Дайыр Исмадияров 31-августта сүйүктүүcү Жанаранын кыз узатуу тоюн концертке айлантты. Ырчы мырза сүйлөшкөн кызын күйөрмандарына көрсөтүп, сахнага алып чыкты. Дайырдын жүрөгүн ээлеген бийкеч Жалал-Абаддын кызы болгондуктан концерт ошол эле шаардын стадионунда болду. Эми түгөйлөр үлпөт тоюн 25-сентябрда Ош шаарында өткөргөнү турат.
"Жанараны сахнага чыгарып баратканда жүрөгүм дүкүлдөп аябай толкундандым. Сүйүктүүмө баш кошуп жатканыма сүйүнүп бактылуу болдум. Концертти элден бата алуу максатында уюштургам, тилегиме жеттим",- дейт Дайыр.
Ошондой эле "Азия Mix" КВН командасынын оюнчусу Ростислав Ященко сүйүктүүсү Натальяга 25-августта үйлөндү. Түгөйлөрдүн тою борбор калаада жакындарынын, досторунун коштоосунда өттү. Баш кошкон түгөйлөргө бакыт каалайбыз!