Тасма таржымалы
Мыкты трюктар, «крутой» машиналар жана катуу ылдамдык... Буларды камтыган «13-район», «Такси» тасмаларын, албетте, «Жүк ташуучу» («Перевозчик») да толуктайт. Мушташтар, куушуу, атышуу, айтор, чеберчилик менен тартылган 94 мүнөттүк тасмада көрөрманды зериктирген учур жокко эсе. Эмесе, тасманын алгачкы бөлүгү тууралуу кеп кылсак.
Режиссёру – Кори Юэн, Луи Летеррье
Сценарийин жазган – Люк Бессон, Роберт Марк Камен
Продюсери – Люк Бессон, Стив Чэсмэн, Дэвид Лаи
Оператор – Пьер Морель
Ролдордо – Жейсон Стетхэм, Ки Шу, Мэтт Шульц, Франсуа Берлен, Рик Янг, Дуг Рэнд, Дидье Сэн Мелин, Тонио Десканвель, Лоран Деспондс, Мэттье Альтбертини жана башкалар
Жанры – Боевик
Сарпталган каражат – 21 миллион доллар
МАЗМУНУ
Башкы ролдогу Фрэнк Мартин убагында аскердик ишти аркаласа, эми Франциянын ар кайсы булуң-бурчуна жүк жеткирип акча табат. Бирок ал жөнөкөй жүк ташуучу эмес. Анткени кандай кыйынчылык болбосун, тез, кынтыксыз жана эч кандай күбөсүз жеткирип бергендиги менен кардарларынын купулуна толуп келет. Албетте, Фрэнктин бул кызматы кооптуу, бирок тапканы аскердик пенсиясына аябагандай эле кошумча. Анын кирешеси заңгыраган үйдө жашоого, кымбат баалуу машина менен жүрүүгө жетет. Бардык профессионал жүк ташуучулардай эле Фрэнктин өзүнүн карманган эрежелери бар: эч качан келишимди бузбоо, ысымдарды атабоо жана жүктү текшербөө. Эрежелерин бузбаса, балким, эч кандай балээ башталбайт беле, айтор, Фрэнк Мартин бул сапар эмнегедир кыймылдап жаткан жүктү текшерип көргүсү келет.
Мына сага! Каптын ичиндеги жүк эмес эле кытай улутундагы Лаи аттуу кыз болуп чыга келет. Болгондо да супсулуу. Бирок «перевозчик» кызды тиешелүү дарекке жеткириши керек. Жүктү тапшырып, кайтарда тапшырма бергендер эрежени бузганы үчүн Фрэнкти өлтүрүүгө аракет жасашат. Жүк ташуучу кийинки эки эрежесин да бузууга аргасыз болуп, иштин аягына чыгууга бел байлайт. Лаинин атасы кытай мафиозиси экенин билип, анын кылмышын ачууну көздөйт. Эми кытай мафиясы жигитти көпкө чейин эсинен чыгара албайт го...
ЖЫЛДЫЗДУУ ФРЭНК
Башкы ролду ойногон Жейсон Стетхэм аталган тасмага чейин «Үнүн катуураак чыгарчы», «Итальянча тоноо», «Каршы туруу» тасмаларына тартылган. Бирок чыныгы атактуулукту ага «Жүк ташуучу» тасмасы алып келди. Актёрдун аталган тасмадан алган кирешеси миллион долларга жеткен. Кийинчерээк тартылган тасманын уландылары андан да көп киреше алып келген. Ал эми фильмге арналган интернет форумдарда тасмадан мурун үстүнөн аппак көйнөк менен костюм-шымды түшүрбөгөн баш каарман аябай көп талкууланат. Алардын биринде мындайча жазылган: «Фрэнк Мартинди көптөгөн мырзалар өздөрүнүн жакын досу, айымдар өмүрлүк жолдошу катары көргүсү келишет. Френк укмуш келишимдүү же аябай сексуалдуу деле эмес. Ал жөн гана жылдыздуу, адамгерчиликтүү, адамга ишенич тартуулаган сапаттары менен өзүнө тартат. Айымдардын «анын жанында эч нерседен кам санабайм» деп айта турган мырзасы – Фрэнктин образы десе болот».
“ЖҮК ТАШУУЧУ – 4” ТАРТЫЛАБЫ?
Тасма көрөрмандардын арасында чоң кызыгууну жараткандыктан, 2005-жылы режиссёр Луи Летеррье “Жүк ташуучу – 2”, ал эми Оливье Мегатон 2008-жылы “Жүк ташуучу – 3” тасмаларын тартышкан. Бул тасмалар биринчисинен да кызыктуу, ары опурталдуу. Ал эми тасманын күйөрмандарынын арасында аталган фильмдин уландысы, башкача айтканда, 4-бөлүгү тартылары тууралуу кеп кызуу талкууланууда. Кандай болгон күндө да, бул тасма көрөрмандарга сиңип, өз ордун таба алды десек болот.
КЫЗЫКТУУ
КАТАСЫЗ КАНТИП БОЛСУН?!
Махабат Догдурбекова
koom@super.kg