SUPER.KG’ден Күнсереп

SUPER.KG порталындагы "Күнсереп" рубрикасында күн ичинде болуп өткөн коомдук жана саясий окуяларга саресеп салынууда. Биз окурмандарды мына ошол рубрикада жарыяланган макалалардын урунттуу учурлары менен тааныштырабыз.

25-август:

КҮЗГӨ КАЙРАДАН "КЕТСИН" ДЕГЕН УРААН МЕНЕН КИРЕБИЗБИ?

Бүгүн оппозиция форум өткөрүп, негизги темасы катары Конституцияны өзгөртүүгө биргеликте каршы туруу талкууланды. Адатта пикири келишпеген Адахан Мадумаровдун Баш мыйзам боюнча позициясы Өмүрбек Текебаев менен бир болуп чыкты. Ал дагы 2020-жылга чейин өзгөртпөйбүз деп мыйзам кабыл алган соң аны сактоо керек деген пикирде. "Мен 2 кишини айттым эле, саясий көз караштары ар кандай болгону менен, буларды энелери парламент үчүн төрөп койгон деп. Бири – Текебаев, экинчиси – Ишенбай Кадырбеков. Текебаевдин түшүнүгүн түшүнүш үчүн Фаридге дагы 15 диплом керек",- деди Адахан Мадумаров. Кечээ бул маселе боюнча өткөн тегерек столдо Жогорку Кеңештин депутаты Чолпон Жакупова Президенттик аппараттын башчысы Фарид Ниязовго: "Мыйзам боюнча Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү президент дагы, Жогорку Кеңештин депутаттары дагы демилгелеп чыгууга укугу жок. Элдин башын айлантууну токтоткула!"- деп нааразычылык билдирген. Бүгүн жыйын Конституцияны өзгөртүүгө каршы митингдер өтөт деген чечим менен аяктады. Конституцияны өзгөртүүгө коомдун активдүү жарандык позициядагы бөлүгү, аттуу-баштуу саясатчылардын каршы чыгуусу күчөп баратат. Мындай дем менен бара берсе, күзгө кайрадан "кетсин" деген ураандар менен киребизби?..

26-август:
ӨЗБЕКТЕР КАРМАП КЕТКЕН 4 ЖАРАНДЫ ТЫШКЫ ИШТЕР МИНИСТРЛИГИ ЭМИ ЭСТЕДИ

Үңкүр-Тоодогу станциянын 4 кызматкери өзбекстандык милиция кызматкерлери тарабынан кармалып, Райондук ички иштер бөлүмүнө алынып кеткенин Чек ара кызматы 24-августта билдирген эле. Аталган кызмат "аларды качан кармап кетишкенин билбейбиз" деп жооп узаткан. Өзбекстандык маалымат булактары өлкөнүн Ички иштер министрлигине таянып "22-август күнү Үңкүр-Тоодо паспорттук режимди текшерүү жүрүп, Өзбекстандын аймагында мыйзамсыз жүргөн 4 жаран кармалды" деп маалымат беришти. Демек, телемунаранын кызматкерлеринин Өзбекстандын РИИБинде кармалып турганына бүгүн 5 күн болду. Кыргыз Республикасынын Өзбекстандагы элчиси Данияр Сыдыков коңшу өлкөнүн тышкы иштер министринин орун басары Саидикрам Ниязходжаев менен жолугушуп, кыргызстандык 4 жаранды бошотуу боюнча 25-августта гана сүйлөштү. Бул тууралуу Кыргыз мамлекетинин Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Ал эми Өзбекстандын ТИМинин сайтында жолугушууда эки тараптуу кызматташтык талкууланганы айтылып, 4 жаранды бошотуу маселеси тууралуу маалымат берилген жок. Кыргыз өлкөсүнүн, анын жарандарынын кызыкчылыгын чет жерде коргоо милдети жүктөлгөн Тышкы иштер министрлигинин 4 күндөн кийин гана кыймылга келиши министрлик тынчтыкта тынчтыктай, согушта согуштай иш алып бара албасын көрсөтүүдө. Өзбекстандын ИИМи Үңкүр-Тоону өзүнүн аймагы катары көрсөтүлгөн кабарларды таратууга жетишти. Бул жагынан алганда кыргыз тарап эмне кыларын билбей ийин куушурган абалда. Мисалы, бүгүн өлкөбүздүн чек ара маселелери боюнча вице-премьер-министри Жеңиш Разаков "Үңкүр-Тоо – такталбаган тилке, Өзбекстандын позициясы түшүнүксүз болууда" деп билдирүү жасады. Өзбек тарап "биздин жер" деп ишенимдүү билдирип баштаган тапта Кыргыз мамлекетине тиешелүү телемунара жайгашкан, эзелтеден кыргыздар жердеп келген аймакты "макулдашылбаган тилке" деп артка кетенчиктегени карапайым элди бушайман кылууда...

29-август:
АЗА КҮТҮҮ КҮНҮНДӨ ПРЕЗИДЕНТ КОНСТИТУЦИЯНЫ ӨЗГӨРТҮҮ МЕНЕН УБАРА

Жалпы кыргыз чырактай кыз-келиндеринен айрылып, аза күтүп турган күнү президент Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңештин спикери Чыныбай Турсунбеков жана 5 фракциянын башчылары Иса Өмүркулов, Канат Исаев, Бакыт Төрөбаев, Алтынбек Сулайманов жана Өмүрбек Бабанов менен жолугушуп, Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн референдум өткөрүү ишин талкуулады. Бул жолугушууга бир гана фракция жетекчиси, "ата мекенчи" Өмүрбек Текебаев барган жок. Убакыт чукул. Жогорку Кеңеш 1-сентябрдан жумушун баштайт. Депутаттык жыйындар башталгыча акыркы даярдыктар бүтүшү шарт. Эл эмне, өз кайгысы өзүндө, чыдап келе жатат... Чыдай турат... Мамлекеттик аза күтүү күнүндө президент өлкөнү башкарууга катыштыгы бар бардык чиновниктерди чогултуп, эмгек миграциясы, мигранттардын турмушун жакшыртуу, өлкөдө жумушсуздукту жоюу маселесин кабыргасынан койсо, эл аз да болсо соороно түшмөк, үмүт жаралмак... Эгер Жогорку Кеңеш дагы 1-сентябрда жумушту мигранттардын маселесин чечүүдөн эмес, Конституцияга өзгөртүү киргизүүдөн баштаса, анда тарап кете беришкени оң. Алар элдин маселесин чечүү үчүн шайланып келген өкүлдөр. Түздөн-түз ошол милдеттин үстүнөн иштөөлөрү зарыл...

30-август:
УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТ ПРЕЗИДЕНТТИ АВТОРИТАРИЗМДЕН БАШ ТАРТУУГА ЧАКЫРДЫ

Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү Конституцияны өзгөртүүгө каршы. Бүгүн алар "Баш мыйзамга 2020-жылдын 1-сентябрына чейин өзгөртүүлөрдү киргизүүгө болбойт" деген билдирүү таратышты. Бул кайрылууга 2010-жылы Апрель революциясынан кийин Убактылуу өкмөттүн төрайымы болгон Роза Отунбаева, төрайымдын конституциялык реформа боюнча орун басары Өмүрбек Текебаев, сот жана прокуратура боюнча орун басары Азимбек Бекназаров, Убактылуу өкмөттүн мүчөсү жана аталган өкмөттүн аппаратынын башчысы Эмилбек Каптагаев, Убактылуу өкмөттүн мүчөсү жана ошол кезде УКМКнын төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев, Убактылуу өкмөттүн мүчөсү жана ал кездеги коргоо министри Исмаил Исаков, Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Элмира Ибраимова, Убактылуу өкмөттүн мүчөсү жана ошол учурдагы ички иштер министри Болот Шер кол койгон. Буга чейин Конституцияны шашылыш өзгөртүүгө каршы чыгып жаткан Темир Сариев кол койгондордун арасында көрүнбөйт. "Азыркы Конституция мурдагы бийлик түзүмү айыгышкан каршылык көрсөтүп, ок атылып, элдин бейпилдиги бузулуп турган учурда кабыл алынган. Учурдагы Баш мыйзам тоталитардык кол салуудан жакшыраак корголгон. Ал бийликти жеке басып алууну каалаган адамдарга жол бербейт, тоскоолдук кылат. Ошондуктан биз Конституцияга өзгөртүү киргизүү демилгесинин процедурасына гана эмес, анын ички мазмунуна дагы каршы экенибизди билдиребиз",- деп жазылат кайрылууда. Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү президентти, Жогорку Кеңештин депутаттарын 2020-жылга чейин Конституцияны өзгөртүүдөн баш тартууга жана өлкөдө авторитардык режимдин калыбына келишин токтотууга чакырат.
Кечээ президент спикер жана 5 фракциянын лидерлери менен жолугушуу өткөргөн эле. Ага "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев чакырылган эмес. Баш мыйзамды өзгөртүүнү талкуулагандардын арасынан Алмазбек Атамбаев менен КСДПнын лидери Иса Өмүркулов гана Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү болгон. Калгандарына келсек, алар Апрель окуясынын алдында камакка алынган эмес, Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү сыяктуу бакиевдик режимдин куугунтугун көрүшкөн эмес. Апрель революциясынын башында турган топ ошентип эң принципиалдуу, маанилүү иште эки ажырым жолго түштү. Конституцияга өзгөртүү киргизүү аракети кооптуу нукка бурулду.

31-август:
АТАМБАЕВ ӨЗҮ КУРАМЫНДА БОЛГОН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТТҮ ОЛУТТУУ КЫЛМЫШТАРГА АЙЫПТАДЫ

Мурунку күнү – өрттө калган кыздар, кечээ – капыстан пайда болгон жан кечтинин жардыруусу, бүгүн – ... Бүгүн Кыргыз мамлекетинин эгемендүүлүк алганына 25 жыл болду. Бул күнү чейрек кылымда эмнеге жетиштик, кийинки чейрек кылымда кайда барабыз деген кеп болушу керек эле. Бирок бүгүн кыргыз "теке жана койлор" тууралуу икаяны талкуулады. Эгемендүүлүк күнүндө элди куттуктоо үчүн трибунага чыккан Алмазбек Атамбаев бүгүн да өзүнүн репертуарында болду. Ажонун куттуктоо сөзүнүн 90 пайызы өзүн бийликке алып келген Убактылуу өкмөт мүчөлөрүн жамандоого арналды. Алмазбек Атамбаев дагы Убактылуу өкмөттө мүчө болгону, 2010-жылы иштелип чыккан жаңы Конституцияга, ошондой эле Убактылуу өкмөттүн бардык чечимдерине мүчө катары ал дагы кол койгону элдин эсинде. Ошол мезгилде эмнеге Атамбаев "Конституцияда миналар бар" деп каршы чыкпаганы табышмак. "Роза Исаковна, 2010-жылы Конституцияны кабыл алганда сиздин жаагыңызды парламент жапканы баарыбыздын эсибизде. Өлкөбүздө кандай баш аламандык эле. Убактылуу өкмөт Конституцияга өзгөртүү киргизүү менен президенттик мөөнөтүн узартып алат деп коркуп жатат. Анткени мындай көрүнүш 2010-жылдагы референдум учурунда болгон. Ар ким өзүнө карап иш кылат",- деп Атамбаев Убактылуу өкмөттүн төрайымы болгон Роза Отунбаеваны сындады. Апрель революциясын, Июнь каргашасын башынан кечирген маалда Кыргыз мамлекетин башкарып, укуктук талаага алып келип, эл аралык аброюн калыбына келтирип, анан бийликти мыйзамдуу тапшырып кеткен Роза Отунбаева Эгемендүүлүктүн 25 жылдыгына карата куттуктоого дегеле коошпогон бул сөздөрдү мындан ары уккусу келбей, өлкө башчысынын жанында тургусу келбей аянттан басып кетти.
Алмазбек Атамбаевдин расмий иш-чарада расмий бийлик өкүлү айтпай турган сөздөрү муну менен токтободу. Анын кечээки пикирлештерин айыптоосу "кыргыз эли текелерди ээрчий турган кой эмес" деген сөз менен жыйынтыкталды. Ажо бул "жалындуу" сөздөрдү бүткүл кыргыз дүркүрөгөн кол чабуу менен тосуп алат деп күткөндүр? Андай болбоду... Эл бүгүн майрам экендигин, Кыргыз мамлекети өзүн эгемендүү атаганына 25 жыл толгонун деле унутуп президенттин сөзүн талкуулоо менен убара. "Бүгүн ички саясий кармашты айтып бугун чыгара турган күн беле?!", "Мындай сөздөрү менен президент элдин бийликке болгон ишенимине суу септи...", "Эл жылуу сөздү, колдоону күткөн..." Мына ушундай талкуулар учурда интернет баракчаларда айтылып-жазылууда. Өмүрбек Текебаев: "Бул күнү мамлекет башчысы, накта улуттук лидер 25 жылда тарыхыбызда кандай ийгиликтер, кандай кемчиликтер болгонун талдап айтып, андан сабак чыгарып, алдыда келе турган 25 жылдыкка жол көрсөтүп, элге тапшырма коюп, элди бириктирип, мобилизациялаш керек. Тилекке каршы, биздин мамлекет башчыбыз ал мүмкүнчүлүктү пайдаланган жок. Тескерисинче, элди бириктирип, шыктандыргандын ордуна бөлүп-жарганга, тарыхыбызды сыйлап, андан сабак алгандан көрө кечээки тарыхты өзүнүн жеке кызыкчылыгына бурмалаганга аракет кылып, эл алдында өзүнүн гана эмес, өлкөнүн да абийирин төктү",- деди. 2010-жылы апрель айында Бакиевдердин бийлиги элдик кыймылдын аракети менен куулушунда негизги кыймылдаткыч болгон Болот Шер да ажонун бүгүнкү кайрылуусун кескин сындап чыкты. Бүт дүйнөгө түз эфирде көрсөтүлүп жаткан иш-чарада мамлекет башчы катары көчөдөгүдөй сүйлөгөн ага жарашпайт. Муну менен президент өлкөдөгү саясий кырдаалды андан бетер курчутту десе болот...

www.super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 722, 02-сентябрь-08-сентябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан