УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТ «АТАМБАЕВ ОТУНБАЕВАДАН КЕЧИРИМ СУРАСЫН» ДЕДИ

Конституцияны өзгөртүү аракетинин айланасындагы талаш-тартыш улам күчөп барат. Кыргыз өлкөсү быйыл Эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгын белгиледи. Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев 31-август күнү "Ала-Тоо" аянтында калкка куттуктоо сөзүн сүйлөп жатып дал ушул Баш мыйзамдын тегерегиндеги талаш-тартыш боюнча өз ойлорун айтты. Өзү учурунда мүчө болгон Убактылуу өкмөттү оор кылмыштарга айыптап ачуу сөздөрүн жаадырды... Мындан бир күн мурун, 30-августта Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүүгө каршы экенин билдиришип, президентке жана парламентке кайрылуу жолдошкон болчу.

АТАМБАЕВДИ ТААРЫНТКАН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТТҮН КАЙРЫЛУУСУ

Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн кайрылуусу жалпы коомчулукка, ар бир кыргыз жаранына, эң ириде бир кезде бакиевдик авторитардык бийликке каршы бирге күрөшкөн, буга чейин Конституцияны коргоп келип, бийликтен кетерине бир жыл калганда "Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү керек" деп позициясын өзгөрткөн президент Атамбаевге да жолдонгон эле.
"Биз парламенттик республика курабыз деп жарыя кылганбыз. Бул жалпы коомдук келишим болгон. Мекендештерибиз өз ишеними менен жаңы конституциялык түзүмдүн жана парламенттик системдин легитимдүүлүгүн камсыз кылышкан... Алты жыл өткөндөн кийин биздин Конституциянын артыкчылыктарына күбө болуп турабыз. Учурунда мамлекетке туруктуулук берген, бир топ жыл алдыга карай бийик дөөлөттөргө негиз болуп калган мындай документ менен сыймыктансак да болот. Ошондуктан биз Конституцияга өзгөртүү киргизүү демилгесинин процедурасына гана эмес, анын ички мазмунуна дагы каршы экенибизди билдиребиз...
Президентти, Жогорку Кеңештин депутаттарын 2020-жылга чейин Конституцияны өзгөртүүдөн баш тартууга чакырабыз. Учурдагы Конституцияны өзгөртүү 2020-жылдын 1-сентябрынан кийин гана мүмкүн.
Биз Кыргызстан элин аракеттеги Конституциянын кол тийгистигин 2020-жылга чейин коргоого жана өлкөдө авторитардык режимдин калыбына келишин токтотууга чакырабыз",- деп жазылат Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн кайрылуусунда. Кайрылууга Роза Отунбаева, Өмүрбек Текебаев, Азимбек Бекназаров, Эмилбек Каптагаев, Кеңешбек Дүйшөбаев, Исмаил Исаков, Болот Шер жана Элмира Ибраимова кол койгон. Буга чейин Конституцияны шашылыш өзгөртүүгө каршы чыгып жаткан Темир Сариев кол койгондордун арасында көрүнбөйт.

УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТТҮН КУРАМЫНДА КИМДЕР БОЛГОН?

7-апрелде Бакиевдин бийлиги кулатылып, 8-апрелде Элдик курултайдын Борбордук комитетинин мүчөлөрү тарабынан Убактылуу өкмөт түзүлгөн. Убактылуу өкмөттүн төрайымы болуп Роза Отунбаева дайындалып, ал өкмөт бир эле учурда президенттин да, парламенттин да милдетин аткармак болгон. Элге кайрылуусунда Роза Отунбаева Убактылуу өкмөт жарым жыл ичинде алдыга коюлган негизги максаттарды, алсак, Баш мыйзамга өзгөртүү киргизип, жаңы парламентти шайлоого шарт түзүү жана башка иштерди аркалай тургандыгын билдирген.

  • Убактылуу өкмөттүн төрайымы – Роза Отунбаева;
  • Экономика боюнча орун басары – Алмазбек Атамбаев;
  • Финансы боюнча орун басары – Темир Сариев;
  • Конституциялык реформа боюнча орун басары – Өмүрбек Текебаев;
  • Прокуратура жана сот иштери боюнча орун басары – Азимбек Бекназаров;
  • Убактылуу өкмөттүн аппарат жетекчиси – Эмилбек Каптагаев;
  • Ички иштер министри – Болот Шер;
  • УКМКнын төрагасы – Кеңешбек Дүйшөбаев;
  • Саламаттыкты сактоо министри – Дамира Ниязалиева;
  • Өзгөчө кырдаалдар боюнча министри – Дүйшөнкул Чотонов;
  • Коргоо министри – Исмаил Исаков;
  • Финансы полициясынын төрагасы – Эркин Бөлөкбаев;
  • Бишкек шаарынын мэри – Иса Өмүркулов;
  • Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин директору – Топчубек Тургуналиев;
  • Социалдык тармак, коомчулук жана ЖМК менен байланыш боюнча координатору – Элмира Ибраимова.

ОТУНБАЕВА АТАМБАЕВДИН СӨЗҮНӨ КАРШЫЛЫК БИЛДИРИП АЯНТТАН БАСЫП КЕТТИ

Кыязы бул кайрылуу президент Атамбаевдин талуу жерине тийгендей. Анткени 31-август күнү ал калың элдин алдында куттуктоого эч эле коошпогон сөздөрдү сүйлөп турду... Көпчүлүктүн көңүлүн бурган-бул ажо Атамбаевдин Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө карата айткан пикири болду.
"2010-жылкы референдумда биз Роза Отунбаеваны мамлекет башчы катары легалдаштырдык. Жана ошол кезде бул туура кадам болгон, себеби эч ким "убактылуулар" менен иштешкиси келбей жаткан. Эч ким!
Ошондуктан мен башынан эле, 2010-жылдын 7синен 8-апрелге караган түнү алгачкы жолугуубузда Убактылуу өкмөттүн түзүлүшүнө жана Конституциянын шашылыш кабыл алынышына каршы болгом. Анткени парламент Отунбаеваны спикер кылып шайлоого даяр болчу (ред. парламенттин көп бөлүгүн анда "ак жолчулар" түзчү), анда ал автоматтык түрдө Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу болуп калмак. Биз легитимдүү жол менен бара алмакпыз. Балким, ал жолдо кан аз төгүлөр беле?.."- президент мына ушул сындуу сөздөрдү берилүү менен сүйлөп жатканда анын аркасында экс-президент Роза Исаковна Бишкек мэри Албек Ибраимов, өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековдун жанында турган. Президент: "Эгер сиз унутуп калган болсоңуз, парламент жыйында сиздин оозуңузду жап кылганы биздин эсибизде!"- деп трибунадан конок катары чакырылган Роза Отунбаеванын дарегине түркүн сөздөрүн жаадырып киргенде, Роза Исаковна ошончо элдин, чиновниктердин көзүнчө ажонун сөзүнө каршылык ишаратын билдирип, далысын сала трибунадан басып кетти. Экс-президенттин бул кадамын түз эфирде бүткүл кыргыз көрүп турду.

 

АЖО ОПУЗАЛООГО ӨТТҮБҮ?

Алмазбек Атамбаевдин койлорго карата өзгөчө мамилеси бардыгы байкалат. Буга чейин эл "нарындыктар, силер койсуңар" деди", "жок, ал сөздү монтаждап жасап коюшту" деп ажонун сөзүнүн аныгына жетпей талкуулап келишкен. Бул куттуктоо сөзүндө да койлор менен теке тууралуу икая айтып "кыргыздар текелерди ээрчий турган кой эмес" деп кимгедир кыжынып алды. Президент буга катар: "Кыргыздын байлыгын, кыргыздын жерин ким сатканы ачылат! Ачылып башталды. Мародёрлук да ачылат. Банк ячейкаларын тономой да ачылат. Кадыржан Батыровду ким үгүттөгөн, ким качырганы да ачылат",- деп эл алдында сөзүн улады.
Президент Атамбаевдин бул сөздөрү түрдүүчө талданууда. Экс-депутат Равшан Жээнбеков: "Мындай сөздөрү менен президент Атамбаев ага кыйшаюусуз баш ийген укук коргоо органдарына түз жана кыйыр түрдө "эмнеси болсо да Отунбаева, Текебаев, Бекназаров, Сариевге иш козгогула" деген буйрук берди. Бул жаңы ажыдаардын коркунучтуу жана эң туура эмес буйругу!"- деп өзүнүн Фейсбук баракчасы аркылуу ой бөлүштү.

Өмүрбек Текебаев: "АКАЕВ ДА, БАКИЕВ ДА КОНСТИТУЦИЯЛЫК РЕФОРМА ЖҮРГҮЗГӨН. АЛАР КАЙДА?.."

Алмазбек Атамбаевдин мындай билдирүүлөрү боюнча Өмүрбек Текебаев өз комментарийин мындайча берди: "Биздин мамлекет башчыбыз Атамбаев элди бириктирип, шыктандыргандын ордуна бөлүп-жарганга, тарыхыбызды сыйлап, андан сабак алгандан көрө кечээки тарыхты өзүнүн жеке кызыкчылыгына бурмалаганга аракет кылып, эл алдында өзүнүн гана эмес, өлкөнүн да абийирин төктү. Эгер өзү эле уят болсо, ал өзүнүн иши деп коёт элек. Бул анын өзүнүн иши эмес, жалпыбыздын ишибиз. Ошон үчүн бүгүнкү күн биздин тарыхыбызда эң жаман күндөрдөн болуп калды деп ойлойм. Атамбаев өчөшүп, "мен конституциялык реформаны жүргүзөм эле, жүргүзөм" деп эл алдында кайра-кайра эле ант берип жатат. Мейли, жүргүзсүн. Бакиев да, Акаев да жүргүзгөн, алар каякта?.."- деди.
Буга катар ал: "Роза Исаковнанын орду дүйнөлүк деңгээлде. Мен жоопкерчилик менен айта алам, ал эң биринчи кезекте эркектер даабай жатканда жоопкерчиликти өзүнө алды. Алмазбек Атамбаев, Азимбек Бекназаров жана мен да жоопкерчиликти ала албай турганда Роза Исаковна жоопкерчиликти өзүнө алды. Баарыбыз угуп, сыйлап, Убактылуу өкмөттүн төрайымы, кийин өткөөл мезгилдин президенти кылып тандап алдык. Эл билип, Конституцияга жана Роза Исаковнага өткөөл мезгилдин гаранты катары добуш берди.
Отунбаеванын эмгегин кыргыз эли эле эмес, бүтүндөй дүйнө билет. Ал президенттиктен кеткенине 5 жыл болсо дагы өкмөттөн бир тыйын албай, республиканы кыдырып, пайдалуу иштерди жасап жүрөт. Атамбаев да эртең кетет. Ал Отунбаева жасаган иштин 1 пайызын да жасай албайт. Ал үчүн билим, авторитет, анан чын дилден элдин тагдыры үчүн күйүш керек. Атамбаев эртең эмне кылат? Өзү айтты "мен чарчадым, уктайм, пианино ойнойм" деп. Мына, өзүнө берген баасы. 1 жыл дагы өтөт, уктасын, абдан катуу уктасын",- деп билдирди.

Тынар Курбаналиев: "МЕНИН ИНТЕРМЕДИЯМДЫ АЯНТТА БИРӨӨ АТКАРЫПТЫР..."

Куудул Тынар Курбаналиев өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу: "Урматтуу достор, баарыңарды Эгемендүүлүктүн 25 жылдыгы менен куттуктайм, анан бүгүн "Ала-Тоо" аянтында мен ойногон интермедияны бирөө кайталады дейт, укпадыңарбы?"- деп жазып чыкты. Куудулдун бул билдирүүсүн интернет колдонуучулары байма-бай бөлүшүп жатышты.
Ушул эле күнү Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү билдирүү таратышты. Анда алар президент Атамбаевдин аны түз мааниде айтканда колунан бийликке жетелеп келген Роза Отунбаевага жана 2010-жылдагы референдум боюнча айткан сөздөрүнө нааразычылык билдиришип: "Бул мамлекет башчысын мындай кой, өзүн жигитмин деп эсептеген ар бир адам жасабай турган жорук",- дешти. Муну менен кошо Убактылуу өкмөт мүчөлөрү президенттин экс-президент Роза Отунбаевадан расмий түрдө кечирим сурашын талап кылышты.
Ошону менен президент Атамбаев авторитардык режим менен чогуу күрөшүп, революцияны чогуу ишке ашырышкан санаалаштарынан терс бурулду. Коомчулук эми саясий абал курчуй турганынан шек санабай турат.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 722, 02-сентябрь-08-сентябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан