Улуу манасчы Саякбай Каралаев жөнүндө "Саякбай" тасмасын тартуу иштери башталды. Аталган фильмге Эрнест Абдыжапаров режиссёрлук, Хасан Кыдыралиев операторлук кылууда. Манасчынын образын элге Бопуш деген ат менен таанылган актёр Марат Жанталиев жаратып, кичинекей кезин жаш манасчы Үмөт Болот уулу аткарат. Ал эми улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун ролун кичүү уулу Элдар Айтматов ойномокчу. Ошондой эле тарыхый тасмадан Рахат Божокоева, Альбина Имашова, Зарема Асаналиева, Ширин Сарыгулованы көрүүгө болот. Учурда тасманы тартуу иштери Ысык-Көлдө кызуу жүрүп жаткан кези.