МЕДАЛГА ЖЕТҮҮНҮН СЫРЫ ЭМНЕДЕ?

Үстүбүздөгү жылдын 5-августунан 21ине чейин Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаары дүйнө элинин көңүл чордонунда болду. Мунун себеби, албетте, XXXI Жайкы Олимпиада оюндары эле. Олимпиадага жалпы 206 мамлекеттен 11 миңден ашуун спортчу катышып, спорттун 28 түрү боюнча күч сынашты жана 87 мамлекет медалга ээ болду. Биздин мамлекеттен да өлкө намысын коргогону 19 спортчубуз спорттун 6 түрү боюнча катышып, тилекке каршы, бир да медалга жетишишкен жок. Бул сапар "Рио-2016" Олимпиадасында эмне үчүн медалга жетпей калганыбыздын негизги себептерин иликтеп көрмөкчүбүз.

БАШКЫСЫ АКЧАБЫ ЖЕ...

"Рио-2016" Олимпиадасында медалга жетпей калганыбызга ар түрдүү шылтоо тапсак болот. Бирок медалга ээ болуу үчүн тажрыйба керек десек, Косово мамлекети биринчи жолу Олимпиадага катышып жатса да жыйынтыгында бир алтын медалга ээ болуп отурат. Ал эми медаль утуп келген спортчуларга өлкө тарабынан берилүүчү сыйлыктарга келсек, бул да негизги себеп эмес экени билинет. Албетте, спортчуларга берилүүчү сыйлыктын көлөмү ар өлкөдө ар кандай. Мисалы, эң көп акча убада кылган мамлекет Тайвань болуп, алтын медалга ээ болгон жалгыз спортчусуна 628 миң АКШ долларын берди. Ал эми КМШга кирген өлкөлөрдүн ичинен эң көп сыйлык берген Азербайжан алтын медаль үчүн 510 миң доллар убада кылган. Бирок медаль үчүн берилүүчү сыйлыктын баасы жогору болсо эле медаль көп болот деген түшүнүк да туура эмес. Себеби биздин өлкө 1-орунду алган спортчуга АКШ өкмөтү убада кылган акчадан 4 эсе чоң сумманы, башкача айтканда, 100 миң доллар сыйлык убада кылсак да бир медалга жетпегенибиз суроолорду жаратат. Улуу Британия өлкөсү спортчуларына эч кандай сыйлык убада кылбаса да, алар "Рио-2016" Олимпиадасында 67 медаль алып, жалпы эсепте 2-орунду ээлей алды.

КЛИМАТ, КАЛЫСТАР, МАШЫКТЫРУУЧУЛАР...

Биздин өлкөнүн спортчуларынын эл аралык деңгээлдеги мелдештерде медалга илинбей калышынын дагы бир себеби – тажрыйбалуу машыктыруучулардын аздыгы жана заманбап спорт залдардын жоктугу. Анткени ушул "Рио-2016" Олимпиадасына даярданган айрым спортчуларыбыз да абалы начар спорт аянттарында машыгып келишти жана аларга берилген тамак-аш көйгөйү да бар болчу.
Ошондой эле "Рио-2016" Олимпиадасы учурунда калыстардын бир жактуу баа берип, айрым упайларды эсепке албай коюп жатканын спорт чөйрөсү белгилешкен, ал эмес, эл арасында да бир топ калыстарга болгон нааразычылыктар бар. Буга далил катары Монголия мамлекетинин тренерлери кийимдерин чечип, калыстарга нааразы болгонун келтирсек болот. Мындай көрүнүш Айсулуу Тыныбекова жана Арсен Эралиевдин таймашынан да орун алган болчу.
Дагы бир жагдай, климат жана бизде көп өнүкпөгөн спорт түрлөрүндө. Олимпиадага чейинки даярдыкта спортчулардын аба алмаштыруусу алардын организмине таасир тийгизет жана жаңы чөйрөгө көнө алышпай кыйналышат. Андан сырткары климатка көз каранды болгон спорт түрлөрү. Биздин өлкөнүн климаттык шартына ылайык айрым спорт түрлөрүнөн мелдештерге спортчу жибере албайбыз жана бул медаль утуу мүмкүнчүлүгүн азайтат. Мисалы, сууда сүзүүнүн бир топ түрү Олимпиада оюндарында болгону менен, бизде андай спортко даярданганга шарт жок, климат жооп бербейт. Бирок тыйындын экинчи бетин карай турган болсок, кыргыздар илгертен бери алектенип келген күрөш, бокс сыяктуу спорт түрлөрүнөн да медаль ала албай жатканыбыз ойлондурбай койбойт.

БАШКА ӨЛКӨЛӨР ОЛИМПИАДА МЕДАЛЫНА КАНЧА ТӨЛӨЙТ?



Ошондой эле Англия, Швеция, Норвегия жана Хорватия өлкөлөрүндө медалга эч кандай сыйлык каралган эмес. Аларда спортчуларга эмес, балдар спортунун өнүгүүсүнө көңүл буруп, акча сарпташат.

ҮМҮТ БАР

Албетте, спортчуларыбыз медалга жетпегени менен, болгон мүмкүнчүлүгүн жумшап грек-рим күрөшү боюнча балбаныбыз Арсен Эралиев менен кыз-келиндер күрөшү боюнча Айсулуу Тыныбекова 5-орундарды жана дзюдо боюнча Юрий Краковецкий 7-орунду багындырышты. "Токио-2020" Олимпиадасына "Рио-2016" Олимпиадасына катышкан спортчуларыбыздын арасынан эл сүймөнчүгүнө ээ болгон жана тренерлери да коркпой кайра сунуштай ала турган спортчулар катары кыз-келиндер күрөшү боюнча Айсулуу Тыныбекованы, дзюдочулар Отар Бестаев жана Юрий Краковецкий, ошондой эле жеңил атлетчи Дарья Маслованы белгилешти. Кандай болгон күндө да бизде деле спорт өнүгүп, спортчуларыбыз кийинки Олимпиадаларда алтын медаль утат деп үмүт арта туралы.

«Супердин» сурак бурчу

Канткенде алтын утабыз?

Канат Аманкулов, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин жетекчиси:
– Риодо алтын медалга жетүү мүмкүнчүлүгүбүз бар болчу, бирок ал оюбуз ишке ашпай калды. Ал эми маселелерди айта турган болсок, кылым мурда болгон маселелер бүгүнкү күндө да турат. Бул маселелерди чечүү үчүн спорт имараттарын куруп, тренерлердин деңгээлин көтөрүп, спортчуларыбызды моралдык жана медициналык жактан катуу даярдасак алтынга жетебиз деп ойлойм. Негизинен бизде алтын алууга күрөштүн бир нече түрлөрү мүмкүнчүлүк берет жана ал багытта таланттуу спортчуларыбыз бар.

Каныбек Осмоналиев, "Москва-1980" Олимпиадасынын алтын медаль ээси, оор атлетчи:
– Ар бир спортчу темирдей тартипти сактап, ички дүйнөсүн тарбиялап, акылын, күчүн жана оюн алдыга чогултуп бир максат кылып койгондо гана медалга жетсе болот. Спортчуларыбыз учурунда тамакты, витаминдерди кабыл алып, режимди бузбоосу керек. Ал педагог болуп, жогорку адамдык сапатка ээ болуусу шарт. Өкмөтүбүз каражатты жакшы эле бөлүп жатат, ошону үнөмдүү пайдаланып, берилген стипендияларды максаттуу колдонуу керек. Бул маселелер боюнча жалпыбыз чогулуп кеңешип, алдыдагы иштерди пландообуз зарыл.

Мелис Турганбаев, Эркин күрөш федерациясынын президенти:
– Буга чейин спортко кандай мамиле кылган болсок, ошол жыйынтык болду. Биздин шартта даярданган спортчулар жарым финалга чейин чыкканы жакшы эле көрүнүш. Спорт күндөн күнгө жаңыланып, өнүгүп отурат, спортчулар да, спорттук залдар да ошондой темпте өнүкпөсө артта калат. Спорттун бизде өнүккөн бир нече тармагына катуу көңүл буруп, ошол спорт түрүнөн жыйынтык көрсөтүп, анан калгандарын жандандыруу зарыл.

Орзубек Назаров, мушкер, Жогорку кеңештин экс-депутаты:
– Спорт тармагында бизде мыкты кадрларыбыз бар жана татыктуу муун өсүп келе жатат. Акча маселеси болсо дайыма болгон жана боло берет. Менин оюмча, маселе башкада. Кыргыз Республикасынын Бокс федерациясынын вице-президенти катары бир гана нерсеге токтолом. Спорттун бир эле түрү эмес, бардык түрлөрү боюнча да бизде өзүбүздүн атайын заманбап спорт комплекстерибиз, спорт сарайларыбыз жок. Биз бул маселенин айынан башка өлкөлөргө конок болуп катышып келебиз.

Бектур Токтоноев
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
erlist
2016-09-05 14:16:36
Алтынга жетууго мумкунчулук бар болчу дейт"канат брат кулкуну келтирбечи айтчы кана кимисинин мумкунчулугу бар эле? Коло медалга эле болчу шанс биздин потолог ошо болчу к сожелению риодо
+4
knk
2016-09-05 14:45:26
4 жылдан кийин деле ушул койгойлорду айтабыз. Буга чейин деле айтып келгенбиз.
+3
MIRBOLOT
2016-09-05 15:38:19
Мен Айсулуу Тыныбекова менен Арсен Эралиевден башка спортчуларга ичим чыккан жок.Мусаевдин бутунан жеңил жаракат алган Андрийцевден утулганын көргөндө жөн эле "күйүп кеттим"!
Базар Базаргуруев деген спортчу бар эле кайда? Ошол менимче алтынды багындырмак.Анан да орустардан да көбүрөөк сыйлык убада кылышканы таң калтырды!
+2
Kroxa
2016-09-05 19:32:41
MIRBOLOT,албаарын билип кобуроок айтып койгонго колону да кайра тарттырганыбыздын сыры бардай...
+2
Nora
2016-09-05 19:04:29
Medal aluunun bir syry bul doping ichuu
kerek
+2
rianna
2016-09-06 20:45:42
Иззат Артыковду эмнеге эстешпейт колдонун жоктугунан коло медалды да допинг деп алып койду кийинки олимпиядага барбай эле койгула алтын алсанар да допинг Деп алып коет
+1
№ 722, 02-сентябрь-08-сентябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан