Бишкек шаарындагы Кытай элчилигинин жанында 30-август күнү жан кечти уюштурган жардыруу катталды. Ал Mitsubishi Delica үлгүдөгү автоунаасы менен атайын барып Кытай элчилигинин дарбазасын сүзүп жарылып кеткен. Натыйжада унаа сыныктары 200 метр радиустагы аралыкка чачырап, ичиндеги жан кечти каза болгон жана 3 адам жараат алган. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети бул жарылууну атайын уюшулган теракт деп баалады. Бирок бул жардырууну биз уюштурдук деп эч бир террордук уюм жарыялай элек. Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Хуа Чуньин окуядан абдан тынчсызданып жатышканын, Кыргызстандагы элчилигинин өкүлдөрүнүн коопсуздугун сактоону талап кылышканын билдирди. Ал эми эксперттер терактты уюштургандар уйгур сепаратисттик уюму болушу мүмкүн деп божомолдошот. Тез аранын ичинде кыргыз мамлекетинин укук коргоо органдары теракт уюштуруучуларын аныктап, тийиштүү чараларды көрбөсө, жакынкы арада дагы теракт болбойт деп эч ким кепилдик бере албайт.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg