Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына карата Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда 30-август күнү жолдоштук беттеш өткөрүлдү.
Аталган беттеште Кыргызстан курамасы тарыхта биринчи ирет казак курамасын 2:0 эсебинде утту. Биринчи голду Валерий Кичин биринчи таймдын 44-мүнөтүндө киргизсе, экинчи бөлүктө Мирлан Мурзаев гол жаратууга жетишти.
Белгилүү болгондой, буга чейин кыргыз-казак футбол курамалары 7 ирет жолугушкан. Анын экөөндө тең чыгуу катталса, 5 ирет Кыргызстан утулууга аргасыз болгон.
Албетте, оюн Кыргызстандын жеңиши менен бүткөн соң күйөрмандардын кубанычында чек жок болчу. Бирок оюндан кийин футбол күйөрмандары калайман мушташ чыгарып жибергенге да жетишишти. Аталган мушташ тартылган видеотасма интернет айдыңында жарыяланды. Ал эми баш калаанын Ички иштер башкармалыгы эч кандай мушташтан кабары жок экенин билдирүүдө.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg