Жогорку Кеңеш 1-сентябрь каникулдан кийин чогулуп, бирок иш башталып-башталбай жатып 12-сентябрга чейин пленардык жыйындарын өткөрбөй турган болду. Мындай демилгени КСДП фракциясынан депутат Кожобек Рыспаев көтөрдү. "Жакында Көчмөндөр оюндары өтөт, депутаттардын көбү ага барышат. Мындан тышкары Курман айт болот. Буга байланыштуу бир топ депутаттар жалпы жыйындарга катыша албайт",- деп чыкты депутат. Добуш берүүнүн жыйынтыгында 69 депутат жайкы эс алууну дагы 12 күнгө узартууну колдоду.
Чек ара маселелери курчуп, мигранттардын абалы күндөн-күнгө оорлоп бараткан чакта эл өкүлдөрүнүн бул кылыгы коомчулукту кыжырдантты.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg