай кыз мага да, ата-энеме да жагат.
– Жөнөкөй жигитти тарбиялаган ата-энең, бир туугандарың тууралуу айтсаң?
– Атамдын кесиби агроном. Азыр устачылык кылат. Апамдын кесиби эсепчи. Атама турмушка чыга электе кесиби менен иштечү экен. Кийин биздин айылдан иш табылбай, үй кожойкеси болуп калган. 6 бир тууганбыз.
Султан Төрөбеков
star@super.kg