Өмүрбек Текебаев: "ПАРЛАМЕНТТИН ДЕҢГЭЭЛИ МЫНЧАЛЫК ТӨМӨНГӨ ТҮШКӨН ЭМЕС"

1-сентябрда Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын депутаттары жайкы каникулдан кийинки жыйынын башташты. "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев депутаттарга кайрылуу сөзү менен чыгып, "элдин, Кыргызстандын бизден башка ишенери, таянары жок, андыктан ар кимге жетеленбей, жоопкерчиликти алганды үйрөнөлү" деди.
– Мына, кечээ эгемендигибизге 25 жыл болгонун белгиледик. Бүгүн дүйнөлүк терроризм бизге жакындап калды. Чек арабыз жабылып, товарларыбыз да, жарандарыбыз да Казакстан менен Орусияга өтпөй калды. Өлкөнүн түштүк аймагында чек арабызды бастырып кирип, биздин жарандарды барымтага алып жатышат... Мына ушундай кыйын шартта 31-август чоң идеологиялык иш-чара болушу керек эле. Элге дем бере турган. Айтпашым керек эле, бирок айтуу керек. Президент Алмазбек Атамбаев ошол миссияны толук кандуу пайдаланган жок, тескерисинче, чоң тойду бузду. Өзүм жөнүндө сөз болсо, мен үйүнө барып деле сүйлөшүп алмакмын. Бирок кеп кыргыз мамлекетинин экс-президенти Роза Отунбаева жөнүндө болуп жатат. Атамбаев Отунбаеваны "мыйзамсыз шайланган президент" деди, иш жүзүндө Адахан Мадумаровдун сөзүн кайталады. Саясий туруктуулуктун түзүлүшүнө, оор кырдаалдан чыгуусуна Роза Отунбаеванын жана Убактылуу өкмөттүн кымындай дагы салымы жок деди. Буга унчукпай койсок, биз депутат катары, эркек катары, адам катары туура эмес кылган болобуз. Роза Отунбаева Убактылуу өкмөттү жетеледи. Мен, Азимбек Бекназаров, Иса Өмүркулов, Алмазбек Атамбаев батына албай турганда Роза Отунбаева жоопкерчиликти өзүнө алды. Биз баарыбыз баш ийип, иштеп бердик. Убактылуу өкмөттү бүткүл дүйнө тааныды. Роза Отунбаеванын эмгеги тарыхта калды, аны эч ким жокко чыгара албайт.
Андан ары Өмүрбек Текебаев кесиптештерине кайрылып сөзүн улады:
– Өлкөнүн тагдыры силердин колуңарда. Өлкө силерди карап турат. Биз ушул жоопкерчиликти сезе билишибиз керек. Биз бирөөнүн малайы эмеспиз, биз – эл өкүлүбүз. Биз тарыхый чечимди өзүбүз кабыл алышыбыз шарт. Кыргыз элинин силерден башка ишенер эч кимиси жок. Мен дайыма айтам, 6 фракциянын өкүлдөрү, өлкөнүн тагдыры силердин колуңарда. Бүгүн да өлкөнү конституциялык нукка бурганга ушул залда отургандардын мүмкүнчүлүгү бар. Бизди эмне деп шылдыңдабасын, келекелешпесин, кыргыздын бизден башка карманары жок. Азыр каргаса да, жамандаса да Жогорку Кеңешти жамандайт. Анткени өзүбүз ошого жол берүүдөбүз. Өзүбүзгө ошондой мамиле кыла тургандай жетелеме болуп жатабыз. Парламенттин деңгээли мынчалык төмөнгө түшкөн эмес. Депутаттарга эч бир президенттин, Өкмөттүн аппаратынын кызматкерлери кабинетине чакырып, көрсөтмө бергендей болбошу керек. Конституцияга ылайык, президентти катыштырбай туруп өкмөттү түзүүгө парламенттин укугу бар. Эгерде президент айланасындагы адамдарынан кутулбаса, мен расмий айтам, мамлекетти президент өзү эмес, анын айланасындагы адамдар башкарып жатат. КСДПны силер башкарбай калдыңар, Акаев менен Бакиевдин жанында жүргөн Фариддер (ред. Фарид Ниязов – Президенттик аппараттын башчысы), Сапарлар (ред. Сапар Исаков – Президенттик аппараттын башчысынын орун басары) жана башкалар башкарып отурат. КСДП мен үчүн жат партия эмес. Чогуу өлкө үчүн күрөшкөнбүз, бири-бирибиз үчүн камалганбыз..."

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 722, 02-сентябрь-08-сентябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан