ҮҢКҮР-ТООДОГУ АБАЛ ӨЗГӨРГӨН ЖОК

1-сентябрга карата өзбек-кыргыз чек арасындагы Үңкүр-Тоо боюнча маселеге чекит коюла элек. Тактап айтканда, Үңкүр-Тоого көзөмөл коюп алган өзбек десанттары ал аймактан чыгыша элек. Өзбек тарап кармап кеткен 4 кыргыз жараны кайтарылган жок.
Кызыгы, өзбек тарап 31-август күнү "24-29-август күндөрү Өзбекстан Республикасы жана Кыргыз Республикасынын өкмөттүк жумуш топтору өзбек-кыргыз мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча текшерүү иштерин жүргүзүштү. Жыйынтыгында атайын протоколго кол коюлду. Жолугушуу конструктивдүү жылуу маанайда өттү",- деп Өзбекстандын ТИМинин сайтында маалымдалды. Ал эми кыргыз тарап Өзбекстан Кыргызстандын Орто-Токой суу сактагычына тоскоолдуксуз кирип, аны пайдалануу талабын коюп, ошол ишке ашканда 4 жаран кайтарылат дегендигин билдирди.
Айта кетсек, Үңкүр-Тоодогу телемунарада иштеген 4 кызматкер өзбекстандык милиция кызматкерлери тарабынан кармалып, райондук ички иштер бөлүмүнө алынып кеткенин Чек ара кызматы 24-августта билдирген эле. Өзбекстандык маалымат булактары өлкөнүн Ички иштер министрлигине таянып: "22-август күнү Үңкүр-Тоодо паспорттук режимди текшерүү жүрүп, Өзбекстандын аймагында мыйзамсыз жүргөн 4 жаран кармалды",- деген маалымат тараткан.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 722, 02-сентябрь-08-сентябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан