МИРБЕК АТАБЕКОВ 30 ЖАШЫНДА ЭМГЕК СИҢИРГЕН АРТИСТ БОЛДУ

Өлкөбүздүн эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына карата маданияттын өнүгүшүнө салымын кошкон белгилүү инсандарга көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн мамлекеттик сыйлыктар берилди.
Алсак, III даражадагы «Манас» ордени Кыргыз Эл артисттери Саламат Садыкова, Назира Мамбетова жана Сардарбек Жумалиевге ыйгарылды. Мекенди алыска тааныткан "Город 312" тобунун солисти Светлана Назаренко жана бийчи Атай Өмүрзаков, көп ырчыларга устаттык кылып багын ачкан Рафаэль Сарлыков, актриса Шайыр Касымалиева Даңк медалына ээ болушту. Ал эми "Кыргыз Республикасынын Эл артисти" наамы төкмө акын Элмирбек Иманалиев, "Камбаркан" тобунун көркөм жетекчиси, дирижёр Рысбек Жумакуновго берилди. "Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти" наамына обончу Абидин Темиров, "Супер-Инфонун" тандоосу боюнча "Заманыбыздын супер тобу" аталган "Биз" тобунун солисти Бактияр Токторов, Гүлнара Тойгонбаева, Гүлзада Рыскулова жана "Супер-Инфонун" тандоосу боюнча "Заманыбыздын супер ырчысы" Мирбек Атабеков, төкмө акындар Аалы Туткучев, Жеңишбек Жумакадыр, Азамат Болгонбаев, Амантай Кутманалиев татышты. "Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер" наамы "Азия Mix" КВН командасынын капитаны Эльдияр Кененсаров, режиссёр Темир Бирназаров жана башкаларга ыйгарылды.
Сыйлыгы тууралуу Бактияр Токторов: "Бул наамды алганга "Супер-Инфо" гезитинин да салымы чоң. Албетте, бул наамга татыганыма кубанып жатам, аябай жагымдуу болду. Күйөрмандар да "сиз мамлекеттик деңгээлдеги наамга татыктуусуз" деп калышчу. Ошондуктан бул сөздөр мага дем берип, сыйлыкты көптөн бери күтүп жүргөм",- деди.
Биз мамлекеттик сыйлыкка татыган атактуулардын айрымдарын гана белгилеп өттүк. Президенттин бул жарлыгы элге жарыяланары менен "калыс болбой калыптыр" деп сындап чыккандар көп болду.
Эске салсак, Маданият министрлигинен билдиргендей, кыргыз жеринде мамлекеттик сыйлыктарды тапшырууга 2012-жылы мораторий жарыяланып, быйыл гана алынып салынган.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (56)
nurik838383
2016-09-06 14:58:27
Абдылда Иманкуловко беришпей калдыго минтип журушундо
+4
Amankg
2016-09-06 16:06:52
Мирбек кайсы эмгеги учун алды????. Такыр туура эмес берилиптир. Мын сага коррупция. Ошол наамды берген адамдын тууганндарынын тойуна Мирбек бекер ырдап берсе керек да. Бактияр Токторов вот он заслуживает наамды.
+5
Nazik.
2016-09-06 16:08:20
Жазат десе эле жаза бересинерби?! Мирбек 10 жылдан бери сахнадан тушпой келе жатат. Канча деген ырларды жаратты. Очуп да калбастан аракетинин негизинде улам кийинки ыры хит болууда. Татыктуу менимче, эмгек синиргенге, бул эми эл артисти деген наам эмес го! Билетин элге карап арзаныраак кылат, дайыма жандуу ундо созолонто ырдайт. Сопсонун эле татыктуу наамга. Жаш-кары дебей суйуп угушат. Эски ырды жаныртса да обондун озогун бузбай, ыргакты келиштире созуп, аракети дайыма куч. Азаматсын Мирбек
+1
Кайрат
2016-09-07 10:37:37
Nazik., Анда ошол Мирбек менен тең чыккан Ильяз Султан, Мирбек Иманбеков, Темир кыскасы баарына эле берсин. 20-30 жылдап сахнада жүрүп араң эмгек сиңирген наамга жеткен Бек Борбиев ушул эле Б Токторов жана башкалар темселеп эле жүрүшкөн экен да, Мирбек 10жылда жеткен наамга "Темселешип сүйрөлүшүп, араңдан зорго тааныштары аркылуу" алышкан артисттикти. Өздөрү деле аявай уялып жатвшса керек Мирбектей таланттын алдында ыңгайсыз болуп
+2
Amankg
2016-09-06 16:08:24
Бактияр байке наам алышыныз менен куттуктайбыз. Биз сиздин ырларыныз менен чонойгонбуз. Ишинизге ийгилик.
А Мирбекти не признаю.
+2
Nurkyz1977
2016-09-06 21:59:07
Amankg,эн туура
+2
gulkar
2016-09-07 11:43:30
Мирбек алды дегенине ишенбей турам,7×3= канча десе? билбей 28,24,20 деген интервью бергенин коруп тан калдым.
+1
gulaza
2016-09-07 19:02:29
gulkar,кайсы сайттан корсок болот ошону
+1
gulaza
2016-09-07 19:01:18
Мирбекке эртего андан мурунку чыккандар ала элек бул ич куйдуулук эмес элдин баасы мейли эми бизде коррупция кучтууго ошонун кесепетинен элге жаман корунуп калды Мирбек акебиз
+2
ofcourse
2016-09-07 20:19:06
Мирбек мн гулзадага бербей эле койсо болмок бактияр мн гулнара эмгеги синди/ буларго мейли тынбай эмгектенди гулзада мн мирбек / жаннетта бобкова бир конкурска катышып келгенден кийин эмгек синген наам алып алган..
+3
angel.elhan
2016-09-08 14:46:28
наамдыда сатып ала турган болушкан окшойт кыргыз эли кайсы тарапты коздой бара жатат билбейм акыйкат жок
+4
Surena
2016-09-08 16:29:15
Насип кылсын
-2
Adiyu
2016-09-08 22:44:02
Абдылда, Тынар, Борончуларга берилсе эч ыраазы болмок, гулзада м/н мирбеке эмес
+3
Aygerim_tls
2016-09-08 23:43:14
Эмне жаштар алса жарашпайбы? Эмгеги учун алып жатат да.
-2
Frezia
2016-09-09 15:06:50
Бир айтасыңбы, миң айтасыңбы, ала турган сыйлыктарын алышты. Кудайдын көзү түз болсо болду. Алла буйрусун.
0
Neo
2016-09-21 17:53:26
Мирбек Атабеков менен Гулзада тактыктуу эмес бул наамга
0
Neo
2016-09-21 17:54:24
Канчалаган обончу, ырчылар журушот, 20, 30 жылдан бери сахнадан тушпой, ошолорду неге унутушат биздин чиновниктер
0
MegamozG_91
2016-10-22 01:15:45
Мерген Тургандын кайсы эмгеги учун??Мергенинерге казактар берсин наамды ошол жакта иштеп келип уйундо бодоно бакканы учунбу??
Мирбек татыктуу бирок чынында эрте алганы эле болбосо.Деги мага койсо Абдылда брателлого кош колдоп тапшырат элем.
-1
№ 722, 02-сентябрь-08-сентябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан