22-август күнү кыргыз жеринде ыктыярчы болуп, балдарга англис тилин үйрөтүп жүргөн америкалык Сара ДеАнтони Ысык-Көлдүн күнгөйүнөн тескейине сүзүп өттү. Ал уламышта айтылган тору айгыр сүзүп өткөн багыт менен жүргөн. Жакында эле ал жерден АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин кызматкери Майк Тайсон да сүзүп өткөн эле. Касиеттүү көлүбүздүн ортосунан аялзатынын ичинен биринчи болуп сүзүп өткөн 24 жаштагы Сара ДеАнтони менен маектештик.
– Сара айым, көлдү кесип сүзүп өтүшүңүз менен куттуктайбыз! Кандай максатта сүзүп өттүңүз?
– Рахмат! Спорт менен машыгып, дени сак жашоодо өмүр сүрүү менин урааным. Аны өзүм үчүн эле пайдаланбастан, башкалар менен дагы бөлүшкүм келет. Балдарга англис тилин үйрөтүү менен чектелип калбай, жаштарды активдүү болууга, ден соолукту чыңдоого, тазалыкты сактоого үндөгөн тренингдерди өтүп, йога менен да машыктырам. Окуучуларыма сөз менен эмес, иш жүзүндө далилдейин деп Ысык-Көлдү сүзүп өттүм.
– Канча чакырымды сүзүп өттүңүз?
– Таңкы саат 5те Тору-Айгырдан түштүк жээктеги Кара-Талаа айылына кайык менен бардык. Саат 7де Тору-Айгыр тарапка сүзүп баштап, жалпы 13,1 чакырымды 4 саат 43 мүнөттө сүзүп өттүм.
– Эс алып жаттыңызбы?
– Суусаганда гана бир мүнөттөй дем алып, шекер кошулган суу ичип сапарымды улай бердим. Сүзөрдөн мурун банан эле жегем. Жээкке чыккандан кийин аябай курсагым ачты. Табитим ачылып, көп тамак жедим (күлүп).
– Көлдүн ортосунда жалгыз сүзүп баратканда коркунуч болсо керек?
– Мен адамдарды суудан коркпоого чакырам. Көлдүн ортосунда чоң-чоң толкун, катуу шамал болуп жатты. Бирок ал менин аркы өйүзгө сүзүп өтөм деген максатымды токтото алган жок.
– Көлдү сүзүп өтүүгө канча убакыт даярдандыңыз?
– Эки ай толук кандуу даярдык көрдүм. Бирок кышында йога менен машыгып, чуркап баштагам.
– Жаныңызда кимдер коштоп жүрдү?
– Мен туулуп өскөн Нью-Жерси штатынан жакында эле ата-энем келишкен. Алар менен кошо эки досум, кайык башкарган эки адам коштоп жүрдү.
– Сүзүп өткөндөгү сезимдериңиз менен бөлүшө кетсеңиз?
– Сууда сүзүп баратканда «Кара жорго» ыры оюма келип, ичимден ырдап бараттым. Жээкке чыкканда ушунчалык кубандым, бактылуу болдум. Анткени бул кадамым менен айымдар да эркектерден калбай эле ийгиликке жетсе болорун далилдедим. Менден мурун сүзүп өткөн АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин кызматкери Майк Тайсондон эки саат эрте сүзүп өтүп, рекорд жараттым.
– Канча жашыңыздан тартып сууда сүзүүнү үйрөндүңүз эле?
– 4 жашымда эле суу менен достошком. Сууда сүзгөнүмө быйыл 20 жыл болду. Университетте окуп жүргөндө команда менен сүзчүмүн. Окууну аяктагандан кийин машыктыруучу болуп да иштеп калдым.
– Кайсы кесиптин ээси болосуз?
– Флорида эл аралык университетинин психолог адистигин бүтүргөм.
– Кыргыз жерине качан келдиңиз эле, калкыбыз жактыбы?
– Бир жыл болду. Дагы бир жыл бул жакта болом. Кыргыз эли аябай меймандос, ак көңүл экен. Мага бул жердин ашлянфу, манты, лагман деген тамактары жакты.
– Кыргызстанда кимдер менен турасыз?
– Кыргыз ата-энем менен, алар аябай жакшы адамдар. Бул үй-бүлөдө менин 5 бир тууганым бар. Өтө ынтымактуубуз. Эң кенжебиз 6 жашта. Азыр ал англисче «салам, кандайсың?» деп сүйлөп калды.
Султан Төрөбеков
koom@super.kg