МАЛАЙЗИЯДАГЫ МЕКЕНДЕШТЕР МОСКВАДАГЫ ӨРТ КЫРСЫГЫНАН КАЗА БОЛГОНДОРГО АКЧАЛАЙ ЖАРДАМ ЧОГУЛТУШТУ

28-августта Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчилиги уюштурган кыргыз мекендештердин жолугушуусу өтүп, анын алкагында мекендештерибиз 27-августта Москва шаарындагы өрт кырсыгынан каза тапкан Кыргыз мамлекетинин жарандары үчүн аза күтүштү.
Малайзиядагы мекендештерибиздин башын бириктирген бул жолугушууну кыргыз өлкөсүнүн Малайзиядагы экс-элчиси Кылычбек Султанов сөз сүйлөп ачты. Ошондой эле Москвадагы кырсыктан каза тапкан маркумдардын жакындарына жана үй-бүлөсүнө жардам иретинде каражат чогултууну демилгеледи. "Колдон келишинче жардам берүүгө аракет кылып, бир аз каражат топтосокпу деп ойлодук. Албетте, оор жоготууга учураган мекендештерибиздин туугандарынын ордун эч нерсе менен толуктап бере албайбыз. Каза тапкан жарандардын жакындарына жана үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтам",- деди Кылычбек Султанов.
Малайзияда жашап-иштеген жана билим алып жаткан мекендештер дагы кырсыктан каза тапкандардын жакындарына көңүл айтышарын билдиришти. Иш-чаранын жүрүшүндө 50 миң сом чогултулду. Каражат кайгылуу кырсыктан каза тапкандардын туугандарына берилери маалым болду.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 722, 02-сентябрь-08-сентябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан