RoomGuru.ru интернет кызматынын иликтөөсүнүн жыйынтыгында, орусиялыктар үчүн быйыл КМШ өлкөлөрүнүн ичинен эң популярдуу болгон эс алуучу аймак ЫСЫК-КӨЛ болгону аныкталды.
НУРЛАН МОТУЕВ "көпчүлүк алдында террорчулук иш-аракеттерди жүзөгө ашырууга чакыруу же көпчүлүк алдында террорчулукту актоо" жана "улуттук, расалык, диний, аймак аралык кастыкты козутуу" беренелери боюнча күнөөлүү деп табылып, 7 жылга эркинен ажыратылды.
29-августта Жогорку Кеңештин экс-депутаты ЭРКИН АЛЫМБЕКОВ дүйнө салды.
Москвада ЗОРДУКТОО кылмышы менен кармалгандардын 90 пайызы Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстандын жарандары. Бул тууралуу орусиялык басылмалар маалымдашууда.
КУРМАН АЙТ болжолдуу түрдө 12-сентябрда белгиленет. Бул маалыматты Мусулмандар диний башкармалыгы таратты.
Бишкекте быйыл "ТЕЗ ЖАРДАМ" кызматкерлерине жарандар тарабынан 17 ирет кол салуу болгон. Бул боюнча "Тез жардам" кызматынын жандандыруу кызматынын башчысы Егор Борисов билдирди.
1-сентябрдан тарта ID-ПАСПОРТ алуу жана алмаштырууга болгон баа 165 сомдон 460 сомго жогорулайт. Ал эми чет өлкөдө жүрүү үчүн паспортту алмаштыруу же алуу 750 сом болмокчу.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.